КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 28-сентябрь 2017-жыл

Өткөрүү датасы:  28 сентябрь 2017-ж.
Убактысы:  17:30
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер С.Ш. Жээнбековдун ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

(Баяндамачы – Е.Дж. Джилкичиева, Жумушчу топтун жетекчиси)

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.А. Сариевдин ишенимдүү адамын чакыртып алуу жөнүндө

(Баяндамачы – Е.Дж. Джилкичиева, Жумушчу топтун жетекчиси)

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.А. Сариевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

(Баяндамачы – Е.Дж. Джилкичиева, Жумушчу топтун жетекчиси)

4. Жалал-Абад облусунун Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

5. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы №2104 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

6. 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

(Баяндамачы – Л.А. Кутуева, эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти)

7. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын  15-сентябрындагы “2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө” № 451 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 (Баяндамачы – Л.А. Кутуева, эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти)

8. “Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жеткирүүдө, берүүдө жана кабыл алууда санкцияланбаган жеткиликтүүлүктүн коргоону камсыз кылуунун тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү  тууралуу

 (Баяндамачы – Ж. Кеңешбеков, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)

9. “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” Коомдук уюмунун арыздары жөнүндө

(Баяндамачы – Шаршеналы уулу Адилет укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти, Жумушчу топтун мүчөсү)

10. Турсунбек Акундун арызы жөнүндө

(Баяндамачы – М. Камчыбекова, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти, Жумушчу топтун мүчөсү)

11.  Ар түрдүү маселелер

ТӨРАГА