Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2026-жылдын 28-августундагы № 91
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) жана округдук/аймактык шайлоо комиссиясынын Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобунун (мындан ары – Жумушчу топ) максаттарын, милдеттерин, түзүлүү тартибин, ыйгарым укуктарын жана ишмердигинин тартибин аныктайт.
1.2. Жумушчу топ шайлоолордун эркиндигинин кепилдиктерин камсыз кылуу, шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин конституциялык укуктарын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын, шайлоо комиссияларынын, саясий партиялардын жана башка органдардын, уюмдардын аракеттерине (аракетсиздигине) же чечимдерине даттануу мүмкүнчүлүгүн сактоо жана ишке ашыруу максатында түзүлөт.
1.3. Жумушчу топ өзүнүн ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Борбордук шайлоо комиссиясынын ченемдик укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
2. Жумушчу топтун түзүлүүсү жана курамы
2.1. Жумушчу топ Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен түзүлөт. Жумушчу топтун курамы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлеринин ичинен түзүлөт жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын буйругу менен бекитилет. Жумушчу топтун курамына тартылган адис(тер) жана эксперт(тер) да киргизилиши мүмкүн.
2.2. Жумушчу топ шайлоо жана референдум дайындалгандан кийин 5 күндүн ичинде түзүлөт.
2.3. Жумушчу топ 7 мүчөдөн ашпаган курамда түзүлөт.
2.4. Жумушчу топтун курамын өзгөртүү Жумушчу топтун жетекчисинин сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Жумушчу топтун ыйгарым укуктары жана ишмердигинин тартиби
3.1. Жумушчу топтун ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
- шайлоочулардын жана шайлоолордун жана референдумдардын башка катышуучуларынын шайлоо укуктарынын бузулушу жөнүндөгү арыздарда/даттанууларда камтылган фактыларды изилдөө жана алдын ала талдоо;
- арыз/даттануу менен кайрылган адамдардын түшүндүрмөлөрүн жана жүйөлөрүн угуу;
- иштин чыныгы жагдайларын изилдөө, аныктоо жана арыз ээлери тарабынан берилген далилдерди талдоо;
- эксперттердин жана адистердин корутундусун алуу үчүн арыз/даттануу менен байланышкан материалдарды жөнөтүү;
- Жумушчу топтун келип түшкөн арыздар/даттануулар боюнча чечимдеринин долбоорлорун алар боюнча тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна киргизүү;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына кирбеген арыздарды/даттанууларды чечүү тартиби тууралуу кеп-кеңештерди берүү.
3.2. Жумушчу топтун жыйналышы Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышкан учурда укуктуу болуп саналат.
3.3. Жумушчу топтун чечими жыйналышка катышкан Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
Жумушчу топтун бардык мүчөлөрү бирдей укуктарга ээ.
Жумушчу топтун жыйналышында анын ар бир мүчөсү бир добушка ээ.
Жумушчу топ тарабынан кабыл алынган чечим менен макул болбогон Жумушчу топтун мүчөсү өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу, ал Жумушчу топтун чечимине тиркелет.
3.4. Жумушчу топ арыз ээсине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттанылып жаткан адамдарга жана башка кызыкдар тараптарга же алардын өкүлдөрүнө арыздарды/даттанууларды кароонун күнү, убактысы жана орду жөнүндө милдеттүү тартипте (электрондук почта, телефон байланышы аркылуу, жазуу жүзүндө) кабарлайт, бул жөнүндө акт түзүлөт.
3.5. Жумушчу топту анын жетекчиси зарылчылыкка жараша чакырат жана тапшырмаларды Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрөт, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы менен макулдашуу боюнча кошумча адистерди тартуу маселелерин чечет.
Жумушчу топтун жетекчиси жок болгон учурда анын милдеттерин Жумушчу топтун курамына кирген Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири аткарат.
3.6. Жумушчу топтун ишмердиги жыйналыштар формасында жүзөгө ашырылат.
Жумушчу топтун жыйналышы анын компетенциясына кирген маселелерди ачык талкуулоонун негизинде өткөрүлөт.
Зарыл болгон учурда Жумушчу топтун мүчөлөрү толугураак маалымат алуу үчүн жер-жерлерге чыгышат, ошондой эле иштин чыныгы жагдайларын угуу жана түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн арыз ээлери жана аракетине (аракетсиздигине) даттанылып жаткан адамдар чакырылат.
Жумушчу топтун жыйналыштарында Жумушчу топтун мүчөлөрү болуп саналбаган Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү катышууга жана өз пикирин билдирүүгө укуктуу. Жумушчу топтун жыйналыштарына Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери, төмөн турган шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, каралып жаткан маселе боюнча адистер жана эксперттер да чакырылышы мүмкүн.
