Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2016-жылдын 31-октябры № 173
Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Кыргыз Республикасынын референдуму
1. Кыргыз Республикасынын референдуму (мындан ары - референдум) - конституциялык мыйзамдын, мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актынын долбоору, ошондой эле мамлекеттик маанидеги башка маанилүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын (мындан ары - референдумдун катышуучуларынын) жалпы элдик добуш берүүсү.
2. Референдум эркин шайлоолор менен бирге катардагы түздөн-түз элдик бийликти билдирүү болуп саналат. Референдум Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өткөрүлөт.
2-берене. Ушул конституциялык Мыйзамда пайдаланылуучу негизги терминдер
1. Ушул конституциялык Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
1) үгүт материалдары - референдумдун маселелери боюнча үгүт белгилерин камтыган (референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча макул же каршы) жана референдум өнөктүгү мезгилинде массалык таратуу, жарыялоо же башка массалык пайдалануу үчүн арналган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар;
2) референдумдун маселелери боюнча үгүт - референдум өнөктүгү мезгилинде жүзөгө ашырылуучу жана референдумдун катышуучуларын референдум өткөрүүгө же аны өткөрүүдөн баш тартууга, референдумда добуш берүүгө же добуш берүүдөн баш тартууга, референдумга коюлган маселени колдоого же четке кагууга түрткү берүү максатындагы иш;
3) референдумга коюлуучу маселе (маселелер) - конституциялык мыйзамдардын, мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле мамлекеттик маанидеги башка маанилүү маселелер;
4) референдумга катышууга болгон укук кепилдиктери - Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга катышууга болгон укугун камсыз кылуунун уюштуруучулук, укуктук, маалыматтык жана башка каражаттары;
5) "макул" топ - референдумга коюлган маселени (маселелерди) жактаган үгүт үчүн жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте катталган референдумдун катышуучуларынын тобу;
6) "каршы" топ - референдумга коюлган маселеге (маселелерге) каршы үгүт үчүн жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте катталган референдумдун катышуучуларынын тобу;
7) референдумдун катышуучусунун инсандыгын ырастоочу документ - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же жарандын жалпы жарандык паспорту;
8) мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы - бийликтин өкүлүнүн милдетин туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча жүзөгө ашыруучу же болбосо мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында уюштуруучулук-тескөөчүлүк, администрациялык-чарбалык, контролдоочулук-көзөмөлдөөчүлүк иш-милдеттерди аткаруучу адам;
9) референдумдун документтери - референдумга катышуучулардын тизмелери, жарактуу, жараксыз, пайдаланылбаган (керектен чыгарылган), бузулган (каталар менен толтурулган) бюллетендер, ошондой эле референдум өткөрүү боюнча шайлоо участогунун жайынан тышкары добуш берүү үчүн референдумдун катышуучуларына берилген бюллетендер, шайлоо комиссияларынын протоколдору, референдумдун маселелери боюнча алардын чечимдери, добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө жыйынды таблицалар, ошондой эле идентификациядан өткөндүгү жөнүндө чектер, идентификация боюнча алгачкы жана жыйынтык отчеттор;
10) демилгечи топ - элдик мыйзам чыгаруу демилгесин ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу мыйзамга ылайык референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелөө үчүн кол чогултууну жана ал юридикалык күчкө киргенге чейин коштоп жүрүүнү жүзөгө ашыруучу жарандардын тобу;
11) референдумду маалыматтык камсыз кылуу - референдумдун маселелери боюнча референдумдун катышуучуларын маалымдоо жана жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө, референдумдун айкындуулугуна көмөктөшүүчү үгүт;
референдумдун катышуучуларына маалымдоо - референдум өнөктүгү мезгилинде референдумдун катышуучуларына референдумга катышууга түрткү берүүгө көмөктөшүүгө, жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө жана референдумдун айкындыгына көмөктөшүүчү маалыматтарды даярдоо жана таратуу боюнча иш. Референдумдун катышуучуларына маалымдоо үгүттүн элементтерин же белгилерин камтууга тийиш эмес;
маалыматтык материал - референдум өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын иши, референдум участоктору, референдумдун катышуучуларынын тизмесин тактоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү, добуш берүүгө катышуу тартиби, добуш берүү тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана референдумдун натыйжаларын аныктоо жөнүндө маалыматты камтыган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар;
12) референдум өткөрүү боюнча комиссиялар (мындан ары - шайлоо комиссиялары) - референдумду даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруучу жана камсыз кылуучу коллегиялык органдар;
13) эл аралык байкоочу - чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун атынан чыгуучу, мыйзамда белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасында референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ болгон адам;
14) байкоочу - "макул" топ, "каршы" топ, саясий партия, коммерциялык эмес уюм тарабынан мыйзамда каралган тартипте референдумду даярдоого, добуш берүүгө, добуштарды эсептөөгө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана референдумдун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүү үчүн дайындалган адам;
15) референдумга катышуу укугу - добуш берүү күнү 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга катышууга, анын ичинде референдумга коюлган маселелер боюнча добуш берүүгө конституциялык укугу;
16) туруктуу жашаган жер - тиешелүү документте каттоону эсепке алуу органдарынын каттоо белгиси менен тастыкталган, жарандын Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери;
17) референдумдун катышуучуларынын тизмеси - добуш берүү күнү референдумга катышуу укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук жана кагаз түрүндөгү тизмеси;
18) референдумдун катышуучусу - добуш берүү күнү 18 жашка толгон, референдумга катышуу укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны;
18-1) референдумдун ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү катышуучусу - шайлоо укуктарын толук кандуу жүзөгө ашырууну чектөөгө алып келген оорулар, жаракаттын кесепеттери же организмдин функцияларынын туруктуу бузулуусу же угуусунун, көрүүсүнүн, таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуусу аркылуу билинген дефекттер менен шартталган, активдүү шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын жараны;
19) оператор - добуш берүү күнүндө референдум өткөрүү боюнча участокто техникалык кызматтарды көрсөтүүчү, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адиси;
20) термопринтер - басылма формасын түзбөстөн, текстти же графиканы электрондук түрдөн аз нуска менен физикалык алып жүрүүчүлөргө которуп алуу үчүн арналган компьютердин перифериялык түзүлүш;
21) добуш берүү үчүн үкөктөр - автоматтык түрдө эсептөөчү урналар же туруктуу үкөктөр, ошондой эле добуш берүү үчүн көчмө үкөктөр;
22) автоматтык эсептөөчү урна - референдумдун катышуучуларынын добуштарын автоматтык саноо үчүн арналган түзүлүш;
23) туруктуу орнотулган үкөк - добуш берүү үчүн тунук урна;
24) добуш берүү үчүн көчмө үкөк - референдумдун катышуучусунун добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүсү үчүн арналган үкөк;
25) бузулуу - автоматтык эсептөөчү урнанын, шайлоочуларды идентификациялоо жабдууларынын убактылуу иштөө жөндөмдүүлүгүн жоготушу;
26) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган;
27) чек - электрондук түрдөн кайра түзүлгөн физикалык алып жүрүүчү, анда басылма формасын түзбөстөн, референдумдун катышуучусунун идентификациялык маалыматтары жөнүндө аз нуска менен маалыматтар чагылдырылат.
2. Ушул конституциялык Мыйзамда пайдаланылган терминдер жана түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын Президентин (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын (мындан ары - Жогорку Кеңештин депутаты) шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларынын бирдиктүү тутумун белгилеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы маанисинде колдонулат.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Референдумду өткөрүү принциптери
1. Референдум төмөнкү принциптердин негизинде өткөрүлөт:
1) референдумга катышуу эркин болуп саналат;
2) добуш берүү ыктыярдуу жана жашыруун болуп саналат жана жалпы, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жүзөгө ашырылат;
3) референдумдун ар бир катышуучусу бирден добушка ээ.
2. Референдум өткөрүүдө, анын ичинде добуштарды эсептөөдө айкындуулук жана коомчулуктун катышуусу камсыз кылынат.
3. Референдумга 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары катышууга укуктуу.
4. Жаранды референдумга катыштырууга же катыштырбоого мажбурлоо максатында эч кимдин таасир тийгизүүгө укугу жок. Жарандын өз эркин билдирүүсүн контролдоого таптакыр тыюу салынат. Референдумдун жүрүшүндө эч ким өз пикирлерин жана ынанымдарын билдиришине же андан баш тартышына мажбурланышы мүмкүн эмес.
5. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, ушул конституциялык Мыйзамга ылайык референдумга катышуу укугуна ээ.
Референдум өткөрүү мезгилинде анын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга катышуу укугу тышкы иштер маселелерин алып барган мамлекеттик орган тарабынан өзүнүн дипломаттык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу камсыз кылынат.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары тышкы иштер маселелерин тескеген органдын сунушу боюнча, турган өлкөнүн тийиштүү органдары менен макулдашуу аркылуу түзүлүүчү референдум участокторунда, эреже катары, Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн аймагында добуш беришет.
6. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерлерде кармалып турган Кыргыз Республикасынын жарандары референдумга катышууга укуксуз.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Референдум жөнүндө мыйзамдар
1. Референдум жөнүндө мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул конституциялык Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзөт.
2. Ушул конституциялык Мыйзамдын жоболору конституциялык мыйзам кабыл алуу жолу менен гана өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн.
4-1-берене. Жашыруун добуш берүү
Кыргыз Республикасында референдумда добуш берүү жарандардын эрк-ниетин билдирүүсүн кандайдыр бир контролдоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу жашыруун болуп саналат.
Добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Референдумду өткөрүүнүн тили
1. Референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө мамлекеттик жана расмий тилдер пайдаланылат.
2. Референдумга коюлуучу маселелердин тексттери, добуш берүү үчүн бюллетендер, референдумдун натыйжалары жөнүндө протоколдор жана маалыматтар, референдумда кабыл алынган чечимдер, мамлекеттик бийлик органдарынын, шайлоо комиссияларынын референдум өткөрүүгө тиешелүү документтери мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлөт (жарыяланат).
6-берене. Референдумду даярдоодогу жана өткөрүүдөгү айкындуулук
1. Референдумду даярдоо жана өткөрүү ачык жана айкын жүзөгө ашырылат. Мамлекет Кыргыз Республикасынын жарандарына референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби менен мөөнөттөрү жөнүндө, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана референдумдун натыйжалары жөнүндө маалымдоону камсыз кылат.
2. Референдумду даярдоого жана өткөрүүгө, референдумга катышуу укугун камсыз кылууга тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартипте жана мөөнөттөрдө расмий жарыяланат.
3. Мамлекет Кыргыз Республикасынын жарандарына, саясий партияларга жана башка коммерциялык эмес уюмдарга, "макул" топторуна жана "каршы" топторуна референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып ушул конституциялык Мыйзамга ылайык референдумдун маселелери боюнча үгүттү эркин жүргүзүүгө кепилдик берет.
7-берене. Референдумга коюлуучу маселелер
1. Референдумга конституциялык мыйзамдардын, мыйзамдардын долбоорлору, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле мамлекеттик маанидеги башка маанилүү маселелер коюлушу мүмкүн.
2. Референдумдун маселеси көптөгөн чечмелөө мүмкүнчүлүгүнө жол берилбегендей жана бир беткей гана жооп бергендей түзүлүүгө тийиш.
8-берене. Референдумга коюлбоочу маселелер
Референдумга төмөнкү маселелер коюлушу мүмкүн эмес:
1) согуш жана тынчтык;
2) Президенттин, Жогорку Кеңештин депутаттарын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу же узартуу;
3) Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо же болбосо мындай шайлоолорду өткөрүү мөөнөттөрүн кийинкиге жылдыруу;
4) салыктарды жана жыйымдарды киргизүү, өзгөртүү жана жокко чыгаруу, ошондой эле аларды төлөөдөн бошотуу;
5) тарифтер жөнүндө;
6) мамлекеттин дин аралашпаган мүнөзүн, Кыргыз Республикасынын унитардыгын жана аймактык бүтүндүгүн өзгөртүү;
7) Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жана чек аралары;
8) аскердик же өзгөчө абал киргизүү;
9) республикалык бюджетти кабыл алуу жана өзгөртүү;
10) мамлекеттик бийликтин өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын кызмат адамдарын шайлоо, дайындоо жана бошотуу менен байланышкан;
11) мунапыс жана ырайым кылуу.
9-берене. Референдум өткөрүүнү болтурбоочу жагдайлар
1. Референдум Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына же анын айрым жерлерине киргизилген аскердик же өзгөчө абалдын шарттарында өткөрүлбөйт.
2. Мазмуну же мааниси боюнча дал ушундай эле маселени кайталаган референдум мурдагы референдумдун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин бир жылдын ичинде кайрадан өткөрүлбөйт.
2-глава. Референдум өткөрүү жана дайындоо демилгеси
10-берене. Референдум өткөрүү демилгеси
1. Референдумду дайындоо жөнүндө маселе Жогорку Кеңеш тарабынан төмөнкүлөрдүн демилгеси боюнча каралышы мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин же болбосо 300 миңден кем эмес шайлоочунун;
2) 10 миң шайлоочунун (элдик демилге);
3) ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн маселеден тышкары, бардык маселелер боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт).
2. Референдумду дайындоонун жана анын натыйжаларын расмий жарыялоонун ортосундагы мезгилде ушул берененин 1-бөлүгүндө айтылган субъекттер жаңы референдум өткөрүү жөнүндө демилге менен чыга албайт.
11-берене. Референдумду дайындоо жөнүндө жарандардын демилгеси
1. Референдумга катышууга укуктуу Кыргыз Республикасынын ар бир жараны же жарандарынын тобу ушул конституциялык Мыйзамда аныкталган маселе (маселелер) боюнча референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүү тууралуу кол чогултуу үчүн саны 10 адамдан кем эмес демилгечи топ түзүшү мүмкүн.
2. Мыйзам чыгаруу демилгеси укугун ишке ашыруу боюнча жарандардын демилгечи тобун түзүү, демилгечи топту жана референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун каттоо, колдорду чогултуу тартиби, кол коюу барагынын формасы, ошондой эле референдумга мыйзам долбоорун киргизүү демилгесин колдогон кол коюу барактарын текшерүү тартиби "Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
12-берене. Референдумду дайындоонун тартиби
1. Референдум Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам формасында дайындалат.
2. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган мыйзам долбоорун кошпогондо, референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50 добушунан кем эмеси менен кабыл алынат.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке мыйзам долбоору келип түшкөн күндөн тартып бир айдан эрте эмес жана 3 айдан кеч эмес мөөнөттө депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
4. Референдум дайындоо жөнүндө мыйзамда референдум өткөрүүнүн датасы жана референдумга коюу үчүн сунушталуучу маселенин (маселелердин) туюнтмасы аныкталат, мында референдум өткөрүүнүн датасы референдум дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 4 айдан кечиктирилбестен, кайсы болбосун дем алыш күнгө дайындалышы мүмкүн.
