КРнын БШК отурумунун кун тартиби, 11-август 2016-жыл
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунун
кун тартиби
Өткөрүү датасы: 2016-жылдын 11-августу
Убактысы : саат 11.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2016-жылдын 2–августунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Нарын облусунун Нарын шаардык, Баткен облусунун Кызыл-Кыя, Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Чүй облусунун Сокулук жана Москва аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4. «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен Наспеков Марс Дамировичти чыгаруу жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
5. Шайлоо системасынын эл аралык фонду (IFES) тарабынан Бишкек шаарындагы ОБСЕ борборунун колдоосу менен шайлоо процессинин алкагында иштелип чыккан окутуу платформасынын презентациясы
(Баяндамачы –А. Орехов, Шайлоо системасынын эл аралык фондунун (IFES) улук программалык координатору)
6. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы сайтынын долбоорунун презентациясы
(Баяндамачы – А.Б. Абдрахматова, төраганын орун басары)
7. Ар түрдүү маселелер.
ТӨРАГА