КРнын БШК отурумунун кун тартиби, 25-октябрь 2016-жыл
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН
КҮН ТАРТИБИ
Өткөрүү датасы: 2016-жылдын 25-октябры
Убактысы : саат 15.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө» Убактылуу жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
(Баяндамачы – К.А. Абдилатов, маалыматтык шайлоо системасы боюнча бөлүмдүн башчысы)
ТӨРАГАЛЫК КЫЛУУЧУ А. БЕКМАТОВ