3-глава. Референдум өткөрүүгө карата даярдык көрүүнүн тартиби
13-берене. Шайлоо комиссиялары
1. Референдумду даярдоону жана өткөрүүнү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга катышуу укуктарын ишке ашырууну жана коргоону төмөнкүлөр жүзөгө ашырат:
1) Борбордук шайлоо комиссиясы;
2) шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык (райондук, шаардык) шайлоо комиссиялары (мындан ары - аймактык шайлоо комиссиялары);
3) ушул конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 2, 3, 4-бөлүктөрүнө ылайык түзүлүүчү шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссиялары жана участкаларда түзүлүүчү участкалык шайлоо комиссиялары (мындан ары - участкалык шайлоо комиссиялары).
2. Шайлоо комиссиялары референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө ушул конституциялык Мыйзамды бузуулар жөнүндө аларга келип түшкөн кайрылууларды өз ыйгарым укуктарынын чектеринде кароого, ошол кайрылуулар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана кайрылууларга жазуу жүзүндө, бирок добуш берүү күнүнүн мурдагы күнүнөн кечиктирбестен 5 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - жоопторду токтоосуз берүүгө милдеттүү.
3. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө: зарыл жабдууларды, транспорт каражаттарын, телефондоштурулган жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (стенддерди, үкөктөрдү, добуш берүү үчүн кабиналарды ж.б.), референдум өткөрүү боюнча документтерди жогору турган шайлоо комиссиясына же болбосо архивге бергенге чейин сактоо үчүн жайларды берүүгө, ошондой эле алардын кайтарылышын камсыз кылууга; зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды берүүгө, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу шайлоо комиссияларынын кайрылууларына жоопторду кечиктирбестен берүүгө, тиешелүү маселени кошумча иликтөө же текшерүү зарыл болгондо - үч күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - токтоосуз жооп берүүгө милдеттүү.
14-берене. Шайлоо комиссияларын түзүүнүн тартиби. Шайлоо комиссияларынын ишин уюштуруу
Борбордук шайлоо комиссиясынын, аймактык шайлоо комиссияларынын, участкалык шайлоо комиссияларынын курамын түзүү тартиби, ошондой эле алардын ишин уюштуруу шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
15-берене. Шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары
Борбордук шайлоо комиссиясынын, аймактык шайлоо комиссияларынын, участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары тууралуу мыйзамдарына ылайык белгиленет.
16-берене. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн статусу
Борбордук шайлоо комиссиясынын, аймактык шайлоо комиссияларынын, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн статусу "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталат.
17-берене. Шайлоо комиссияларынын ишиндеги айкындуулук
Шайлоо комиссияларынын иши шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айкын жана ачык жүзөгө ашырылат.
18-берене. Байкоочу
1. "Макул" топ, "каршы" топ, саясий партия, коммерциялык эмес уюм байкоочу дайындоого укуктуу, ал мыйзамдарда белгиленген тартипте референдумду даярдоого, добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды эсептөөгө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана референдумдун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу.
2. Байкоочу референдумду өткөрүү боюнча тиешелүү комиссияга аны жиберген субъекттен жолдомо келип түшкөндөн кийин, ушул конституциялык Мыйзамда каралган байкоочунун укуктарына жана милдеттерине ээ болот. Жолдомодо байкоочунун фамилиясы, аты жана атасынын аты, туруктуу жашаган жери, ал жиберилген референдум өткөрүү боюнча участкалардын номерлери, шайлоо комиссияларынын аталыштары көрсөтүлөт, ошондой эле ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган чектөөлөрдүн жок экени жөнүндө жазуу жүргүзүлөт. Жолдомо аны жиберген субъекттин мөөрү болгондо жана паспортту же аны алмаштыруучу документти көрсөткөндө жарактуу болот. Байкоочуну жиберүү жөнүндө алдын ала кабарлоо талап кылынбайт.
3. Жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары байкоочу болууга укуктуу.
Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты, мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы, шайлоо комиссиясынын мүчөсү, судьялар, прокурорлор, башка укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматчылары байкоочу болууга укуксуз.
4. Байкоочу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) кандай гана деңгээлде болбосун шайлоо комиссиясынын курамын түзүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
2) референдумга катышуучулардын тизмесин түзүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
3) референдумдун катышуучуларын эсепке алуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
4) референдумду маалыматтык камсыз кылууга байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
5) шайлоо комиссиясында турган референдумга катышуучулардын тизмеси, добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө арыздардын (кайрылуулардын) реестри менен таанышууга;
6) добуш берүү күнү сутканын кандай гана убагында болбосун добуш берүү үчүн жайда болууга;
7) референдумдун катышуучуларынын добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүсүнө катышууга;
8) көпчүлүк алдында, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу референдумду даярдоо жана өткөрүү тууралуу өз пикирин айтууга, билдирүү жасоого;
9) референдумдун кандай гана болбосун участкаларында ары-бери эркин жүрүүгө жана шайлоо комиссиясынын жыйналыштарына катышууга;
10) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузбастан, ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген уюштуруу жана добуш берүү тартибине, анын ичинде шайлоо бюллетендеринин берилишине, референдумга катышуучулардын тизмесине киргизилген референдумдун катышуучуларынын, референдумга катышуучуларга берилген бюллетендердин, керектен чыгарылган бюллетендердин санын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; бюллетендердин мазмунун көрүүнү камсыз кылуучу аралыкта жана шарттарда референдумдун катышуучуларынын добуштарын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; референдумдун катышуучуларынын добуштарын эсептөөдө толтурулган же толтурулбаган кандай гана болбосун бюллетень менен таанышууга; шайлоо комиссиялары тарабынан түзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун жана башка документтердин толтурулушуна байкоо жүргүзүүгө;
11) өзү жиберилген участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына, ал эми ал жокто - аны алмаштырган адамга добуш берүүнү уюштуруу маселелери боюнча сын-пикирлер жана сунуштар менен кайрылууга;
12) өзү жиберилген жиберилген шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга;
13) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
14) өзү жиберилген шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга;
15) тиешелүү шайлоо комиссияларындагы референдумдун катышуучуларынын добуштарын кайра эсептөөгө катышууга;
16) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты жана атасынын аты, шайлоо комиссиясына байкоочуну жиберген субъекттин аталышы белгиленген, үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө;
17) шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга тоскоолдук кылбастан, фото-, көрмө тартууну, укма жазууну жеке жүзөгө ашырууга;
18) өзү катталган референдум участокторунда эркин жүрүүгө жана катышууга.
5. Байкоочу төмөнкүлөргө укуксуз:
1) референдумдун катышуучуларына бюллетендерди берүүгө;
2) референдумдун катышуучусунун өтүнүчү боюнча, бюллетендерди алганы тууралуу ал үчүн кол коюуга;
3) референдумдун катышуучусунун өтүнүчү боюнча, ал үчүн бюллетень толтурууга;
4) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуучу аракеттерди жасоого;
5) шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жүргүзүп жаткан бюллетендерди саноого түздөн-түз катышууга;
6) шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылуучу аракеттерди жасоого;
7) референдумдун катышуучуларынын арасында үгүт жүргүзүүгө;
8) референдум өткөрүү боюнча тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан чечимдерди кабыл алууга катышууга.
6. Байкоочулардын иши шайлоо мыйзамдары менен жөнгө салынат.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-берене. Эл аралык байкоочулар
1. Эл аралык байкоочулар Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жиберилген чакыруу болгондо, референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден кийин, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланат. Чакырууларды жиберүү жөнүндө сунуштар шайлоо мыйзамдары жана референдум маселелери боюнча, ошондой эле адам укуктарын коргоо жаатында адистешкен эл аралык жана улуттук коммерциялык эмес уюмдар тарабынан берилиши мүмкүн.
2. Эл аралык байкоочунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредиттелген күндөн тартып башталат жана референдумдун натыйжалары расмий жарыяланган күнү аяктайт.
3. Эл аралык байкоочулар кандай гана болбосун референдумдун участкаларында ары-бери эркин жүрүүгө жана шайлоо комиссияларынын жыйналыштарында катышууга укуктуу.
4. Эл аралык байкоочулар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) референдумду даярдоо жана өткөрүү жөнүндө өз пикирин көпчүлүк алдында баяндоого;
2) басма сөз конференцияларын өткөрүүгө жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылууга;
3) референдумдун катышуучуларынын добуш берүүсүнүн жашырындуулугун бузбастан, фото-, көрмө тартууну, укма жазууну жүзөгө ашырууга;
4) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты жана атасынын аты, өзү өкүл болгон уюмдун аталышы белгиленген, референдумдун маселелери боюнча үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө;
5) кандай гана деңгээлде болбосун шайлоо комиссиясынын курамдарын түзүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
6) референдумга катышуучулардын тизмелерин түзүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
7) референдумдун катышуучуларын эсепке алуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
8) референдумдун маалыматтык камсыз кылынышына байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга.
5. Эл аралык байкоочулар өз статусун референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүгө байланышпаган ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга укуксуз.
6. Эл аралык байкоочу ушул конституциялык Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы анын аккредитациясын чакырып алууга укуктуу.
7. Эл аралык байкоочулардын иши шайлоо мыйзамдары менен жөнгө салынат.
19-1-берене. Коомдук байкоочулар
1. Коммерциялык эмес уюмдар өздөрүнүн уставдарында белгиленген тартипте референдумга байкоо жүргүзүүгө катышуу жана ага өздөрүнүн коомдук байкоочуларын жиберүү тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.
2. Коомдук байкоочунун ыйгарым укуктары ушул коомдук байкоочу кызыкчылыктарын билдирген коммерциялык эмес уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү жолдомодо аныкталууга тийиш. Жолдомодо коомдук байкоочунун фамилиясы, аты жана атасынын аты, анын жашаган жеринин дареги, байкоочу жиберилген референдум участогунун номери, комиссиянын аталышы көрсөтүлөт, ошондой эле ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган чектөөлөрдүн жоктугу тууралуу жазуу жазылат. Жолдомо коомдук байкоочу Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдун референдумга байкоо жүргүзүүгө катышуу жөнүндө чечиминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн көрсөткөндө жарактуу болот.
Референдумга байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга ниеттенген коммерциялык эмес уюм, коммерциялык эмес уюмду мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсүн тиркөө менен Борбордук шайлоо комиссиясына, аймактык шайлоо комиссиясына билдирме жөнөтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы, аймактык шайлоо комиссиясы референдумга жарандык мониторинг жүргүзүү ниетин жарыялаган коммерциялык эмес уюмдардын тизмегин участкалык шайлоо комиссияларына жөнөтөт.
3. Коомдук байкоочулар ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерди бергенде тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан катталат. Каттоонун шарттары жана тартиби, коомдук байкоочуларды шайлоо комиссияларынын алдында каттоо жөнүндө документтин формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.
Коммерциялык эмес уюм ар бир шайлоо комиссиясында үчтөн ашык эмес коомдук байкоочусун каттоодон өткөрө алат. Мында бир референдум участогунда бир коммерциялык эмес уюмдан бир убакта бир гана коомдук байкоочу боло алат.
4. Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер, саясий, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык жана мамлекеттик муниципалдык кызматчы, шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын өкүлдөрү жана байкоочулары, судьялар, прокурорлор, башка укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматчылары шайлоо комиссияларында коомдук байкоочу болуп дайындала алышпайт.
5. Коомдук байкоочунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аны тиешелүү шайлоо комиссиясы каттаган күндөн тартып башталат жана референдумдун натыйжалары расмий жарыяланган күнү аяктайт.
6. Коомдук байкоочулар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) кандай гана деңгээлде болбосун шайлоо комиссиясынын курамын түзүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
2) референдумдун катышуучуларынын тизмелерин түзүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
3) референдумдун катышуучуларын эсепке алуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
4) референдумду маалыматтык камсыз кылууга байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
5) шайлоо комиссиясында турган референдумдун катышуучуларынын тизмелери, добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө арыздардын (кайрылуулардын) реестри менен таанышууга;
6) добуш берүү күнү сутканын кандай гана убагында болбосун добуш берүү үчүн жайда болууга;
7) референдумдун катышуучуларынын добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүсүнө катышууга;
8) көпчүлүк алдында, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу референдум өнөктүгүн даярдоо жана өткөрүү жөнүндө өз пикирин айтууга, билдирүү жасоого;
9) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузбастан, ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген уюштуруу жана добуш берүү тартибине, анын ичинде добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендеринин берилишине, референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген референдумдун катышуучуларынын, референдумдун катышуучуларына берилген добуш берүү бюллетендеринин, жокко чыгарылган добуш берүү бюллетендеринин санын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; бюллетендердин мазмунун көрүүнү камсыз кылуучу аралыкта жана шарттарда референдумдун катышуучуларынын добуштарын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; референдумдун катышуучуларынын добуштарын эсептөөдө бардык толтурулган же толтурулбаган кандай гана болбосун добуш берүү бюллетендери менен таанышууга; шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун жана башка референдум документтеринин түзүлүшүнө байкоо жүргүзүүгө;
10) өзү жиберилген участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына, ал болбогон учурда - аны алмаштырган адамга добуш берүүнү уюштуруу маселелери боюнча сын-пикирлер жана сунуштар менен кайрылууга;
11) өзү жиберилген шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга;
12) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
13) тиешелүү шайлоо комиссияларындагы референдумдун катышуучуларынын добуштарын кайра саноого катышууга;
14) шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган, өзүнүн статусу, фамилиясы, аты жана атасынын аты, аны шайлоо комиссиясына жөнөткөн уюмдун аталышы берилген төш белгини тагынып жүрүүгө;
15) шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга тоскоолдук кылбастан, фото-, көрмө тартууну, укма жазууну жеке өзү жүзөгө ашырууга;
16) өзү катталган референдум участокторунда эркин жүрүүгө жана катышууга.
7. Коомдук байкоочулар төмөнкүлөргө укуксуз:
1) референдумдун катышуучуларына добуш берүү бюллетендерин берүүгө;
2) добуш берүү бюллетендерин алууда референдумдун катышуучусунун өтүнүчү боюнча ал үчүн кол коюуга;
3) референдумдун катышуучусунун өтүнүчү боюнча ал үчүн добуш берүү бюллетенин толтурууга;
4) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуучу аракеттерди жасоого;
5) шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жүргүзүп жаткан добуш берүү бюллетендерин саноого түздөн-түз катышууга;
6) шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылуучу аракеттерди жасоого;
7) референдумдун катышуучуларынын арасында үгүт жүргүзүүгө;
8) тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечимдерди кабыл алуусуна катышууга.
8. Коомдук байкоочулар өз статусун референдумду даярдоо жана өткөрүү өнөктүгүнө байкоо жүргүзүүгө байланышпаган иштерди жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга укуксуз.
9. Тиешелүү шайлоо комиссиясы коомдук байкоочу ушул конституциялык Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурда, анын каттоосун жокко чыгарууга укуктуу.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү
1. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жазуу жүзүндө табыштама келип түшкөндөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланат.
