КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 26-октябрь 2018-ж.

Өткөрүү датасы:   26 октябрь 2018-ж.
Убактысы: 16:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
 
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А. Ж. Жамангуловдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнундө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
3. Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Мин-Булак, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
4. Ош облусунун Алай районунун үч-Дөбө, Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
 (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ат-Башы, Жумгал, Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
6.Ар түрдүү маселелер
 
Төраганын орун басары