КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 15-декабрь 2017-жыл

Өткөрүү датасы:  15-декабрь 2017-ж.
Убактысы: 15:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
 
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)

 2. 2018-жылдын 28 - январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош, Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)

3. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош, Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жана КРнын саясий партияларынын жана талапкерлердин шайлоо фондунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө
(Баяндамачы – Утуров Э.Т., пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмдүн башчысы)

4. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына КАЙРЫЛУУСУ
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)

5.Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Жар; Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка, Сокулук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)

6. Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)

7. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)

8. Ар түрдүү маселелер
 
ТӨРАГА