2. Референдумду даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;
2) шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга;
3) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
4) референдумду даярдоо мезгилинде, ал эми добуш берүү күнү референдумдун катышуучуларынын добуш берүүсүнүн жашыруундуулугун бузбастан, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан аныкталган жерден фото-, көрмө тартууну жүзөгө ашырууга;
5) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты жана атасынын аты, өздөрү өкүл болгон уюмдардын аталышы белгиленген, референдум маселелери боюнча үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлүнүн талабы боюнча шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу же референдумдун натыйжалары жөнүндө протоколдун көчүрмөсүн күбөлөндүрүп берүүгө милдеттүү.
4. Жалпыга маалымдоо каражаттары ушул конституциялык Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы алардын аккредитациясын чакырып алууга укуктуу.
5. Жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлүнүн референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилиндеги иши шайлоо мыйзамдары менен жөнгө салынат.
21-берене. Референдумдун участкаларын түзүү
1. Референдумдун участкалары, алардын схемалары жана чек аралары аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча шайлоо жана шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
2. Референдумдун участкалары референдумга катышууга укугу бар жарандар убактылуу келген жерлерде, тергөө изоляторлорунда, убактылуу камоо изоляторлорунда түзүлүшү мүмкүн.
3. Аскер кызматчылары - Кыргыз Республикасынын жарандары референдумдун жалпы участкаларында добуш беришет. Адаттан тышкары райондук калктуу пункттардан обочолонгон, алыс жайгашкан аскер бөлүктөрүндө референдум участкаларын түзүүгө өзүнчө тартипте жол берилет.
4. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары референдум участоктору тышкы иштер маселелерин тескеген органдын сунушу боюнча, турган өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу аркылуу, эреже катары, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн аймагында түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары участкалык шайлоо комиссиялары турган өлкөнүн аймагында Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн же консулдук мекемелеринин жетекчилери тарабынан түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн референдум участоктору жөнүндө маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн сайттарында алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен жайгаштырылат.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
22-берене. Референдумдун катышуучуларынын тизмелерин түзүү. Референдумдун катышуучуларынын тизмеси менен таанышуу
1. Референдумдун катышуучуларынын укуктарын ишке ашыруу, аларды тактоо, аларды өздөрү жөнүндө маалыматтар менен тааныштыруу, ошондой эле добуш берүүнү өткөрүү максаттарында ар бир участка боюнча референдумга катышууга укуктуу жарандардын тизмелери (референдумдун катышуучуларынын тизмелери) түзүлөт.
2. Референдумдун катышуучуларынын тизмелерин түзүү, алар менен таанышуу тартиби жана шарттары Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
4-глава. Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоодо жана жүргүзүүдө үгүттөө
23-берене. Референдумга коюлган маселелер боюнча референдумду дайындоого макул же каршы үгүттөө
1. Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар жана башка коммерциялык эмес уюмдар мыйзамда жол берилген формаларда жана мыйзамдуу усулдар менен референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүү үчүн макул же каршы тоскоолдуксуз үгүт жүргүзүүгө укуктуу.
Шайлоо комиссиялары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү референдумдун катышуучуларына маалымдоо боюнча зарыл чараларды көрөт.
Маалыматтык материалдар сурдокотормону же субтитрлөөнү колдонуу менен укма-көрмө форматта (санариптик алып жүрүүчүдө) даярдалып, окууга ыңгайлуу чоңойтулган шрифт менен басылып, ошондой эле Брайль арибин жана (же) тексттик файлдарды үн же тактилдик сигналдарга кайра өзгөртүүчү экранда жеткиликтүүлүктү камсыздоочу компьютердик программалар, ошондой эле башка атайын каражаттар орнотулган атайын жабдууну (тифлокаражаттарды) пайдалануу менен даярдалышы керек.
Демилгечи топ референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенге чейин мыйзамда жол берилген формаларда жана мыйзамдуу усулдар менен демилгечи топ тарабынан демилгеленген референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүү үчүн үгүт жүргүзүүгө укуктуу. Референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден кийин демилгечи топ өз ишин токтотот, бирок референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча "макул" топко же "каршы" топко кайра түзүлүүгө укуктуу.
2. Референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын жарандары референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча "макул" же "каршы" үгүт жүргүзүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын жарандары референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден кийин референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча "макул" топту же "каршы" топту түзүүгө укуктуу. Көрсөтүлгөн топтор Борбордук шайлоо комиссиясына каттоо жөнүндө өтүнүч менен кайрылышат, анда топтун мүчөлөрүнүн, ошондой эле топтун атынан аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу адамдардын фамилиясы, аты жана атасынын аты, туулган датасы, жашаган жеринин дареги, паспортунун же аны алмаштыруучу документтин сериясы жана номери көрсөтүлүүгө тийиш.
Борбордук шайлоо комиссиясы 10 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен үгүт боюнча топту каттайт.
3. Үгүт чогулуштарда, митингдерде жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Үгүт жүргүзүүнүн формалары жана усулдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.
4. Үгүт жүргүзүүгө, кандай гана болбосун үгүт материалдарын таркатууга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) өз кызмат ордунун же кызматтык милдеттерин аткарып жатышканда мамлекеттик, муниципалдык кызматчыларга, аскер кызматчыларына;
2) кайрымдуулук уюмдарына жана диний бирикмелерге;
3) шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө;
4) чет өлкөлүк мамлекеттердин жарандарына, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана уюмдарына;
5) жарандыгы жок адамдарга;
6) эл аралык уюмдарга жана эл аралык коомдук кыймылдарга.
5. Референдумдун маселелери боюнча үгүт төмөнкүдөй жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) телерадио берүү уюмдарынын каналдарында жана мезгилдүү басылмалардын беттеринде;
2) массалык иш-чараларды өткөрүү аркылуу (колдонуудагы мыйзамга ылайык чогулуштарда, жолугушууларда, көпчүлүк алдындагы кайым айтышууларда жана талкууларда, митингдерде, демонстрацияларда, көчө жүрүштөрүндө);
3) басма сөз, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таркатуу аркылуу;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка формаларда.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-берене. Референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү мөөнөттөрү
1. Референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө чейин 24 саат калганда аяктайт.
2. Мурда шайлоо комиссияларынын жайынан тышкары илинген басылма үгүт материалдары мурунку орундарында сакталат.
25-берене. Референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча телекөрсөтүүдө жана радиоуктурууда үгүт жүргүзүүнүн шарттары
1. Мамлекеттик телерадио уюмдары референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү үчүн "макул" топко, "каршы" топко бирдей шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.
Телерадио уюмдарынын каналдарында обо убактысы "макул" топко, "каршы" топко бирдей негиздерде фонддун өз фондунан акы төлөө менен, ал эми ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда акысыз берилет.
2. "Макул" топ, "каршы" топ мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында өздөрүнө обо убактысын акысыз алууга укуктуу. Көрсөтүлгөн обо убактысы теле- жана радио программалар эң көп аудитория чогулуучу - саат 20-00дөн 24-00гө чейинки мезгилге туура келүүгө тийиш.
3. Мамлекеттик телерадио уюм "макул" топко, "каршы" топко берүүгө милдеттүү болгон акысыз обо убактысынын жалпы көлөмү жумушчу күндөрү бир сааттан кем эмести түзүүгө тийиш. Мында акы төлөнүүчү обо убактысынын жалпы көлөмүнүн жарымынан кем эмеси "макул" топко, "каршы" топко референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча биргелешкен ачык кайым айтышууларды, башка ушундай үгүт иш-чараларын жүргүзүү үчүн гана берилүүгө тийиш. Акы төлөнүүчү обо убактысынын бул үлүшүн пайдаланууга карата "макул" топ, "каршы" топ бирдей негиздерде жетүүгө тийиш. Биргелешкен үгүттүк иш-чараларына катышуудан баш тартуу ушул бөлүккө ылайык берилүүчү акы төлөнүүчү обо убактысынын көлөмүнүн көбөйүшүнө алып келбейт.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн колдонулушуна туш келбеген телерадио уюмдар референдумдун маселелери боюнча үгүт жүргүзүү үчүн акы төлөнүүчү обо убактысын резервде кармоого милдеттүү. Акы төлөөнүн өлчөмдөрү жана шарттары "макул" топ, "каршы" топ үчүн бирдей болууга тийиш.
5. Обо убактысына акы төлөөнүн өлчөмү жана шарттары жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү үчүн обо убактысын берүүгө даяр экендиги жөнүндө кабарлоо менен, референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү телерадио уюмдары тарабынан жарыяланууга тийиш.
6. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн колдонулушуна туш келбеген телерадио уюмдар "макул" топко, "каршы" топко обо убактысын келишимдик негизде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген нускамага ылайык берүүгө укуктуу.
Обо убактысын берүү үчүн акынын өлчөмү "макул" топ жана "каршы" топ үчүн бирдей болууга тийиш.
"Макул" топко, "каршы" топко берилүүчү акы төлөнүүчү обо убактысынын наркы референдум дайындалган күнгө чейин 6 ай мурда алынып келген нарктан ашык болуусу мүмкүн эмес.
7. "Макул" топтун жана "каршы" топтун сүйлөп жаткан сөздөрүн бөлүүгө, ошондой эле аларды кандайдыр бир чечмелөөлөр менен коштоого тыюу салынат.
8. Адистештирилген телерадио уюмдары (балдар, техникалык, илимий жана башка) алар референдум маселелери боюнча үгүткө толук катышпаган шартта "макул" топко, "каршы" топко үгүт жүргүзүү үчүн обо убактысын берүүдөн баш тартууга укуктуу.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
26-берене. Мезгилдүү басма сөз басылмаларында референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүүнүн шарттары
1. Мамлекеттик басма сөз басылмаларынын редакциялары референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү үчүн "макул" топту, "каршы" топту А4 форматынын бир бетинен кем эмес өлчөмүндө акысыз басма сөз аянты менен тең шарттарда камсыз кылууга милдеттүү.
2. Мамлекеттик эмес мезгилдүү басма сөз басылмалары "макул" топко, "каршы" топко басма сөз аянтын акы төлөө менен тең негиздерде берүүгө милдеттүү. Мында басма сөз аянтынын наркы референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенге чейин 6 айдан мурда алынып келген нарктан ашуусу мүмкүн эмес.
3. Басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана шарттары жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү үчүн басма сөз аянтын берүүгө даяр экендиги жөнүндө кабарлоо менен, референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, мезгилдүү басма сөздүн тиешелүү редакциясы тарабынан жарыяланууга тийиш.
4. Мезгилдүү басма сөз басылмаларында референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү үчүн акы төлөө менен басма сөз аянтын берүү мезгилдүү басма сөз басылмасы менен "макул" топтун, "каршы" топтун өкүлдөрүнүн ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.
5. Адистештирилген мезгилдүү басма сөз басылмаларынын (балдар, техникалык, илимий жана башка) редакциялары алар референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүткө толук катышпаган шартта "макул" топко, "каршы" топко үгүт жүргүзүү үчүн басма сөз аянтын берүүдөн баш тартууга укуктуу.
27-берене. Массалык иш-чаралар аркылуу референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүүнүн шарттары
1. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары "макул" топторго, "каршы" топторго жарандар менен чогулуштарды жана жолугушууларды, көпчүлүк алдында кайым айтышууларды жана талкууларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштурууда жана өткөрүүдө көмөк көрсөтүүгө, массалык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү.
2. Шайлоо комиссиясынын табыштамасы боюнча мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган, массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн жарактуу жайлар шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген убакытка "макул" топтун жана "каршы" топтун жарандар менен жолугушуусу үчүн менчик ээси, ээлик кылуучу тарабынан акысыз берилет.
3. "Макул" топ, "каршы" топ референдумдун катышуучулары менен жолугушууларды өткөрүү үчүн менчигинин түрүнө карабастан, жарандарга жана уюмдарга таандык болгон имараттарды жана жайларды келишимдик негизде ижарага алууга укуктуу.
28-берене. Басылма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын чыгаруунун жана таратуунун шарттары
1. "Макул" топ, "каршы топ" басылма, ошого тете укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын тоскоолдуксуз таратууга укуктуу.
2. Бардык басма сөз, укма-көрмө үгүт материалдары мындай материалдарды даярдаган уюмдун аталышын жана юридикалык дарегин (адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын жана жашаган жерин), ушул материалдарга тапшырык берген уюмдун, жеке ишкердин аталышын (адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын), аларды даярдоо тиешелүү шайлоо фонддун каражаттарынан төлөнгөндүгү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле алардын нускасы жана чыгарылган датасы жөнүндө маалыматты камтууга тийиш. Басма сөз жана башка үгүт материалдарынын нускалары же алардын көчүрмөлөрү аларды таратуу башталганга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүсү керек.
"Макул" топ, "каршы" топ үгүт материалдарынын нускасынын жалпы санынын бир пайызынан кем эмес сандагы бөлүгүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар үчүн үгүт материалдарын сурдокотормо же субтитрлөөнү колдонуп, окууну жеңилдетүү үчүн чоңойтулган арип менен, ошондой эле Брайль арибин же башка атайын каражаттарды колдонуп чыгарууга жана таратууга милдеттүү.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн талаптарын бузуу менен, ошондой эле референдумдун фондунан акы төлөөсүз үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт.
Тиешелүү шайлоо фондунан алдын ала төлөөсүз жана ушул беренеде белгиленген талаптарды бузуу менен үгүт материалдарын даярдоого тыюу салынат.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары референдум өткөрүү боюнча аймактык комиссиялардын сунушу боюнча ар бир участоктун аймагына басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн референдум дайындалган күндөн тартып 35 календардык күндүн ичинде атайын орун бөлүп берүүгө жана жабдууга милдеттүү.
Басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн орундар референдумдун катышуучуларынын келүүсүнө ыңгайлуу болууга, референдумдун катышуучулары анда берилген маалыматтар менен тааныша ала тургандай жайгашууга тийиш. "Макул" топко, "каршы" топко басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бирдей аянт берилүүгө тийиш. Берилген орундардын аянты анда шайлоо комиссиясынын маалыматтык материалдарын жана "макул" топтун, "каршы" топтун басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн жетиштүү болууга тийиш. "Макул" топ, "каршы" топ референдумду өткөрүү боюнча тиешелүү шайлоо комиссиясынан басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн орундардын тизмесин алууга укуктуу.
5. "Макул" топ, "каршы" топ басылма үгүт материалдарын жайларга, имараттарга, курулмаларга жана башка объекттерге көрсөтүлгөн объекттердин менчик ээлеринин, ээлик кылуучуларынын макулдугу менен гана илиши (чапташы) мүмкүн.
6. Басылма үгүт материалдарын тарыхый, маданий же архитектуралык баалуулугу бар эстеликтерге, эскертме такталарга, имараттарга, курулмаларга жана жайларга, ошондой эле шайлоо комиссияларынын жайларына, добуш берүү үчүн жайларга же алардын кире беришине илүүгө (чаптоого) тыюу салынат. Үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн жашыл көчөттөрдү, дарактарды пайдаланууга жол берилбейт.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары референдумдун натыйжалары жарыялангандан кийин 10 календардык күндүн ичинде тиешелүү аймактарды үгүт материалдарынан тазалоону камсыз кылууга милдеттүү.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
29-берене. Референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү укугун кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестик
1. Шайлоо комиссиялары референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүүнүн белгиленген тартибин сактоону контролдойт.
