Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышынын КҮН ТАРТИБИ

өткөрүү датасы:   2012-жылдын 28-марты

убактысы: 17.00

өткөрүлүүчү жери:  жыйындар залы

 

 

1. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктоо жөнүндө Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү тууралуу.

(Баяндамачы Б.С. Исаков, Уюштуруу  бөлүмүнүн башчысы)

2. Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешинин, Алай районунун Будалык айылдык кеңешинин, Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешинин, Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешинин, Кемин районунун Кемин поселкасынын башкармалыгынын, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын аныктоо жөнүндө Аксы, Алай, Жети-Өгүз, Аламүдүн, Кемин жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитүү тууралуу.

(Баяндамачы Б.С. Исаков, Уюштуруу  бөлүмүнүн башчысы)

3. 2012-жылдын 4-мартында өткөн Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө.

(Баяндамачы М.И. Аргымбаев, Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги)

 

 

    Аппарат жетекчиси                                         М.С. Султанов