КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 6-сентябрь 2019-ж.

Өткөрүү датасы: 6-сентябрь 2019-ж.
Убактысы: 12-00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

2. 2019-жылдын 23-августунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

3. 2019-жылдын 28-августунда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ноокат, Ат-Башы, Аксы жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

6. Ар түрдүү маселелер