2. Үгүт жүргүзүүдө социалдык, диний, расалык, улуттук жек көрүүнү жана касташууну тутандырган, бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга чакырган, согушту пропагандалаган үгүткө, башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлери менен көпчүлүк алдындагы иш-чараларды жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу менен өткөрүүгө, башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөтү тартылган фото- жана көрмө материалдарды пайдаланууга жол берилбейт.
3. Үгүт жүргүзүүдө "макул" топко, "каршы" топко жана референдумдун башка катышуучуларына уюштуруу ишин аткарууну (кол чогултууну жана башка техникалык иштерди) кошпогондо, референдумдун катышуучуларын сатып алууну жүзөгө ашырууга, аларга акчалай каражаттарды төлөп берүүгө, белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга, товарларды арзандатып сатууларды өткөрүүгө, басылма, анын ичинде референдум өнөктүгү үчүн атайын даярдалган иллюстративдүү материалдарды жана төш белгилерди кошпогондо, кандай гана болбосун товарды акысыз таратууга, ошондой эле акысыз же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүүлөргө тыюу салынат.
4. "Макул" топ, "каршы" топ жана референдумдун башка катышуучулары, башка адамдар жана уюмдар үгүт жүргүзүүдө референдумдун катышуучуларына акчалай каражаттарды, баалуу кагаздарды (анын ичинде добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча) жана башка материалдык жыргалчылыктарды, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү мыйзамда каралгандан башка шарттарда көрсөтүүгө убада берүү менен референдумдун катышуучуларына таасир көрсөтүүгө укуксуз. "Макул" топтун, "каршы" топтун мүчөлөрү жана референдумдун башка катышуучулары референдум дайындалган учурдан тартып жана референдумдун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иши менен алектенүүгө укуксуз. "Макул" топтун, "каршы" топтун же референдумдун башка катышуучуларынын өтүнүчү же тапшырмасы боюнча башка жеке жана юридикалык жактар референдум өнөктүгүнүн мезгилинде кайрымдуулук иши менен алектенүүгө укуксуз.
5. Телерадио уюму, мезгилдүү басма сөз басылмасынын редакциясы, "макул" топ, "каршы" топ жана референдумдун башка катышуучулары референдум маселелери боюнча үгүт жүргүзүүнүн тартибин бузган учурда, шайлоо комиссиясы укук коргоо органдарына, сотко, ошондой эле башка мамлекеттик органдарга укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу жөнүндө жана телерадио уюмун, мезгилдүү басма сөз басылмасынын редакциясын жана алардын кызмат адамдарын, "макул" топтун, "каршы" топтун мүчөлөрүн, референдумдун башка катышуучуларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуштама менен кайрылууга тийиш.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-глава. Добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби. Референдумдун натыйжаларын аныктоо
30-берене. Добуш берүү үчүн жай
1. Добуш берүү үчүн жай участкалык шайлоо комиссиясынын пайдалануусуна мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан акысыз берилет.
2. Добуш берүү үчүн жайда добуш берүү үчүн үкөктөр, жарык берүү системасы жана жазуу буюмдары менен атайын жабдылган кабиналар, мониторлор, манжалардын тактарынын термопринтерлери жана сканерлери, ошондой эле сервердик жана тарамдык жабдуулардын комплекттери жайгаштырылат.
Жарык кылуу системасында альтернативдүү жарык берүү булагы, фонарлар жана шамдар болууга тийиш. Электр жарыгы өчүп калганда добуш берүү (негизги же альтернативдүү жарык булагынын эсебинен) жарык болгонго чейин токтотула турат. Бул учурда участкалык шайлоо комиссиясынын ишине натыйжалуу байкоо жүргүзүү максатында байкоочулар жана башка катышуучулар добуш берүүчү үкөктөрдөн, добуш берүүчү кабиналардан шайлоо комиссиясынын кыймыл-аракети толук көрүнүп турууну камсыздагыдай аралыкта турууга укуктуу.
3. Добуш берүү үчүн жайда же болбосо түздөн-түз анын алдында участкалык шайлоо комиссия тарабынан стенд жабдылып, ага референдумга коюлган маселеге "макул", ошондой эле "каршы" добуш берүү үчүн бюллетендерди толтуруунун үлгүлөрү жайгаштырылат.
Көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү референдумдун катышуучуларына маалымдоо үчүн маалыматтык тактада чоң арип менен жана (же) Брайль арибин колдонуу менен жазылган маалыматтар жайгаштырылат.
4. Добуш берүү үчүн жай добуш берүү үчүн бюллетендерди берүүчү жер, ошондой эле ушул берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн жабдуулар бир убакта референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көз алдында болгудай жабдылууга тийиш.
5. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү референдумдун катышуучуларынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу шарттарын камсыз кылуу, добуш берүү үчүн жайдын максималдуу мүмкүн болгон жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында тиешелүү шайлоо комиссиясы социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү менен бирдикте ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын муктаждык картасын добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күндөн кечиктирбестен түзөт.
Тиешелүү шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрүн тартуу менен, муктаждык картасын түзүүнүн жыйынтыктары боюнча, добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен добуш берүү үчүн жайды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү референдумдун катышуучуларынын керектөө картасында көрсөтүлгөн керектөөлөрүнө ылайык келишин текшерүүнү уюштурат.
Эгерде добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү референдумдун катышуучуларынын кирүүсү үчүн атайын жабдуулар менен жабдылбаса, тиешелүү шайлоо комиссиясы шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына добуш берүү үчүн жайдын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү тууралуу кайрылуу жөнөтөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары аларга шайлоо комиссиялары кайрылган учурда, добуш берүү үчүн жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча токтоосуз чара көрүүгө милдеттүү. Шайлоо комиссиясынын кайрылуусун аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
6. Добуш берүү үчүн жай тоскоолдуксуз кирүү жана анда добуш берүү үчүн, ыңгайлуу келип-кетүүчү жана жөө жүрүүчү жолдорду кошуп алганда, жеке автотранспорт үчүн токтотуучу атайын орундар, имараттын биринчи кабаттарында добуш берүү үчүн жайлардын жайгаштырылышы же болбосо лифттердин болушу, эшиктердин улагасынын кеңдиги, пандустардын болушу (пандусту орнотуу мүмкүн болбогон учурда, жардамга чакыруу баскычтары менен жабдылышы), төшөмөлөр, тактилдик көрсөткүчтөр, жетиштүү жарык менен камсыздалышы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү референдумдун катышуучуларынын талаптарына жооп берүүгө тийиш.
Добуш берүү үчүн жайдагы жабдуулар (столдор, добуш берүү үчүн кабиналар жана үкөктөр), ошондой эле маалыматтык такталар жеткиликтүү жана жашыруун добуш берүүнү камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен жайгаштырылышы керек. Добуш берүү үчүн кабиналар кресло-коляска пайдалануучу референдумдун катышуучуларына тоскоолдуксуз кирүүгө мүмкүндүк берген параметрлерге ылайык келиши жана оптикалык коррекциялоо каражаттары (лупалар, жарыгы бар лупа жана башкалар), кошумча жарык, стул, атайын трафарет менен жабдылышы керек.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
31-берене. Референдумда добуш берүү үчүн бюллетень
1. Референдумга катышуу үчүн референдумдун катышуучусу катуу отчеттуулук документи болуп саналган добуш берүү үчүн бюллетень алат, анын корголуучу даражасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат. Добуш берүү үчүн бюллетендердин саны референдумдун катталган катышуучуларынын санынан 0,1 пайыздан ашуусу мүмкүн эмес.
2. Добуш берүү үчүн бюллетендерди даярдоодо атайын кагаз (суу белгилери бар кагаз же түстүү кагаз) же болбосо атайын боёк пайдаланылат.
3. Добуш берүү үчүн бюллетенде референдумга чыгарылган маселе так айтылууга жана алдына бош квадраттар жайгаштырылган "Макул", "Каршы" деген сөздөр менен добуш берүүчүнүн өз эркин билдирүү варианттары көрсөтүлөт. Референдумга альтернативдүү варианттар чыгарылган учурда добуш берүү үчүн бюллетенде ошондой эле "Бардык варианттарга каршы" деген өз эркин билдирүү варианты көрсөтүлөт. Ар бир варианттын оң жагына бош квадрат жайгаштырылат, мында референдумдун катышуучусу бир гана вариантты тандап алууга укуктуу. Референдумга бир нече маселе чыгарылган учурда алар бир бюллетенге өзүнчө киргизилет же болбосо референдумдун ар бир суроосу үчүн бюллетень өзүнчө даярдалат. Ар бир суроонун тушуна "Макул" жана "Каршы" деген сөздөр менен добуш берүүчүнүн эрк билдирүүсүнүн варианты көрсөтүлөт, анын оң жагында бош квадраттар жайгаштырылат. Добуш берүү үчүн бюллетенде "Бардык варианттарга каршы" деген өз эркин билдирүү варианты да көрсөтүлөт.
4. Добуш берүү үчүн бюллетендин формасы жана тексти Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан референдум өткөрүү күнүнө чейин 20 календардык күн калгандан кечиктирилбестен бекитилет. Добуш берүү үчүн бюллетендин тексти анын бир гана бетинде жайгаштырылууга тийиш.
5. Добуш берүү үчүн бюллетендер референдумду өткөрүү күнүнө чейин 10 календардык күн калгандан кечиктирилбестен, мамлекеттик жана расмий тилдерде басып чыгарылат. Добуш берүү үчүн ар бир бюллетень аны толтуруу жөнүндө түшүндүрүүнү, бюллетенди даярдоочу жана нускасы тууралуу маалыматты камтууга тийиш.
Референдумдун участоктору ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү референдумдун катышуучуларынын добуш берүү үчүн бюллетендерин өз алдынча толтуруу үчүн атайын трафареттер, анын ичинде Брайль ариби колдонулган бюллетендер менен жабдылат.
6. Басмакана добуш берүү үчүн бюллетендердин жараксыздарын иргеп салгандан кийин бюллетендерди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акт боюнча өткөрүп берет. Мында жараксыздарын иргеп салуу Борбордук шайлоо комиссиясынын кеминде 3 мүчөсүнүн, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн байкоосу алдында жүзөгө ашырылат. Жараксыздарын иргеп салууда "макул" топтун, "каршы" топтун 2ден ашпаган өкүлдөрү катышууга укуктуу. Жараксыз деп иргелген жана добуш берүү үчүн ашыкча бюллетендер жок кылынат, бул жөнүндө акт түзүлөт, ага катышкан бардык адамдардын колу коюлат.
7. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн бюллетендерин аймактык шайлоо комиссияларына акт боюнча өткөрүп берет. "Макул" топтун, "каршы" топтун, саясий партиялардын жана башка коммерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү добуш берүү үчүн бюллетендерди өткөрүп берүүдө катышууга укуктуу.
8. Аймактык шайлоо комиссиялары добуш берүү үчүн бюллетендерди участкалык шайлоо комиссияларына акт боюнча өткөрүп берет. "Макул" топтун, "каршы" топтун, саясий партиялардын жана башка коммерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү добуш берүү үчүн бюллетендерди өткөрүп берүүдө катышууга укуктуу.
9. Добуш берүү үчүн бюллетендерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү добуш берүү күнүнө 10 календардык күн калганда, ал эми кайра добуш берген учурда добуш берүү күнүнө - 5 календардык күн калганда, ал эми участкалык шайлоо комиссияларына добуш берүү күнүнө 2-1 календардык күн калганда жүзөгө ашырылат. Участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берилүүчү добуш берүү үчүн бюллетендердин саны участка боюнча референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген референдумдун катышуучуларынын санынын 0,1 пайыздан ашуусу мүмкүн эмес.
10. Добуш берүү үчүн бюллетендер, референдумдун катышуучуларынын тизмелери жана башка документтер, тиешелүү шайлоо комиссиясынын мөөрү сакталып турган атайын сейф (шкаф) турган жай мөөр басылып бекитилет жана ички иштер органдарына кайтарууга өткөрүп берилет. Мында добуш берүү күнү сейф (шкаф) добуш берүү жүзөгө ашырылып жаткан референдум өткөрүү боюнча участканын жайынын ичинде болууга тийиш.
11. Добуш берүү үчүн бюллетендерди ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузуу менен басмакана, шайлоо комиссияларынын жайларынан алып чыгууга, ошондой эле көчүрмөсүн алууга жана таратууга тыюу салынат.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
32-берене. Референдумда добуш берүүнүн тартиби
1. Референдум өткөрүү боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкаркы жерлердеги бардык участкаларда добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 8-00дөн саат 20-00гө чейин жүргүзүлөт. Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясы жарандарды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башка ыкма менен добуш берүү күнүнө 10 календардык күн калгандан кечиктирбестен, ал эми кайра добуш берүүдө добуш берүү күнүнө 7 календардык күн калгандан кечиктирбестен кабардар кылат.
2. Эгерде тизмеге киргизилген, референдумга катышууга укугу бар бардык жарандар добуш берсе, аскер бөлүктөрүндө, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон райондордо, жарандар убактылуу жүргөн жерлерде түзүлгөн участкаларда, участкалык шайлоо комиссиясы жергиликтүү убакыт боюнча 20-00 сааттан мурда добуш берүү аяктады деп жарыялай алат.
3. Референдум өткөрүү күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 7-00дө участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн жайдагы өз жыйналышында чүчү кулак аркылуу төмөнкүлөрдү аткаруучу комиссия мүчөлөрүн аныктайт:
референдумга катышуучулардын электрондук тизмесинде жарандардын идентификациясын оператор менен биргелешип жүргүзөт;
- жарандарды референдумга катышуучулардын кагаздагы тизмесине каттоону жүзөгө ашырат;
- добуш берүү үчүн бюллетендерди берет;
- референдумдун катышуучуларынын жашыруун добуш берүү кабиналарына киришин, добуш берүү үчүн бюллетендерин добуш берүү үкөктөрүнө салышын контролдоону жүзөгө ашырат.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы, ошондой эле участкалык комиссиянын автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды тейлөөчү мүчөсү чүчү кулакка катышпайт.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, байкоочулардын жана башка референдумдун катышуучуларынын катышуусунда, ушул участкадагы референдумга катышуучулардын тизмеси, добуш берүү үчүн бюллетендер жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле орун жайдан тышкары добуш берүүнүн натыйжалары боюнча документтер турган, мөөрлөнүп бекитилген сейфти (шкафты) ачат; сейфтен (шкафтан) референдумга катышуучулардын кагаздагы тизмесин, референдумдун катышуучуларынын электрондук тизмеси бар башка керектүү жабдууну алып чыгат, тизмеге киргизилген референдумга катышуучулардын санын жарыялайт, визуалдуу түрдө катышуучуларга референдумга катышуучулардын кагаздагы жана электрондук тизмелерин салыштырууга мүмкүндүк берет, андан кийин аны добуш берүү күнү референдумдун катышуучуларын каттоого жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесин толтурууга жооптуу болгон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө таратып берет.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы карап чыгуу үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып олтурган байкоочуларга, референдумдун башка катышуучуларына участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен мөөрлөнүп бекитилүүчү (пломбалануучу) ичи бош добуш берүү үкөктөрүн көрсөтөт. Андан кийин мөөрлөнүп бекитилген добуш берүү үкөктөрүнө участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, референдум өткөрүү боюнча участканын номуру, контролдук барактардын добуш берүү үкөгүнө салынган убактысы, участкалык шайлоо комиссиянын төрагасынын, катчысынын жана башка мүчөлөрүнүн фамилиялары көрсөтүлгөн контролдук барактарды салат. Контролдук барактарга ошол адамдардын колдору коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган жана орун жайдан тышкары добуш берүү үчүн берилген добуш берүү үчүн бюллетендеринин саны жөнүндө жарыялайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү байкоочулардын, референдумдун башка катышуучуларынын катышуусунда добуш берүү үчүн бюллетендерин кайра санап чыгат жана санын жарыялайт, андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы катышып отурган адамдарга аларды көрүп таанышуу үчүн берет жана участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган добуш берүү үчүн бюллетендеринин санын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго жана анын чоңойтулган формасына жазат.
