21.05.2018 №8 «Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 2-майындагы № 4 чечими жөнүндө»

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
7, 18- беренелерин жетекчиликке алып, «2018-жылдын 2-майындагы Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын Кызыл-Кыя шаардык кенешинин бош калган депутаттык мандатты өткөрүп берүү жөнүндө №4 чечими жана 2018-жылдын 2-майындагы Т.Ж. Алимбекованын арызы жөнүндө» 2018-жылдын 13-майындагы Жумушчу топтун чечимин, 2018-жылдын 15-майындагы «СДПК» саясий партиясынын Кылыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясына 2018-жылдын 27-апрелинде жөнөтүлгөн сунуштамасын чакыртып алуу катын эске алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1.2018-жылдын 2-майындагы Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын №4 чечими жокко чыгарылсын.
2.2018-жылдын 27-апрелиндеги СДПК саясий партиясынын чакыртып алган сунуштамасын эске алуу менен Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкерлердин тизмесинде кийин турган талапкерге мандатты берүү жөнүндө чечим кабыл алсын.
3.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын катышуусу менен аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу үчүн иш пландарын уюштуруу боюнча тийиштүү бөлүмдөргө тапшырма берилсин.
4.Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
     
ТӨРАГА                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек шары 2018-жылдын 21- майы
№ 8