Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышынын КҮН ТАРТИБИ
өткөрүү датасы: 2012-жылдын 18-январы
убактысы: 11.00
өткөрүлүүчү жери: жыйындар залы
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу контролдук-текшерүү тобун түзүү жөнүндө
(Баяндамачы А.Т.Асаналиев, БШКнын мүчөсү)
2. 2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемасын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы Б.С.Исаков, Уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын референдумдарын, Президентти, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүгө байланыштуу документтерди архивге өткөрүп берүүнүн жана сактоонун тартибин бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы А.Б.Кадыркулова, Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
4. 2010-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо документтерин архивге өткөрүп берүү жана жок кылуу үчүн даярдоо жөнүндө
(Баяндамачы А.Б.Кадыркулова, Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)
5. Чүй облусунун Жайыл АШКнын чечимдеринин мыйзамдуулугу жөнүндө
(Баяндамачы Канатбек Азиз, БШКнын мүчөсү)
Аппарат жетекчиси М.С. Султанов