Добуш берүү үчүн бюллетендерди кайра санап чыккандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы ведомость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө 100дөн добуш берүү үчүн бюллетендерди берет, алар алганы үчүн кол коюшат жана берилишине жооп беришет.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн бардык учурларда "макул" топтун, "каршы" топтун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, саясий партиялардын жана башка коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышууга укуктуу.
4. Добуш берүү үчүн жайда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү операторлор менен биргелешип референдумдун катышуучусунун биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча аны идентификациялоону жүргүзөт.
Референдумдун катышуучусунун биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча аны идентификациялоо үчүн референдумдун катышуучусунун макулдугу талап кылынбайт.
Мында байкоочулар жана референдумдун башка катышуучулары үчүн көрүнүктүү жерге илинген монитордо төмөнкү маалыматтар чагылдырылат:
- референдумду өткөрүү боюнча участкада референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы саны;
- референдумду өткөрүү боюнча участкада учурда добуш берген референдумдун катышуучуларынын саны;
- жабдуулардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргелешип Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган башка маалыматтар.
Референдумдун катышуучусун идентификациялагандан кийин чек чыгарылат. Чек референдумдун катышуучусу тарабынан чекке добуш берүү бюллетенин алмаштырып берүүчү участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө берилет.
5. Добуш берүү үчүн бюллетендерди алууда референдумга катышуучулардын кагаздагы тизмесине референдумдун катышуучусунун инсандыгын ырастоочу документтин сериясы жана номери жазылып коюлат. Референдумдун катышуучусу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет жана бюллетенди алгандыгы тууралуу референдумга катышуучулардын кагаздагы тизмесине кол коет.
6. Ар бир референдумдун катышуучусу өзү үчүн добуш берет, референдумдун башка катышуучулары үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.
7. Добуш берүү үчүн бюллетень референдумдун катышуучусу тарабынан атайын жабдылган кабинада же башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жабдылган жерде толтурулат. Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган жер добуш берүү үчүн бюллетенди толтурууда добуш берүүчүнүн эркин билдирүүсүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөл жүргүзүүсүн камсыз кылууну эске алуу менен орнотулушу же даярдалышы керек.
8. Эгерде референдумдун катышуучусу добуш берүү үчүн бюллетенди толтурууда ката кетирип алдым деп эсептеген учурда, ал бузулган добуш берүү бюллетенинин ордуна жаңысын берүү өтүнүчү менен участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүү үчүн бюллетенин берген мүчөсүнө кайрылууга укуктуу. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү референдумга катышуучулардын тизмесиндеги ушул шайлоочунун фамилиясынын тушуна тиешелүү белги коюу менен, ага жаңы добуш берүү үчүн бюллетенди берет. Бузулган добуш берүү үчүн бюллетень керектен чыгарылат, бул жөнүндө акт түзүлөт.
9. Эгерде референдумдун катышуучусу референдумга коюлган маселени кабыл алуу үчүн добуш берсе, "Макул" деген сөздүн астындагы квадратка "V" белгисин же кандай гана болбосун башка белги коёт. Эгерде референдумдун катышуучусу референдумга коюлган маселеге каршы добуш берсе, "Жок" деген сөздүн астындагы квадратка "V" белгисин же кандай болбосун башка белги коёт.
Референдумга маселелердин альтернативдүү варианттары коюлган учурда, референдумдун катышуучусу бир гана вариантты тандап алууга укуктуу.
Референдумга бир нече маселелер коюлган учурда, референдумдун катышуучусу ушул бюллетендин башка суроолоруна жоопторуна карабастан, ар бир суроого жооп берүүгө тийиш.
Референдумдун катышуучусу толтурулган добуш берүү үчүн бюллетенди участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көз алдында турууга тийиш болгон добуш берүү үчүн үкөккө салат.
10. Эгерде референдумдун катышуучусу добуш берүү үчүн бюллетенин алганына өз алдынча кол коюуга жана добуш берүү үчүн бюллетенди толтурууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана байкоочуларды кошпогондо, ал башка адамдын жардамынан пайдаланууга укуктуу. Референдумдун катышуучусуна жардам берген адам референдумга катышуучулардын тизмесиндеги "Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүү үчүн бюллетенин алгандыгы тууралуу жарандын колу" деген графада өзүнүн фамилиясын, атын жана атасынын атын көрсөтөт жана кол коет.
Шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн өз алдынча кол коюуга, шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү жок референдумдун катышуучусунун өтүнүчү боюнча дайындалган адам ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн иш-аракеттерди шайлоочунун эркине толук ылайыктуу жасоого милдеттүү.
11. Толтурулган добуш берүү үчүн бюллетендерин референдумдун катышуучулары добуш берүүчү мөөр басылып бекитилген (пломбаланган) үкөктөргө салат. Добуш берүү үчүн бюллетенди добуш берүү үчүн жайдан алып чыгууга тыюу салынат.
Добуш бергендердин саны жөнүндө маалыматтар ар бир 2 саат сайын референдумду өткөрүү боюнча аймактык комиссияга берилет, референдумду өткөрүү боюнча аймактык комиссиянын системалык администратору алынган маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына киргизет жана автоматтык түрдө жарыялап турат. Берилген чектердин санына негизденген, добуш берген референдумдун катышуучуларынын саны жөнүндө биротоло маалыматтар референдум участоктору жабылгандан кийин, бирок бюллетендер салынган урналар ачылганга чейин дароо Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.
12. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайдагы тартипке көз салат. Добуш берүү үчүн жайда коомдук тартип бузулган учурда, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайда коомдук тартипти камсыз кылуу максатында, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жардамга кайрылууга укуктуу, алар тартип орнотулгандан кийин добуш берүү үчүн жайдан чыгып кетүүлөрү керек. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын өз ыйгарым укуктарынын чектеринде берилген, шайлоо жүрүмүнүн катышуучуларынын укуктарын бузбаган тескемелери добуш берүү үчүн жайда тургандардын баары үчүн милдеттүү. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жок болгондо, анын ыйгарым укуктарын участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы же ал тарабынан ыйгарым укук берилген ушул комиссиянын башка мүчөсү аткарат.
13. Эгерде алар шайлоо комиссиясынын ишине же болбосо Кыргыз Республикасынын жаранынын өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылууга, ошондой эле добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузууга аракет кылса, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү токтоосуз анын жумушуна катышуудан четтетилет, ал эми байкоочу же башка адамдар добуш берүү үчүн жайдан сыртка чыгарылат. Бул тууралуу чечим участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жазуу жүзүндө кабыл алынат. Мында комиссия бул адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу.
14. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары добуш берүү күнү коомдук коопсуздукту, коомдук транспорттун, байланыш каражаттарынын үзгүлтүксүз иштешин, добуш берүү үчүн жайларда электр жарыгы жана жылуулук болушун камсыз кылууга милдеттүү.
15. Шайлоо күнү автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү запастык автоматтык эсептөөчү урнаны пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.
Запастык автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү туруктуу орнотулган үкөктү пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.
Автоматтык эсептөөчү урналардын бузулгандыгынын натыйжасында алмашылгандардын иштөө жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилген учурда, аларды добуш берүү күнүнүн ичинде добуш берүү үчүн пайдаланууну улантууга жол берилбейт.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
33-берене. Референдумдун катышуучусунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү тартиби
1. Референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн участкага келе албаган референдумдун катышуучулары; добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды камакка алуучу жерлерде болгон референдумдун катышуучулары; алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо жайгашкан алыскы малчылык участоктордо убактылуу жашаган референдумдун катышуучулары; ошондой эле өзгөчө учурларда, эгерде алардын убактылуу болуусунун жайгашкан жери боюнча референдум өткөрүү боюнча участканын аймагында туруктуу жашаса, тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча добуш берүү күнү калктуу конуштардан обочолонгон, алыскы жерлерде жайгашкан аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери, иш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда иштеген референдумдун катышуучулары, вахта методу менен иштеген референдумдун катышуучулары, үй камагындагы референдумдун катышуучулары өздөрү турган жерде добуш берет. Участкалык шайлоо комиссиялары референдумдун мындай катышуучуларына добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда, добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
2. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүнүн тартиби жана шарттары Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна ылайык жүзөгө ашырылат.
Эгерде референдумдун катышуучусу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгендигине байланыштуу же ден соолугунун абалы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендерин алгандыгына өз алдынча кол кое албаган же добуш берүү үчүн бюллетенди толтура албаган учурда, ал ушул конституциялык Мыйзамдын 32-беренесинин 10-бөлүгүндө каралган тартипте, референдумдун башка катышуучусунун жардамынан пайдаланууга укуктуу.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
34-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол
1. Участкалык, аймактык шайлоо комиссиялары тиешелүү добуш берүү участкасында, аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзөт.
2. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол катуу отчёттуулук документ болуп саналат, анын формасы жана корголуу деңгээли Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
3. Участкалык, аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду толтуруунун формасы жана тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
35-берене. Участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан референдумдун катышуучуларынын добуштарын эсептөө
1. Референдумда добуш берүү убактысы аяктагандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайда болгон гана жарандар добуш берүү үчүн бюллетендерин алышары жана добуш беришери жөнүндө жарыялайт.
2. Референдумдун катышуучуларынын добуштарын эсептөө добуш берүү үчүн бюллетендерди жана референдумга катышуучулардын добуштарын эсептөө боюнча аткарылуучу аракеттердин бардык натыйжаларын ырааттуу жарыя кылуу менен жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдо жана анын чоңойтулган формасында (ал шайлоо комиссиясы тарабынан белгилеген жерге илинет) тиешелүү жол-жоболоштуруу менен шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан гана ачык жана айкын жүргүзүлөт.
Добуштарды эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө процессинде байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан фото жана кино-, көрмө тартуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Референдумдун катышуучуларынын добуштарын эсептөө добуш берүү аяктары менен башталат жана референдумдун катышуучуларынын добуш берүүсү өткөрүлгөн жайда референдумдун жыйынтыктары белгиленгенге чейин танаписи жок жүргүзүлөт. Референдумдун катышуучуларынын добуштарын түздөн-түз эсептөө жүргүзүлүп жаткан жай участкалык шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрүнүн ага жеткиликтүүлүгү камсыз кылынгандай жабдылууга тийиш. Мында эсептөөгө катышкан бардык адамдар үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн кыймыл-аракети толугу менен көзгө көрүнүп тургандай камсыз кылынуусу тийиш.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын кошпогондо, добуштарды эсептөөдө участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө жазуу буюмдарын пайдаланууга тыюу салынат.
4. Добуш берүү үчүн бюллетендерди берүүгө жооптуу участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү калган пайдаланылбаган добуш берүү үчүн бюллетендерди кайра эсептешет, алардын ылдыйкы оң бурчун кесүү жолу менен керектен чыгарышат жана ведомость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына тапшырат жана бул жөнүндө акт түзүлөт. Участкалык шайлоо комиссиясынын сейфинде калган пайдаланылбаган добуш берүү бюллетендери ушундай эле жол менен керектен чыгарылат. Керектен чыгарылган бардык добуш берүү үчүн бюллетендер эсептелет жана пакетке таңгакталат, ал участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү жана анын мүчөлөрүнүн койгон колдору менен бекитилет. Пакетке "Керектен чыгарылган добуш берүү үчүн бюллетендер" деген жазуу жазылат, алардын саны жана референдум өткөрүү боюнча участканын номери көрсөтүлөт.
Добуш берүү үчүн пайдаланылбаган бюллетендердин санынын суммасы катары аныкталып, керектен чыгарылган бардык добуш берүү үчүн бюллетендердин жана референдумдун катышуучулары тарабынан ката толтурулду (бузулду) деп кайтарылып берилген бюллетендердин саны жарыяланат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизилет.
5. Референдумга катышуучулардын добуштарын түздөн-түз эсептөө алдында, участкалык шайлоо комиссиясынын референдумдун катышуучуларын каттоого жооптуу мүчөлөрү референдумга катышуучулардын тизмесинин ар бир бетине тиешелүү суммалык маалыматтарды киргизүүгө милдеттүү.
Суммалык маалыматтар киргизилгенден кийин референдумга катышуучулардын тизмесинин ар бир бетине участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү кол коет, андан кийин бардык маалыматтардын суммасын чыгарат жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп берет. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы референдумга катышуучулардын тизмесинин акыркы бетине бардык беттер боюнча маалыматтардын суммасы катары аныкталуучу жыйынтык маалыматтарды киргизет, аларды өздөрүнүн койгон колу жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрөт.
Референдумдун катышуучуларына берилген добуш берүү үчүн бюллетендердин саны чектерди саноо жолу менен кошумча текшерилет.
Референдумга катышуучулардын тизмеси менен иш жүргүзүлгөндөн кийин референдумдун катышуучуларына берилген добуш берүү үчүн бюллетендердин саны жөнүндө акт түзүлөт. Төраганын колу жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн актынын көчүрмөсү катышып отурган "макул" топтун, "каршы" топтун, саясий партиялардын жана башка коммерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө берилет, андан кийин маалыматтар чоңойтулган формадагы протоколго киргизилет.
Референдумга катышуучулардын тизмеси менен жумуштар жүргүзүлгөндөн кийин, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы катышып отургандарга алар менен көрүп таанышууну сунуш кылат.
Андан кийин референдумга катышуучулардын тизмеси сейфке (шкафка) алынып коюлат.
6. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдөгү добуш берүү үчүн бюллетендерин эсептөөгө киришет. Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүнү жүргүзүүчү мүчөлөрү пломбалардын жана мөөрлөрдүн сакталгандыгын көрсөтүшөт, добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдү кезек-кезеги менен ачышат, андан кийин добуш берүү үчүн бюллетендерди жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, үкөктөрдү мөөрлөп бекитүү учурунда катышкан адамдардын колдору коюлган контролдук барактарын алып чыгат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы контролдук барактарын көрсөтөт.
