КР БШКнын 2026-жылдын 28-августундагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:

Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 50

3-кабат, жыйындар залы

Өткөрүү убактысы: саат 11:00дө

 

  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө

Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти

  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө

Баяндамачы: Закиров А. М. - укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти

  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө

Баяндамачы: Закиров А. М. - укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти