КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 3-март 2018-жыл

Өткөрүү датасы: 3 март 2018-ж.
Убактысы: 14:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
 
1. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал, Нарын облусунун Жумгал районунун Кабак, Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова атындагы айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
 (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин, Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
3. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж. Салянованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ф.А.Иминовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
7. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Саясий партиялардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесин каттоо үчүн керектүү документтеринин тизмегин жана формаларын бекитүү жөнүндө” 2015-жылдын 28-июлундагы №78 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(Баяндамачы – М.А. Камчибекова, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын м.а. )
8. Ар түрдүү маселелер
 
ТӨРАГА