КРнын БШК жыйналышынын КҮН ТАРТИБИ 14-июль 2016-жыл
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН
КҮН ТАРТИБИ
Өткөрүү датасы: 2016-жылдын 14-июлу
Убактысы : саат 15.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2016-жылдын 4,5 жана 7-июлунда өткөрүлгөн кээ бир жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, уюштуруу бөлүмдүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, уюштуруу бөлүмдүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, уюштуруу бөлүмдүн башчысы)
Төрага