КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 30-март 2018-жыл

Өткөрүү датасы: 30 март 2018-ж.
Убактысы: 14:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
 
1. 2018-жылдын 13-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы жөнүндө
 (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
2. 2018-жылдын 13-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жана КРнын саясий партияларынын жана талапкерлердин шайлоо фондунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө
(Баяндамачы – Акунов Т.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмдүн эксперти)
3. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
4. Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарын жана резервдерин түзүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
5. Кыргыз Республикасынын Талас жана Майлуу-Суу жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Талас жана Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
6. Ар түрдүү маселелер
 
ТӨРАГА