КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 27-июнь 2018-ж

Өткөрүү датасы: 27 июнь 2018-ж.
Убактысы: 12:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 
2. 2018-жылдын 20, 22-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек, Кочкор районунун Ак-Кыя, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 
3. Талас облусунун Талас районунун Долон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ысык-Көл, Чоң-Алай жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө 
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 
6. “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен М.М. Каратаевди чыгаруу жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 
7. Европа Кошунунун Кыргыз Республикасындагы Убактылуу ишеним берилген өкүлү Яап Ораны Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө
(Баяндамачы – Л.А. Кутуева, эл аралык кызматташуу бөлүмдүн эксперти) 
8. Ар түрдүү маселелер

ТӨРАГА