25.09.2026 №115

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары боюнча соттордун чечимдерин аткаруу боюнча чаралар жөнүндө

 

А. С. Исмаиловдун кассациялык даттануусунун негизинде чыгарылган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2026-жылдын 12-августундагы  № АД-1020/25абс административдик иш боюнча токтомун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 101-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 42/1 ««Адилет» саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер А. С. Исмаиловдун каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө» чечими жокко чыгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 263  «2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу тууралуу» токтому «Адилет» саясий партиясынан Насиралиев Эржан Алтымышовичтин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайлангандыгын таануу бөлүгүндө жокко чыгарылсын.

3. 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары боюнча Исмаилов Арафат Сайдахматович «Адилет» саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайлангандыгы таанылсын.

4. Ушул токтомдун көчүрмөлөрү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жана Бишкек шаардык кеңешине жөнөтүлсүн.

5. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылсын.

6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитине жарыялансын.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                   Т. Шайназаров

 

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 25-сентябры

№ 115