Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 09.04.2020 Ч.Ч. Урумкалиеванын арызы жѳнүндѳ

09.04.2020 Ч.Ч. Урумкалиеванын арызы жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

2020-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо  жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына(мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан талапкерлердин катталган  тизмесинде № 56  турган Урумкалиева Чинара Чалагызовнадан аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты кылып каттоо талабы камтылган  арыз келип түшкѳн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо  жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин   арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча  жумушчу топ 2020-жылдын 9-апрелинде ѳзүнүн жыйынында Ч.Ч. Урумкалиеванын арызын  карап чыгып, тѳмѳндѳгүлѳрдү белгилейт:

1. Арыз ээси “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бѳлүгүнѳ ылайык, Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, талапкерлердин катталган тизмесинде чыгып калган депутаттан кийин турган адам Борбордук шайлоо комиссиясы аны Жогорку Кеңештин депутаты деп каттаганга чейин талапкердин статусу менен байланышкан укуктарга жана милдеттерге кайрадан ээ боло тургоандыгын” билдирген.

Ушуга байланыштуу Ч.Ч. Урумкалиева “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан депутат О.М. Артыкбаевдин ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулгандыгына байланыштуу ал талапкердин статусуна байланыштуу укуктарды жана милдеттери алышым керек  деп эсептейт.

Жумушчу топ “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бѳлүгү (Талапкерлердин статусу) депутаттын бош орду пайда болгон учурда  талапкерлердин тизмесинде катталган талапкердин статусун  кайра жандандырууну белгилеген жалпы норма болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин  4-1-бѳлүгүнүн (Жогорку Кеңештин дептутатын каттоо, депутаттын бош ордун ээлѳѳ) нормасы менен такталат, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бошогон мандатын ээлѳѳнүн тартибин жана кимиси “аял жынысындагы депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда, аял жынысындагы талапкерлердин ичинен; эркек жынысындагы депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда, эркек жынысындагы талапкерлердин ичинен” катталган кийинки талапкер болорун аныктайт, деп белгилейт.

Талапкерлердин тизмесинде тиешелүү жыныстагы көрсөтүлгөн адамдар болбогон учурда, депутаттын мандаты кезек боюнча ошол эле тизмедеги кийинки талапкерге берилет.”.

Жогорку Кеңештин депутатынын бошогон мандатын ээлѳѳ менен байланышкан мамилелерге тийиштүү дал ушул 65-берененин 4-1-бѳлүгүнүн нормасы 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнѳ кирген.

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинде ченемдик укуктук актылар күчүнѳ кирген күндѳн тартып Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана аткарууга жатат деп белгиленген.

Ал эми “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан эркек жынысындагы депутаттын ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулгандыгынан улам, демек ошого ылайык чыгып кеткен депутаттан кийин эркек жынысындагы талапкерлердин ичинен талапкерлердин катталган тизмесинде кийинки турган адам талапкердин статусу менен байланышкан укуктарга жана милдеттерге кайрадан ээ болот.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде  депутат О.А. Артыкбаевдин ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнүн мурда токтотулгандыгынан улам  бошогон  мандат эркек жынысындагы катталган кийинки талапкерге берилүүгѳ тийиш.

2. Арызда “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  65-беренесинин 4-1-бѳлүгү аталган конституциялык Мыйзамдын 21-беренесинин 11-бѳлүгүнѳ карама каршы келет, анткени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин түзүү жана бекитүү “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  65-беренесине ѳзгѳртүүлѳр киргизилгенге чейин 2015-жылы жүргүзүлгѳн” деп кѳрсѳтүлгѳн.

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинде ченемдик укуктук актылар күчүнѳ кирген күндѳн тартып Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана аткарууга жатат деп белгиленген.

2017-жылдын  5-июнунда № 96 кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бошогон мандатын ээлѳѳгѳ байланышкан мамилелерге тийиштүү Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-1-бѳлүгү 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнѳ кирүү мѳѳнѳтү так белгиленген.

3. Андан ары Ч.Ч. Урумкалиева “2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнѳ кирген “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  65-беренесинин 4-1-бѳлүгү гендердик ѳкүлчүлүк боюнча ал жерде камтылган норманын максаттарына жана милдеттерине жооп бербейт. Бардык партиялардагы Жогорку Кеңештеги депутат аялдардын саны Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-беренесинин 3-бѳлүгүндѳ белгеленгенден тѳмѳн. “КСДП” саясий партиясында пайыздык катнашта эркектер 70% ашыкты түзѳт,” деп белгилеген.

Жумушчу топ мындай далил Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бошогон мандатын  Ч.Ч. Урумкалиевага берүү үчүн негиз боло албайт, деп эсептейт, анткени депутаттын бошогон мандатын ээлѳѳ “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  65-беренесинин нормаларына (Жогорку Кеңештин  депутатын каттоо, дептутаттын бошогон мандатын ээлѳѳ) ылайык ишке ашырылат, анда мындай негиздер каралган эмес.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Жумушчу топ Ч.Ч. Урумкалиеваны “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы”  парттиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты кылып каттоо жѳнүндѳ анын арызын канаатандыруудан баш тартуу жѳнүндѳ чечим кабыл алат жана аны  Кыргыз Республикасынын Шайлоо  жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын кароосуна киргизет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо  жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Ч.Ч. Урумкалиеванын арызын карап чыгып (жыйында анын катышуусу менен), шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин   арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча  Жумушчу топтун 2020-жылдын 9-апрелиндеги чечимин эске алуу менен,«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын  шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бѳлүгүн, 65-беренесинин 3, 4-1-бѳлүктѳрүн, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 30-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

 

ЧЕЧТИ:

 

1. 2020-жылдын 8-апрелиндеги Урумкалиева Чинара Чалагызовнанын арызын канаатандыруудан баш тартылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо шайлоочулардын жан шайлоо процессинин башка субъекттеринин   арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча  жумушчу топтун жетекчиси А. Т. Асаналиевге жүктѳлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 9-апрели

№7