Добуш берүү үчүн ар бир көчмө үкөктү ачуунун алдында, ошол добуш берүү үчүн үкөктү пайдалануу менен добуш берген референдумдун катышуучуларынын саны жарыяланат. Ар бир көчмө үкөктөгү добуш берүү үчүн бюллетендерди эсептөө өзүнчө жүргүзүлөт.
Эгерде добуш берүү үчүн көчмө үкөктөгү добуш берүү үчүн бюллетендердин саны, добуш берүү үчүн бюллетендердин алынган саны жөнүндө белгиде камтыган референдумдун катышуучуларынын арыздарынын санынан ашыкча экени белгиленсе, ошол добуш берүү үчүн көчмө үкөктө болгон бардык добуш берүү үчүн бюллетендер участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен жараксыз деп таанылат жана ылдыйкы оң бурчун кесүү жолу менен керектен чыгарылат, бул жөнүндө өзүнчө акт түзүлөт. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүнү өткөрүүнү камсыз кылуучу участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн фамилиялары жана аты-жөндөрү көрсөтүлгөн ушул акт добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго тиркелет. Бул добуш берүү үчүн жараксыз бюллетендер өзүнчө таңгакталат жана мөөрлөнүп бекитилет, мында пакетте шайлоо участкасынын номери, үкөктүн номери, добуш берүү үчүн бюллетендердин саны көрсөтүлөт жана "Добуш берүү үчүн көчмө үкөктөн алынган добуш берүү үчүн жараксыз бюллетендер" деген жазуу жазылат.
7. Добуштарды эсептөөдө белгиленбеген формадагы добуш берүү үчүн бюллетендер эсепке алынбайт. Мазмуну жана (же) формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген добуш берүү үчүн бюллетенинин текстине жана формасына ылайык келбеген бюллетендер белгиленбеген формадагы добуш берүү үчүн бюллетендер деп таанылат.
8. Көчмө үкөктөн алынган шайлоо бюллетендери автоматтык эсептөөчү урнага салынат.
9. Референдумдун катышуучуларынын добуштарын түздөн-түз эсептөөнүн алдында участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы автоматтык эсептөөчү урналар боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялайт, бул жөнүндө өзүнчө акт түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго тиркелет жана участоктук шайлоо комиссиясынын бардык катышкан мүчөлөрүнүн, "макул" топтун, "каршы" топтун, саясий партиялардын жана башка коммерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн астында жарыя кылынат.
Автоматтык эсептөөчү урналар добуш берүүнүн бүткүл мезгилинде добуш берүүнүн купуялуулугунун ачылышына жол бербөөгө жана зымдуу жана зымсыз тарамдарга кошулбоого тийиш. Автоматтык эсептөөчү урналардан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды алуу добуш берүү күнү саат 20-00дөн кийин участкалык шайлоо комиссиясынын чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн үкөктөрдөгү добуш берүү үчүн бюллетендерин саноонун башталгандыгы жөнүндө жарыялайт, мөөрдүн (пломбанын) бузулбагандыгын көрсөтөт жана добуш берүү үчүн үкөктөрдү ачат. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүү үчүн бюллетендерин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, эртең менен добуш берүү үчүн үкөктөргө мөөр басууга катышкан башка адамдардын колдору коюлган контролдоо барактарын алып чыгышат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы контролдоо барагын көрсөтөт.
Добуш берүү үчүн бюллетендери добуш берүү үчүн үкөктөрдөн алып чыгарылгандан кийин эсептелет жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго натыйжалары жазылат.
Добуш берүү үчүн үкөктөрдөн алынган добуш берүү үчүн бюллетендеринин саны референдумдун катышуучуларына берилген бюллетендердин санына дал келүүгө же болбосо андан аз болууга тийиш. Эгерде добуш берүү үчүн үкөктөрдө добуш берүү үчүн бюллетендеринин саны референдумдун катышуучуларына берилген бюллетендердин санынан көп болсо, анда участкалык шайлоо комиссиясы себептерин табуу жана четтетүү боюнча чараларды көрөт.
Эгерде себептери табылгандан жана четтетилгенден кийин анык добуш берүү үчүн бюллетендеринин саны добуш берүү үчүн үкөктөрдөгү референдумдун катышуучуларына берилген бюллетендердин санынан көп болсо, добуш берүү үчүн үкөктөрдөгү бардык добуш берүү үчүн бюллетендери участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен анык эмес деп таанылат жана төмөнкү жактагы оң бурчун кесип салуу жолу менен жокко чыгарылат.
10. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүү үчүн көчмө жана туруктуу орнотулган үкөктөрдөн алынып чыккан добуш берүү үчүн бюллетендерди коюлган маселеге "макул", маселеге "каршы", референдумга маселелердин альтернативдүү варианттары коюлган учурда "Бардык варианттарга каршы" позициясы боюнча иргейт. Бир эле убакта участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүү үчүн белгиленбеген формадагы жана жараксыз добуш берүү үчүн бюллетендерди бөлүп коет. Добуш берүү үчүн бюллетендерди иргөөдө участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү референдумдун катышуучуларынын бюллетендеринде камтылган белгилерин жарыялайт жана эсептөөдө катышып тургандардын баарына визуалдык контроль үчүн бюллетендерди көрсөтөт.
11. Иргелген добуш берүү үчүн бюллетендери менен участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн контролу астында байкоочулар, "макул" топтун, "каршы" топтун өкүлдөрү таанышууга укуктуу.
12. Андан кийин белгиленген формадагы добуш берүү үчүн бюллетендер боюнча референдумдун катышуучуларынын референдумга коюлган маселелерге, референдумга альтернативдүү вариант катары коюлган учурда, "Бардык варианттарга каршы" позициясы боюнча берилген добуштарды өзүнчө эсептөө жүргүзүлөт. Иргелген добуш берүү үчүн бюллетендерди эсептөө үн чыгаруу менен, аларды бир пачкадан экинчисине бирден алып коюу жолу менен, эсептөөгө катышкан адамдар угуп же референдумдун катышуучуларынын бюллетениндеги белгисин көрүп тургандай жүзөгө ашырылат. Ар башка пачкалардагы добуш берүү үчүн бюллетендерди бир убакта эсептөөгө жол берилбейт.
Жооптун ар бир варианты жана референдумга маселелердин альтернативдүү варианттары коюлган учурда "Бардык варианттарга каршы" позициясы үчүн берилген добуш берүү үчүн бюллетендердеги референдумдун катышуучуларынын тиешелүү белгилери (добуштары) боюнча аныкталуучу алынган маалыматтар добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизилет.
13. Добуш берүү үчүн жараксыз бюллетендер өзүнчө эсептелет жана кошулат. Референдумга катышуучунун өз эркин билдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон добуш берүү үчүн бюллетендер, ошондой эле добуш берүү үчүн көчмө үкөктөн алынган добуш берүү үчүн жараксыз бюллетендер (эгерде добуш берүү үчүн көчмө үкөктөгү добуш берүү үчүн бюллетендердин саны алынган добуш берүү бюллетендеринин саны жөнүндө белгиси бар референдумга катышуучулардын арыздарынын санынан ашкан факт орун алган болсо) жараксыз деп саналат. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген коргоо белгилери коюлбаган, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлбөгөн жана башка белгиленген белгилерди камтыбаган добуш берүү үчүн бюллетендер да жараксыздардын санына кирет.
Бюллетень жараксыз деп эсептелет, эгерде:
1) референдум суроосу боюнча бир эле учурда бир нече жооп толтурулса;
2) референдумдун суроосу жана референдумдун альтернативдүү суроосу боюнча "Макул" деген жооп бир убакта толтурулса, же "референдумдун суроосу (суроолору) боюнча жооп жана "Бардык варианттарга каршы" деген жооп бир убакта толтурулса;
3) референдумдун бир нече суроосу боюнча жооптун варианттары жана "Бардык вариантка каршы" деген жооп бир убакта толтурулса;
4) референдумдун катышуучусунун билдирген эрки камтылбай калса (толтурулбай калган бюлеттендер).
Эгерде референдумдун суроолорунун бир бөлүгү ушул конституциялык Мыйзамга ылайык толтурулса, ал эми башка бөлүгү жараксыз деп таанылса, референдумдун бир нече суроолору боюнча бюллетень жарактуу деп эсептелет. Добуштарды саноо ушул конституциялык Мыйзамга ылайык толтурулган суроолор боюнча жүргүзүлөт.
Добуш берүү үчүн бюллетенди жараксыз деп таанууда шектенүүлөр пайда болгон учурда, участкалык шайлоо комиссиясы маселени добуш берүү менен чечет, мында добуш берүү үчүн бюллетендин арткы бетине анын жараксыздыгынын себеби көрсөтүлөт жана бул жазуу участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын койгон колу менен тастыкталып, комиссиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Добуш берүү үчүн жараксыз бюллетендердин жалпы саны добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизилет.
14. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүү үчүн жарактуу бюллетендердин санын эсептейт, жарыялайт жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген формадагы протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизет, ал референдумдун катышуучуларынын өз эркин билдирүүнү белгилөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү референдумдун катышуучуларынын белгилери боюнча аныкталат.
15. Участоктук комиссиянын төрагасы добуштарды эсептеп, бардык катышкан адамдарга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн контролдугу астында добуш берүү үчүн бюллетендер менен көрүп таанышууну сунуш кылат. "Макул" топтун, "каршы" топтун өкүлүнүн же байкоочунун талаптары боюнча добуштарды кайра эсептөө жүргүзүлөт. "Макул" топтун, "каршы" топтун өкүлүнүн же байкоочунун түздөн-түз катышуусунда жана алар тарабынан көрүп контролдоо мүмкүнчүлүгү берилүү менен добуш берүү үчүн бюллетендер кайра саналат. Мында добуш берүү үчүн бюллетендерди кайра эсептөө үн чыгаруу менен жүргүзүлөт.
16. Андан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тартипке ылайык, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго киргизилген маалыматтардын контролдук карым-катышын текшерүүнү жүргүзөт.
17. Добуштарды эсептөө жүргүзүлгөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналыш өткөрөт, анда добуш берүүдөгү жана референдумдун катышуучуларынын добуштарын эсептөөдө тартип бузуулар жөнүндө келип түшкөн арыздар (даттануулар) каралат, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алынат. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана келип түшкөн арыздар (даттануулар) боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын кабыл алган чечимдерине макул болгон арыз ээлери тарабынан участкалык шайлоо комиссиясынын протоколуна кол коюлат. Участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюуда протоколдун мазмуну менен макул болбогон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзгөчө пикирин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлгөндөн кийин, добуш берүү үчүн иргелген бюллетендер, референдумдун катышуучуларынын тизмелери өзүнчө пакеттерге таңгакталат, аларда шайлоо участкасынын номери, добуш берүү үчүн бюллетендердин саны, референдумдун катышуучуларынын тизмелеринин аталыштары көрсөтүлөт. Пакеттер мөөрлөнүп чапталат, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колдору коюлат жана өзүнчө мүшөккө же кутуга салынат. Мүшөктө же кутуда шайлоо участкасынын номери жана анын ичиндеги документтердин тизмеги көрсөтүлөт. Мүшөк же куту участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колдору коюлуу менен мөөрлөнүп чапталат. Добуш берүү үчүн бюллетендерди, референдумдун катышуучуларынын тизмелерин таңгактоо, ошондой эле аларды мүшөккө же кутуга салуу "макул" топтун, "каршы" топтун өкүлдөрүнүн же байкоочулардын катышуусунда жүзөгө ашырылат, аларга да мүшөккө же кутуга өз колдорун коюу мүмкүнчүлүгү берилет. Пакет, мүшөк же куту жогору турган шайлоо комиссиясынын же соттун чечими боюнча гана ачылышы мүмкүн.
18. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол эки нускада толтурулат жана кол коюлган датаны жана убакытты (саатты, мүнөттү) көрсөтүү менен, участкалык шайлоо комиссиясынын катышып олтурган бардык мүчөлөрүнүн колдору коюлат. Эгерде ага участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү кол койсо, протокол жарактуу болуп саналат. Протоколго кол коюуда участкалык шайлоо комиссиясынын протоколдун мазмуну менен макул эмес мүчөлөрү протоколго өзгөчө пикирлерин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат.
19. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин, добуш берүүнүн жыйынтыктары участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышып отурган мүчөлөрүнүн, "макул" топтун, "каршы" топтун өкүлдөрүнүн, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн алдында токтоосуз жарыяланат.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жарыялангандан кийин, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн референдумдун катышуучуларын жана автоматтык эсептөөчү урналарды идентификациялоо жөнүндө баштапкы, жыйынтыктоочу чектер автоматтык эсептөөчү урналар аркылуу сканерлөө жолу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине жөнөтүлөт.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол ката толтурулуп калган учурда, комиссия тиешелүү акт түзөт, ал да сканерленет жана кайтадан толтурулуп, кол коюлган добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине жөнөтүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине келип түшкөн сканерленген документтер, протоколду толтуруунун тууралыгы ылайык келе тургандыгы текшерилгенден кийин, системалык администратор тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланат.
20. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин анын биринчи нускасы добуш берүү үчүн бюллетендерди, референдумдун катышуучуларынын тизмелерин, арыздарды (даттанууларды), алар боюнча кабыл алынган чечимдерди, участкалык шайлоо комиссиясы түзгөн актыларды кошуп алганда, референдум өткөрүү боюнча документтер менен бирге участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири тарабынан "макул" топтун, "каршы" топтун өкүлдөрүнүн коштоосунда токтоосуз аймактык шайлоо комиссиясына жеткирилет.
21. Протоколдун экинчи нускасы, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү комиссиянын иши аяктаганга чейин алардын аныктыгы жана сакталышы үчүн мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти тартуучу участкалык шайлоо комиссиясынын катчысында сакталат.
22. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун чоңойтулган формасы көпчүлүктүн таанышуусу үчүн участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген жерге илинип коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын иши аяктаганга чейин сакталат.
23. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин, участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы добуштарды эсептөөгө катышкан ар бир адамга добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
36-берене. Аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө
1. Участоктук шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун биринчи нускалары, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кол койгондон кийин ушул конституциялык Мыйзамдын 35-беренесинин 20-бөлүгүндө көрсөтүлгөн референдумдун документтери менен бирге тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруучу аймактык шайлоо комиссиясына акт боюнча токтоосуз өткөрүлүп берилет.
2. Аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынан түздөн-түз келип түшкөн протоколдордун негизинде аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун туура түзүлгөнүн алдын ала текшергенден кийин, аймактык шайлоо комиссиясы бардык участкалык шайлоо комиссияларынын маалыматтарын кошуу жолу менен тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аймактык шайлоо комиссиясы жыйынды таблица жана протокол түзөт, аларга участкалык шайлоо комиссияларынын саны, келип түшкөн протоколдордун саны жөнүндө маалыматтар киргизилет, алардын негизинде добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун кошулган маалыматтары түзүлөт.
Тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюунун алдында, аймактык шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрөт, анда добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды эсептөөгө жана участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун түзүүгө байланыштуу комиссияга келип түшкөн арыздар (даттануулар) каралат. Шайлоо комиссиясы ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алат, андан кийин шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана келип түшкөн арыздар (даттануулар) боюнча шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимдерге макул болгон арыз ээлери шайлоо комиссиянын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюшат. Аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюуда протоколдун мазмунуна макул болбогон шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзгөчө пикирин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жүргүзүлөт. Андан кийин шайлоо комиссиясы тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коет. Андан кийин референдум өткөрүү боюнча комиссия участкалык шайлоо комиссиясынын протоколдорун шайлоо маалымат тутумуна киргизет.
3. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу эки нускада түзүлөт жана аймактык шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрүнүн колдору коюлат. Протоколдорго тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө эки нускада түзүлгөн жыйынды таблица, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери, ошондой эле келип түшкөн арыздар (даттануулар) жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер тиркелет.
4. Шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасы кол коюлгандан кийин, жыйынды таблицанын биринчи нускасы менен бирге, Борбордук шайлоо комиссиясына токтоосуз жөнөтүлөт.
5. Протоколдун экинчи нускасы референдумдун бардык документтери менен бирге, архивге берилгенге чейин аймактык шайлоо комиссиянын катчысы тарабынан кайтарылуучу жайда сакталат.
6. Референдумдун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун чоңойтулган формасы жалпыга тааныштыруу үчүн аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан белгилеген жерге илинип коюлат жана комиссиянын жумушу аяктаганга чейин сакталат.
7. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордо жана (же) жыйынды таблицаларда каталар, дал келбестиктер табылган же аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун түзүлүшүнүн тууралыгына шек пайда болгондо, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссиясы тарабынан добуштарды кайра эсептөөнү жүргүзүүсү тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу. Кайра эсептөө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн (мүчөлөрүнүн) милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт. Кайра эсептөөдө демилгечи топтун, "макул" топтун, "каршы" топтун, саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар катышууга укуктуу. Референдумдун катышуучуларынын добуштарын кайра эсептөөнүн жыйынтыктары боюнча шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол түзөт, ага "Добуштарды кайра эсептөө" деген белги коюлат. Протокол Борбордук шайлоо комиссиясына токтоосуз жөнөтүлөт.
8. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин, участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы добуштарды эсептөөгө катышкан ар бир адамга добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
37-берене. Референдумдун натыйжаларын аныктоо
1. Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын тиешелүү аймактар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен добуш берилген күндөн тартып 35 календардык күндөн кечиктирбестен референдумдун натыйжаларын аныктайт.
Борбордук шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналышты өткөрөт, анда референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү бузуулар жөнүндө келип түшкөн бардык арыздарды (даттанууларды) карайт, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алат.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы референдумдун натыйжалары жөнүндө протокол түзөт, ага алардын негизинде референдумдун жыйынтыктары, өзүнөн түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын саны жөнүндө маалыматтар, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунун жалпы кошунду маалыматтары боюнча жыйынды таблица аныкталуучу келип түшкөн протоколдордун маалыматтары киргизилет.
3. Эгерде референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген референдумдун катышуучуларынын 30 пайызынан көбү добуш берүүгө катышса, Борбордук шайлоо комиссиясы референдумду болуп өттү деп тааныйт.
Эгерде добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын жарымынан көбү коюлган маселе үчүн добуш берсе, Борбордук шайлоо комиссиясы чечимди референдумда кабыл алынган деп тааныйт.
Референдумга маселелердин альтернативдүү варианттары коюлганда жана ал варианттардын бири да добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын добуштарынын жарымынан көбүн албаган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын алда канча көп санда добушу берилген маселенин вариантынын бири кабыл алынды деп тааныйт.
Референдумга маселелердин альтернативдүү варианттары коюлганда жана добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын жарымынан көбү бардык варианттарга каршы добуш берген учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы маселелердин бардык варианттары четке кагылды деп тааныйт.
Добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын саны добуш берүү үчүн үкөктөрдөн алынган бюллетендердин саны боюнча аныкталат.
4. Аймактык шайлоо комиссиясы участкалардагы добуш берүүнүн жыйынтыгын төмөнкү учурларда жараксыз деп тааныйт:
1) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө учурунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын так белгилөөгө мүмкүнчүлүк бербеген бузуулар орун алса;
2) эгерде добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө учурунда, референдумдун катышуучуларынын өз эркин билдирүүгө таасир тийгизүүчү бузуулар орун алса;
3) жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;
4) соттун чечими боюнча.
Референдум өткөрүү боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары участкада жараксыз деп таанылган учурда, референдумдун натыйжалары референдум өткөрүү боюнча калган участкалардагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат. Референдумдун натыйжаларына таасир тийгизүүчү референдум өткөрүү боюнча бир же бир нече участкада добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган учурда, бул участкаларда тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан кайра добуш берүү дайындалган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттө кайра добуш берүү өткөрүлөт.
Добуш берүү, добуштарды эсептөө, референдум өткөрүү боюнча участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду түзүү тартиптерин бузуу референдумдун катышуучуларынын добуштарынын жыйынтыгын так белгилөөгө мүмкүнчүлүк бербеген бузуулар деп түшүнүлөт.
Референдумду өткөрүү боюнча участокто добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн же добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн жүрүшүндө референдумдун катышуучуларынын өз эркин билдирүүлөрүнө таасир этүүчү, добуш берүү күнү үгүттөө, жарандардын референдумга катышуу укуктарын жүзөгө ашыруусуна, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, референдумдун катышуучуларын сатып алуу менен байланышкан бузуулар референдумдун катышуучуларынын өз эркин билдирүүгө таасир тийгизүүчү тартип бузуулар деп түшүнүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкү учурларда референдумдун натыйжаларын жараксыз деп тааныйт:
1) эгерде добуш берүүгө катышкандардын жалпы санынын референдумдун катышуучуларынын үчтөн бирден ашыгын камтыган референдум өткөрүү боюнча участкалардын бөлүгүндө добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылса;
2) соттун чечими боюнча.
38-берене. Кайра добуш берүү
1. Референдум өткөрүү боюнча бир же бир нече участкада добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган учурда, ошол участкалардагы тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан кайра добуш берүү дайындалган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттө кайра добуш берүү өткөрүлөт.
2. Референдум өткөрүү боюнча бир же бир нече участкаларда кайра добуш берүү бир айдын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат жана тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан жүргүзүлөт.
3. Кайра добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө билдирүү кайра добуш берүүнү дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин 7 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
39-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана референдумдун натыйжаларын жарыялоо. Референдумда кабыл алынган чечимдин күчүнө кириши
1. Шайлоо комиссияларынын иши жайылтылган референдумдун ар бир участкасы, аймагы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары Борбордук шайлоо комиссиясынын жана төмөн турган шайлоо комиссияларынын түздөн-түз протоколдорунда камтылган маалыматтардын көлөмүндөгү референдумдун натыйжалары референдумдун катышуучуларына, "макул" топтун, "каршы" топтун өкүлдөрүнө, байкоочуларга, эл аралык байкоочуларга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө алардын талаптары боюнча таанышуу үчүн берилет.
Референдум өткөрүү боюнча ар бир участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыктары Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөнүнө жараша Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына токтоосуз жайгаштырылат.
Автоматтык эсептөөчү урналардан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылган маалыматтар юридикалык мааниге ээ эмес, алдын-ала маалымат болуп саналат.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы референдумдун жыйынтыктары жөнүндө жалпы маалыматтарды, референдумдун жыйынтыктары аныкталгандан кийин, бир сутканын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жиберет.
3. Референдумдун натыйжаларын, ошондой эле анын негизинде референдумдун натыйжалары аныкталган өзүнөн төмөн турган шайлоо комиссияларынын добуш берүү жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунда камтылган, референдумга коюлган маселеге (маселелерге) "макул", "каршы" берилген референдумдун катышуучуларынын добуштарынын саны жөнүндө маалыматтарды расмий жарыялоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан референдумдун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
4. Эгерде референдумдун маселесинин туюнтмасында башкача каралбаса, референдумда кабыл алынган чечим ал расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Референдумда кабыл алынган чечим, эгерде чечимдин өзүндө андай чечимди жокко чыгаруунун же өзгөртүүнүн башка тартиби көрсөтүлбөсө, жаңы референдумда чечим кабыл алуу жолу менен жокко чыгарылышы же өзгөртүлүшү мүмкүн.
40-берене. Референдумда кабыл алынган чечимдин юридикалык күчү
1. Референдумда кабыл алынган чечим жалпыга милдеттүү болуп саналат, кошумча бекитилүүгө муктаж эмес жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
2. Эгерде референдумда кабыл алынган чечимди ишке ашыруу үчүн кошумча ченемдик укуктук актыны чыгаруу талап кылынса, аталган маселе компетенциясына кирген мамлекеттик бийлик органы референдумда кабыл алынган чечим күчүнө кирген күндөн тартып 15 күндүн ичинде көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыны даярдоо мөөнөтүн аныктоого милдеттүү.
41-берене. Референдумдун документтерин сактоо
1. Участкалык шайлоо комиссияларынын документтери, анын ичинде көктөлгөн, мөөр менен күбөлөндүрүлгөн жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн колдору коюлган добуш берүү бюллетендеринин айырма бөлүктөрү референдумдун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кечиктирилбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилет.
2. Референдум өткөрүү боюнча бардык документтер аймактык шайлоо комиссияларында бир жыл сакталат, андан кийин тиешелүү архивдик мекемеге туруктуу сактоого өткөрүлөт.
3. Борбордук шайлоо комиссиясынын документтери, референдумдун жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн тартып бир жылдан кийин архив иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга туруктуу сактоого өткөрүлөт.
6-глава. Референдумду каржылоо
42-берене. Референдум өткөрүүнү финансылык жактан камсыз кылуу
1. Референдумду каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Каржылоонун тартиби Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзамдарында белгиленет.
2. Референдум жөнүндө мыйзамдарды, маалыматтык, билим берүү, илимий-изилдөө программаларын, референдумду техникалык жактан даярдоону өркүндөтүү, референдумдун катышуучуларынын укуктук маданиятын жогорулатуу программаларын каржылоону кошпогондо, чет мамлекеттер, чет өлкөлүк мамлекеттик органдар, мекемелер жана ишканалар, башка чет өлкөлүк юридикалык жактар, алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, чет өлкөлүк жарандар, эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар катышуучусу болуп саналган, Кыргыз Республикасында каттоодон өткөн юридикалык жактар тарабынан референдумду каржылоого тыюу салынат.
43-берене. Демилгечи топтун, "макул" топтун, "каршы" топтун фонддору
1. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан катталгандан кийин демилгечи топ, "макул" топ, "каршы" топ финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындоого милдеттүү.
Ыйгарым укуктуу өкүлдөр каттоодон өткөндөн кийин демилгечи топ, "макул" топ, "каршы" топ референдумду демилгелөө боюнча кампанияны, референдумдун кампаниясынын жүрүшүндө үгүт иштерин каржылоо үчүн өздөрүнүн фонддорун (мындан ары - фонддор) түзүшөт.
2. Фонддор ушул берененин 3-бөлүгүндө саналган адамдарды кошпогондо, жарандардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктарынын акчалай каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн.
3. Фонддорго төмөнкүлөрдүн ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарды берүүсүнө тыюу салынат:
1) чет мамлекеттердин, чет өлкөлүк мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, башка чет өлкөлүк юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн, чет өлкөлүк жарандардын, эл аралык уюмдардын, чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар катышуучусу болуп саналган, Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактардын;
2) жарандыгы жок адамдардын;
3) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;
4) мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын;
5) уставдык капиталда мамлекеттик же муниципалдык үлүшү бар, ошондой эле салыктарды, жыйымдарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча жеңилдиктерден пайдалануучу юридикалык жактардын;
6) аскер бөлүктөрүнүн, аскер мекемелеринин жана уюмдардын;
7) укук коргоо органдарынын, соттордун;
8) кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдардын;
9) диний уюмдардын;
10) атын атабаган кайрымдуулуктар (атын атабай кайрымдуулук кылуучу деп өзүнүн төмөнкү маалыматтарынын бирин: фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган жеринин дарегин, паспорттук маалыматтарын көрсөтпөгөн, ошондой эле эгерде өзү жөнүндө анык эмес маалыматтарды көрсөткөн жаран түшүнүлөт);
11) юридикалык жакты түзбөстөн, ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу, мамлекеттик бюджеттин же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдында карызы бар жеке жактардын.
Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактардан фонддорго акча каражаттары келип түшкөн учурда, соттун чечими боюнча банктык же башка мекемелер бул каражаттарды Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна которууга милдеттүү, алар өз кезегинде бул каражаттарды мамлекеттик бюджетке же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которот.
4. Фондду түзүүчү бардык акча каражаттары банктык же башка мекеменин атайын эсебине которулат. Ушул эсеп Борбордук шайлоо комиссиясынын уруксаты менен демилгечи топтун, "макул" топтун, "каршы" топтун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан ачылат. Фондго келип түшкөн акча каражаттары улуттук валютада гана кабыл алынууга тийиш. Көрсөтүлгөн эсептер боюнча кирешелер чегерилбейт жана төлөнүп берилбейт.
5. Банктык же башка мекемелердин тизмеги, фонддордун каражаттары боюнча көрсөтүлгөн эсептерди ачуунун, эсепке алуунун жана отчёттуулуктун тартиби банктык же башка мекемелер менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.
6. Фонддордун каражаттарын колдонуу укугу аларды түзгөн демилгечи топко, "макул" топко, "каршы" топко таандык.
7. Фонддордун каражаттары максаттуу багытка ээ жана референдум өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн.
8. Фонддордун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланышы мүмкүн:
1) референдумду дайындоо демилгесин колдоо үчүн кол чогултууга багытталган уюштуруу-техникалык чараларды, референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча макул же каршы үгүттөөнү каржылык жактан камсыз кылуу;
2) референдум кампаниясын өткөрүүгө түздөн-түз байланышкан жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаргандыгы (көрсөткөндүгү) үчүн жеке жана юридикалык жактардын эмгегине акы төлөөгө;
3) жайларды, жабдууларды ижарага алууга, иш сапардык чыгымдарга, кызмат көрсөтүүлөргө, байланыш кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө, кеңсе товарларын сатып алууга жана референдум өнөктүгүн өткөрүүгө түздөн-түз байланыштуу башка чыгымдарга акы төлөөгө.
Демилгечи топко, "макул" топко, "каршы" топко референдумдун катышуучуларынын колдорун чогултуу боюнча жумуштарга акы төлөө үчүн башка каражаттарды пайдаланууга, референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча макул же каршы үгүт жүргүзүүгө, алардын фонддоруна келип түшкөн каражаттардан тышкары башка иш-чараларды жүзөгө ашырууга тыюу салынат.
