Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сыйлыктары жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
2026-жылдын 5-августундагы
№75 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлүнүн ишмердиги жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.1 Ар бир аймактык шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) атайын өкүлү (мындан ары – атайын өкүл) кызмат орду тийиштүү округдук, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын ишмердигин координациялоо, уюштуруу-методикалык жана материалдык-техникалык камсыздоо, ошондой эле шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесин жүргүзүү, жаңылоо жана тактоо максатында «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык негизделет.
1.2. Атайын өкүл мамлекеттик жарандык кызматчы болуп саналат, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларына дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде тийиштүү шайлоо округдарында иштеп жаткан аймактык шайлоо комиссияларына мурда дайындалгандардын ичинен бир атайын өкүл Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын чечими менен тийиштүү округдук шайлоо комиссиясына бекитилет.
1.3. Атайын өкүл кызмат ордуна кеминде 21 жаштагы, жогорку билими жана жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны дайындалат.
1.4. Атайын өкүл өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
1.5. Атайын өкүл өз ишмердигинде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына, төраганын орун басарларына, аппарат жетекчисине жана шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысына отчёт берет.
II. Атайын өкүлдүн негизги милдеттери
2.1. Төмөнкүлөр атайын өкүлдүн негизги милдеттери болуп саналат:
- тийиштүү округдук, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын ишмердигин координациялоо;
- шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесин жүргүзүү, жаңылоо жана тактоо боюнча тутумдук администратордун ишмердигин координациялоо;
- аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларын түзүүдө жана курамын толуктоодо, ошондой эле алардын курамдарын жана резервдерин жаңылоону координациялоодо Борбордук шайлоо комиссиясына көмөк көрсөтүү;
- Борбордук шайлоо комиссиясына тийиштүү округдук, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын ишмердиги жөнүндө маалымдоо;
- тийиштүү округдук, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын Борбордук шайлоо комиссиясы менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо;
- тийиштүү аймакта мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар, саясий партиялар жана башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү;
- Кыргыз Республикасынын шайлоолор жана референдумдар жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- өткөрүп алуу-өткөрүп берүү актыларынын кабыл алынышын жана таризделишин камсыздоо, шайлоо документтеринин шайлоо комиссияларына өз убагында жеткирилишин контролдоо;
- округдук, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, ошондой эле шайлоолорду жана референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө тартылган адамдарды окутууну уюштуруу жана координациялоо;
- шайлоочуларга маалымдоо жана шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышуу;
- шайлоо участокторунун добуш берүүнү өткөрүүгө даярдыгына мониторинг жүргүзүү;
- тийиштүү аймакта Кыргыз Республикасынын шайлоолор жана референдумдар жөнүндө мыйзамдарын бир түрдүү колдонууну камсыз кылууга көмөктөшүү;
- тийиштүү шайлоо комиссияларына келип түшкөн кайрылууларды, арыздарды жана даттанууларды кароого катышуу;
- тийиштүү шайлоо комиссияларынын карамагында турган шайлоо документтеринин жана материалдык-техникалык каражаттардын сакталышын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды координациялоо;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдеринин жана тапшырмаларынын тиешелүү округдук, аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан аткарылышын контролдоо.
III. Атайын өкүлдүн ыйгарым укуктары
3.1. Өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда атайын өкүл төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого;
- тийиштүү округдук, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын ишмердиги жөнүндө маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясына өз убагында берип турууга;
- өзүнүн ишмердиги жөнүндө отчётту Борбордук шайлоо комиссиясына белгиленген мөөнөттө берип турууга;
- мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголгон башка сырды сактоого;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилигинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген тапшырмаларын аткарууга;
- кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу жана коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды сактоо боюнча чараларды көрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте квалификациясын жогорулатууга;
- айрым талапкерлерди, саясий партияларды же болбосо шайлоо процессинин башка катышуучуларын колдоо же көтөрмөлөө катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерге жана билдирүүлөргө жол бербөөгө;
- Борбордук шайлоо комиссиясына айкындалган шайлоолор жана референдумдар жөнүндө мыйзамдарды бузуулар, ошондой эле шайлоолорду жана референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө таасир этүүгө жөндөмдүү жагдайлар жөнүндө токтоосуз маалымдоо.
3.2. Атайын өкүл төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өз компетенциясынын чегинде тийиштүү округдук, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын ишин координациялоого;
2) өз компетенциясынын чегинде жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды, документтерди жана материалдарды округдук, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынан, мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка уюмдардан алууга;
3) белгиленген тартипте квалификациясын жогорулатууга;
4) округдук, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;
5) Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо комиссияларынын ишмердигин уюштуруу маселелери боюнча сунуштарды киргизүү;
6) жүктөлгөн милдеттерди аткаруу менен байланышкан маселелер боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу;
7) кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө БШКнын мамлекеттик маалыматтык тутумдарына жана маалыматтык ресурстарына жетүү мүмкүнчүлүгүн алуу.
IV. Атайын өкүлдүн ишмердигин каржылоо
4.1. Атайын өкүлдүн ишмердигин камсыз кылуу Борбордук шайлоо комиссиясын күтүүгө каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
4.2. Атайын өкүлгө кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан иш сапарынын жана башка чыгымдарынын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө толтурулат.
