КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 24-сентябрь 2017-жыл

Өткөрүү датасы:  24 сентябрь 2017-ж.
Убактысы: 14:00 
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө 
 (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө 
 (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)
4. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука; Ысык-Көл облусунун Балыкчы; Нарын облусунун Нарын, Ат-Башы; Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 
 (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
(Баяндамачы – Л.А. Кутуева, эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти)
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер  А.К. Мадумаровдун ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(Баяндамачы – Е.Дж. Джилкичиева, Жумушчу топтун жетекчиси)
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.А. Сариевдин ишенимдүү адамын чакыртып алуу жөнүндө 
(Баяндамачы – Е.Дж. Джилкичиева, Жумушчу топтун жетекчиси)
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер  Сш. Жээнбековдун ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө
(Баяндамачы – Е.Дж. Джилкичиева, Жумушчу топтун жетекчиси)
9. Э.Б. Ирискулбековдун арызы жөнүндө
(Баяндамачы – М. Камчыбекова, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
10. Ар түрдүү маселелер

ТӨРАГА