Юридикалык жактар, алардын филиалдары, өкүлчүлүктөрү, ошондой эле жеке жактар тарабынан референдумга түздөн-түз же кыйыр байланышкан жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, товарларды сатууну акысыз аткарууга же негизсиз арзандатылган баалар боюнча аткарууга тыюу салынат.
9. Эгерде демилгечи топ кол топтоодо же референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизүү үчүн үгүт жүргүзүү мезгилинде, ошондой эле "макул" топ, "каршы" топ референдумга коюлган маселе (маселелер) боюнча үгүттөө мезгилинде, фонддон тышкары башка иш-чараларда башка каражаттарды пайдаланган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте администрациялык жаза чараларын салуу жөнүндө сунуштама менен сотко кайрылууга укуктуу.
10. Банктык же башка мекемелер жума сайын, ал эми Борбордук шайлоо комиссиянын талабы боюнча - демилгечи топтун, "макул" топтун же "каршы" топтун атайын эсебине келип түшкөн каражаттар жана алардын сарпталышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына 24 сааттын ичинде маалымат берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн маалыматтар келип түшкөнүнө жараша Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан милдеттүү түрдө жекече маалыматтар жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен расмий сайтка жайгаштырылууга тийиш.
11. Референдум боюнча өнөктүгүнө байланышкан белгилүү жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу (көрсөтүү) жөнүндө жеке жана юридикалык жактар менен келишимдер (макулдашуулар) демилгечи топтун, "макул" топтун, "каршы" топтун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан жекече түзүлөт.
Демилгечи топтун бардык финансылык операциялары, анын ичинде атайын эсептер боюнча жеке жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөрү референдумду дайындоо тууралуу мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат. Демилгечи топтун ыйгарым укуктуу өкүлү менен юридикалык жактардын ортосундагы белгилүү жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаргандыгы (көрсөткөндүгү) үчүн эсептешүүлөр накталай эмес тартипте гана жүзөгө ашырылат.
"Макул" топтун, "каршы" топтун бардык каржы операциялары, анын ичинде атайын эсептер боюнча жеке жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөрү добуш берилүүчү күндөн мурунку күнү саат 18-00дө токтотулат. Белгилүү жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаргандыгы (көрсөткөндүгү) үчүн "макул" топтун жана "каршы" топтун ыйгарым укуктуу өкүлү менен юридикалык жактардын ортосундагы эсептешүүлөр накталай эмес тартипте гана жүзөгө ашырылат.
12. Демилгечи топ референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн кийин 30 календардык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясына өзүнүн фондун түзүүнүн өлчөмдөрү жана булактары, ошондой эле бардык жүргүзүлгөн сарптоолор жана төлөмдөр тууралуу отчёт берүүгө милдеттүү. Отчёттор жөнүндө маалыматтар келип түшкөн күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирилбестен, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан милдеттүү түрдө расмий сайтка жайгаштырылууга тийиш.
"Макул" топ, "каршы" топ референдумдун жыйынтыктары жарыялангандан кийин 30 календардык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясына өзүнүн фондун түзүүнүн өлчөмдөрү жана булактары, ошондой эле жүргүзүлгөн бардык сарптоолор жана төлөмдөр тууралуу отчёт берүүгө милдеттүү. Отчёттор жөнүндө маалыматтар келип түшкөн күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирилбестен, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан милдеттүү түрдө расмий сайтка жайгаштырылууга тийиш.
13. Демилгечи топ, "макул" топ, "каршы" топ атайын эсептеги сарпталбаган акча каражаттарынын калганын кайрымдуулукту жүзөгө ашыруучу уюмдардын жана адамдардын эсептерине, алардын салган каражаттарына пропорционалдуу түрдө кайра которууга милдеттүү.
14. Демилгечи топтун, "макул" топтун, "каршы" топтун фондундагы каражаттарга ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарына жана көрсөтүлгөн фондго которууларга салык салуунун, ошондой эле анын чыгымдарынын тартиби Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленет.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-глава. Референдум жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
44-берене. Шайлоо комиссияларынын референдумдун субъекттеринин референдумга катышуу укугун бузган чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу
1. Шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын референдумдун субъекттеринин референдумга катышуу укугун бузган чечимдери жана (же) аракети (аракетсиздиги) референдумду өткөрүү боюнча жогору турган комиссияга даттанылышы мүмкүн.
2. Шайлоо комиссияларынын референдумдун катышуучуларынын референдумга катышуу укугун бузган чечимдерине жана (же) аракетине (аракетсиздигине) арыздар (даттануулар) менен референдумдун катышуучулары, "макул" топ, "каршы" топ, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү, байкоочулар даттана алышат.
3. Арыздарды (даттанууларды) кароодо, ошондой эле референдумга катышууга укуктардын, референдум жөнүндө мыйзамдардын бузулганы тууралуу маселе каралган башка учурларда, кызыкдар тараптар же алардын өкүлдөрү маселе карала турган күн, убакыт жана каралуучу орду жөнүндө кабарландырылат. Көрсөтүлгөн адамдар карала турган маселенин маани-маңызы боюнча түшүнүк берүүгө жана далилдерди келтирүүгө укуктуу.
4. Участкалык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын референдумдун субъекттеринин референдумга катышуу укугун бузган чечимдери жана (же) аракети (аракетсиздиги) референдумду өткөрүү боюнча аймактык комиссияга даттанылат.
5. Аймактык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын, референдумдун субъекттеринин референдумга катышуу укугун бузган чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылат.
6. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) биринчи инстанциядагы сотко, биринчи инстанциядагы соттун чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна (мындан ары - Жогорку сот) даттанылат. Жогорку соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.
7. Арыз (даттануу) референдум субъектинин анын референдумга катышуу укуктарынын бузулганы жөнүндө чечим кабыл алынганы, жасалган аракети (аракетсиздиги) белгилүү болгон учурдан тартып, токтоосуз түрдө, бирок 2 календардык күндөн кечиктирбестен берилет.
8. Референдумду даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздар (даттануулар) келип түшкөн учурдан тартып шайлоо комиссиясы тарабынан 3 календардык күндүн ичинде, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн мурунку күнү келип түшкөндөр - токтоосуз каралууга жатат. Эгерде референдумду даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүлөрдү талап кылган учурларда, алар боюнча чечим 5 календардык күндүн ичинде кабыл алынат. Чечимди кабыл алган органдын кызмат адамынын колу коюлган жана органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн чечим жазуу жүзүндө токтоосуз арыз ээсине тапшырылат.
9. Кабыл алынган чечимдерге арыздар (даттануулар) чечим чыгарылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилет.
10. Жогору турган шайлоо комиссиясы төмөн турган шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырат же болбосо аны жокко чыгарат жана арыздын (даттануунун) маани-маңызы боюнча чечим кабыл алат.
11. Сот арыздын (даттануунун) негиздүүлүгүн белгилөө менен, талаш туудурган чечимди, аракетти (аракетсиздикти) мыйзамсыз деп тааныйт жана тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарат же болбосо эгерде даттанылган чечим, аракет (аракетсиздик) мыйзамдуу болуп саналары белгиленсе, арызды (даттанууну) канааттандыруудан баш тартат.
12. Арыздарды (даттанууларды) берүү мөөнөттөрү калыбына келтирүүгө жатпайт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөндөн кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт.
45-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана референдумдун натыйжаларын аныктоо жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине даттануу
1. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана референдумдун натыйжаларын аныктоо жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине арыздар (даттануулар) менен референдумдун катышуучулары, демилгечи топтун, "макул" топтун, "каршы" топтун мүчөлөрү, саясий партиялар жана башка коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү, байкоочулар кайрыла алышат.
2. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдери - аймактык шайлоо комиссиясына; аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери - Борбордук шайлоо комиссиясына; Борбордук комиссиянын чечимдери - биринчи инстанциядагы сотко; биринчи инстанциядагы соттун чечими - Жогорку сотко даттанылат.
3. Арыздар (даттануулар) добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленген же референдумдун натыйжалары аныкталган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилет.
4. Келип түшкөн арыздар (даттануулар) келип түшкөн учурдан тартып, шайлоо комиссиялары же соттор тарабынан 3 календардык күндүн ичинде каралууга тийиш. Эгерде арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүлөрдү талап кылган учурларда, алар боюнча чечим 5 календардык күндөн кечиктирилбестен кабыл алынат. Чечимди кабыл алган органдын кызмат адамынын колу коюлган жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн чечим жазуу жүзүндө арыз ээсине токтоосуз тапшырылат.
5. Чечимди кабыл алууга арыздар (даттануулар) чечим чыгарылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилет.
6. Ушул конституциялык Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, сот Борбордук шайлоо комиссиясынын референдумдун жыйынтыктарын аныктоо жөнүндө чечимин жокко чыгара алат.
7. Соттун чечими чыгарылган учурдан тартып, ал мыйзамдуу күчүнө кирет жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, кызмат адамдары, шайлоо комиссиялары жана референдумдун башка катышуучулары аны аткарууга милдеттүү.
Сот тарабынан кабыл алынган жүйөлөнгөн чечим арыз ээсине, жоопкерге же алардын өкүлдөрүнө, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясына токтоосуз берилет.
Көзөмөлдүк даттанууну ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө берүү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан биринчи инстанциядагы соттун чечиминин аткарылышын токтотот.
8. Биринчи инстанциядагы соттун чечимине даттануу соттун чечими чыгарылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилиши мүмкүн.
9. Биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине даттануу Жогорку сотко келип түшкөн күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде көзөмөлдүк тартипте каралат.
Көзөмөлдүк даттануу Жогорку сотко берилет, ал Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлүн милдеттүү тартипте чакырат. Соттун чечимине көзөмөлдүк даттануу чечимди чыгарган тиешелүү сот аркылуу берилет. Даттанууну түздөн-түз көзөмөлдүк инстанциясына берүү даттанууну кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
Көзөмөлдүк инстанциясындагы соттун токтому чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет, акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.
10. Арыздарды (даттанууларды) берүүнүн мөөнөттөрү калыбына келтирүүгө жатпайт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктагандан кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт.
46-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктары, референдумдун натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу үчүн негиздер
1. Эгерде тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары аныкталгандан же референдумдун натыйжалары белгиленгенден кийин, сот референдум маселелери боюнча үгүт жүргүзүү, референдумду каржылоо эрежелери бузулганын, референдумдун катышуучуларынын добуштарын сатып алуу фактылары болгонун жана референдумдун катышуучуларынын өз эркин билдирүүлөрүнүн натыйжаларын так аныктоого мүмкүндүк бербегенин белгилеген учурда, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу, референдумдун натыйжалары жөнүндө комиссиянын чечимин жокко чыгара алат.
2. Сот референдум өткөрүү боюнча участкада, аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, жалпы эле референдумдун натыйжалары тууралуу, ошондой эле референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү эрежелери, шайлоо комиссияларын түзүү тартиби, добуш берүү жана добуштарды эсептөө тартиби (аларды өткөрүүгө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдуктарды кошкондо), эгерде бул аракеттер (аракетсиздиктер) референдумдун катышуучуларынын өз эркин билдирүүлөрүнүн натыйжаларын так аныктоого мүмкүндүк бербесе, добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо бузулган учурда, шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгара алат.
3. Референдумда референдумдун участкаларынын жалпы санынын үчтөн биринен ашыгынын добуш берүү жыйынтыктары жөнүндө участкалык комиссиялардын чечимдеринин сот тарабынан жокко чыгарылышы референдумдун натыйжаларынын жараксыз деп таанылышына алып келет.
47-берене. Референдумдун катышуучуларынын шайлоо укуктарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкү адамдар жазык, администрациялык же болбосо башка жоопкерчиликтерге тартылат:
1) күч колдонуу, алдоо, коркутуу, жасалмалоо жолу менен же башка ыкмалар аркылуу референдумдун катышуучуларынын референдумга катышуу укуктарын эркин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылган же болбосо добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузган, же болбосо референдумдун катышуучуларынын референдумга катышуучулардын тизмеси менен таанышуу укуктарын бузган, же болбосо жарандарды референдум өткөрүү демилгесин колдоого мажбурлаган же аларга референдум өткөрүү демилгесин колдоого кол коюуга тоскоолдук келтирген, ошондой эле кол коюуларды жалган жол менен жасоого катышкандар, же болбосо референдумдун катышуучуларын сатып алууну жүзөгө ашыргандар;
2) референдум маселесине каалагандай жооп алуу максаттарында өздөрүнүн кызматынын же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдалангандар; же болбосо тиешелүү шайлоо комиссиясына референдумдун көрсөтүлгөн маалыматтарын жөнөтүү алдында референдумдун катталган катышуучулары (референдумга катышуучулардын тизмеси) жөнүндө маалыматтарды өз мезгилинде түзбөгөндөр же тактабагандар, же болбосо референдумду каржылоо эрежелерин бузгандар, анын ичинде шайлоо комиссияларына каражаттарды которууну кармагандар, же болбосо аларга башка адамдар үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү максаттарында добуш берүү үчүн бюллетендерин жарандарга бергендер же документтерди жасалмалоону жүзөгө ашыргандар, билип туруп жалган документтерди түзгөндөр жана бергендер, добуштарды эсептөөнү же добуштардын жыйынтыктарын билип туруп туура эмес жүзөгө ашыргандар;
3) шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, байкоочулардын, эл аралык байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктарын, анын ичинде маалыматтарды жана документтердин көчүрмөлөрүн өз убагында алуу укуктарын бузгандар, же болбосо референдум маселеси боюнча үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандар, анын ичинде үгүт жүргүзүүгө тыюу салынган мезгилде үгүт жүргүзгөндөр, же болбосо өздөрүнүн милдеттерин аткарууга байланыштуу шайлоо комиссияларынын иштерине тоскоолдук келтиргендер же мыйзамсыз кийлигишкендер, же болбосо референдумду даярдоого жана өткөрүүгө каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө отчётторду, демилгечи топтордун, "макул" топтун, "каршы" топтун фонддорунун каржылык отчётторун жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүгө бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчётторду бербегендер.
8-глава. Корутунду жоболор
48-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын күчүнө кирүүсү жана аны колдонуунун өзгөчөлүктөрү
1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 1-ноябрында № 93 жарыяланды
2. Референдумдагы добуш берүү күнү Кыргыз Республикасынын көпчүлүк администрациялык-аймактык бирдиктеринде өткөрүлүүчү башка шайлоолордогу добуш берүү күнү менен айкалыштырылган учурда, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөттөрдөн тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген референдумду даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү Борбордук шайлоо комиссия тарабынан жарымынан көп эмес кыскартылышы мүмкүн.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участкаларын референдум өткөрүү боюнча участкалар менен айкалыштырууга, жаңы участкаларды түзүүгө жана референдумду (добуш берүүнү) өткөрүү күнүн шайлоо (добуш берүү) өткөрүү күнү менен айкалыштыруудан келип чыккан маселелерди чечүү боюнча башка чараларды көрүүгө укуктуу.
3. Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 23-октябрындагы конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 10, 778-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев
2016-жылдын 26-октябрында
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңеши тарабынан
кабыл алынган