3.7. Жумушчу топтун ишмердигин камсыздоону Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты жүзөгө ашырат.
3.8. Жумушчу топтун жыйналыштары катчы тарабынан протоколдоштурулат. Протоколго төрагалык кылуучу жана катчы тарабынан кол коюлат. Жумушчу топтун даярдалган чечимдеринин долбоорлору же башка документтери Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна киргизилет. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында Жумушчу топтун жетекчиси, ал эми ал жок болгон учурда Жумушчу топтун курамына кирген жана Жумушчу топтун жетекчисинин милдеттерин аткарып жаткан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири баяндамачы болот.
4. Келип түшкөн арыздарды/даттанууларды кароонун мөөнөттөрү жана Жумушчу топтун чечимдери
4.1. Жумушчу топ келип түшкөн арыздар/даттануулар боюнча чечим кабыл алат жана аны төмөнкүдөй мөөнөттөрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышына киргизүү үчүн даярдайт:
- арыз/даттануу келип түшкөн учурдан тартып 2 күндүк мөөнөттө, ал эми шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздарда/даттанууларда камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурларда алар боюнча чечимдер 4 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен кабыл алынат;
- добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн бир күн мурда келип түшкөн арыздар/даттануулар Жумушчу топ тарабынан токтоосуз каралууга тийиш.
4.2. Арыздарды/даттанууларды кароонун жыйынтыгы боюнча Жумушчу топ чечим кабыл алат. Жумушчу топтун чечими сунуштама мүнөзүндө болот.
4.3. Арыздарды/даттанууларды кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат.
5. Округдук/аймактык шайлоо комиссиясынын Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобунун ишмердиги
5.1. Округдук/аймактык шайлоо комиссиясынын Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобу (мындан ары – Жумушчу топ) округдук/аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилет. Жумушчу топтун курамына жетекчи, жетекчинин орун басары, Жумушчу топтун мүчөлөрү, округдук/аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү жана тартылган эксперттер киргизилет. Жумушчу топтун ишмердигинин мөөнөтү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып аяктайт.
5.2. Жумушчу топ 5 мүчөдөн кем эмес курамда түзүлөт.
5.3. Жумушчу топ өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде төмөнкү ишмердикти жүзөгө ашырат:
- шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын шайлоо укуктарынын бузулушу жөнүндөгү арыздарда/даттанууларда камтылган фактыларды изилдөө жана алдын ала талдоо;
- арыз/даттануу менен кайрылган адамдардын түшүндүрмөлөрүн жана жүйөлөрүн угуу;
- иштин чыныгы жагдайларын изилдөө, аныктоо жана арыз ээлери тарабынан берилген далилдерди талдоо;
- эксперттердин жана адистердин корутундусун алуу үчүн арыз/даттануу менен байланышкан материалдарды жөнөтүү;
- келип түшкөн арыздар/даттануулар боюнча чечимдердин долбоорлорун алар боюнча тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн округдук/аймактык шайлоо комиссиясынын кароосуна киргизүү;
- округдук/аймактык шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына кирбеген арыздарды/даттанууларды чечүү тартиби жөнүндө кеп-кеңештерди берүү.
5.4. Жумушчу топту анын жетекчиси зарылчылыкка жараша чакырат жана тапшырмаларды Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрөт, ошондой эле кошумча адистерди тартуу маселелерин чечет.
Жумушчу топтун ишмердиги жыйналыштар формасында жүзөгө ашырылат.
Жумушчу топтун жыйналышы анын компетенциясына кирген маселелерди ачык талкуулоонун негизинде өткөрүлөт.
Жумушчу топтун жыйналыштарында Жумушчу топтун мүчөлөрү болуп саналбаган округдук/аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү катышууга жана өз пикирин айтууга укуктуу. Жумушчу топтун жыйналыштарына төмөн турган шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, каралып жаткан маселе боюнча адистер жана эксперттер да чакырылышы мүмкүн.
Жумушчу топтун ишмердигин камсыздоо округдук/аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Арыздарды/даттанууларды кароонун жыйынтыгы боюнча Жумушчу топ чечим кабыл алат. Жумушчу топтун чечими сунуштама мүнөзүндө болот.
5.5. Жумушчу топ келип түшкөн арыздар/даттануулар боюнча чечим кабыл алат жана аны округдук/аймактык шайлоо комиссиясынын жыйналышына киргизүү үчүн даярдайт.
Келип түшкөн даттанууларды жана арыздарды кароодо Жумушчу топ ушул Жобонун 4-бөлүмүндө белгиленген мөөнөттөрдү жетекчиликке алат.
5.6. Талаш-тартыштарды кароо менен байланышкан материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталууга тийиш.
