КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 20-март 2018-жыл

Өткөрүү датасы: 20 март 2018-ж.
Убактысы: 15:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
 
1. Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш, Панфилов районунун Вознесеновка, Ысык-Көл облусунуну Ысык-Көл районунун Темир, Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел, Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөттөрүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процесстерин уюштуруу боюнча башкармалыктын башчысы)
2. Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
 (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процесстерин уюштуруу боюнча башкармалыктын башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процесстерин уюштуруу боюнча башкармалыктын башчысы)
4. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясынын ведомстволук архиви жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – М.А. Камчибекова, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысынын м.а.)
5. “Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңшинин, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын, референдумун даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан документтерди архивдерге өткөрүп берүү жана сактоо тартибине” өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
(Баяндамачы – М.А. Камчибекова, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысынын м.а.)
6. Ар түрдүү маселелер
 
ТӨРАГА