КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 15-сентябрь 2017-жыл

Өткөрүү датасы:  15 сентябрь 2017-ж. 
Убактысы: 18:00 
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

2. Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл аймагындагы №4110 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

3. Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагындагы №7307 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

4. Ысык-Көл облусунун Түп; Жалал-Абад облусунун Чаткал; Нарын облусунун Ат-Башы аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер  Т.Дж. Уметалиеванын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

(Баяндамачы – Е.Дж. Джилкичиева, Жумушчу топтун жетекчиси)

6. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер  Э.З. Зарлыковдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

(Баяндамачы – Е.Дж. Джилкичиева, Жумушчу топтун жетекчиси)

7. 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

(Баяндамачы – Л.А. Кутуева, эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти)

8. КР шайлоолорун жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын арыздарын кароо боюнча жумушчу топтун маселелери

(Баяндамачы – А.Т. Асаналиев, Жумушчу топтун жетекчиси)

9. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 17-ноябрындагы  №216 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоосун жана референдумун өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө" жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

(Баяндамачы – Б.С. Кадыров, Жумушчу топтун жетекчиси )

10. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 13-ноябрындагы  №201 токтому менен бекитилген “2017 жылдын 15- октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн же жашаган КРнын жарандарынын катышуусун уюштуруу боюнча” жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

11. Ар түрдүү маселелер

ТӨРАГА