18.03.2021 №37 Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 11-мартындагы чечимине «Эмгек Партиясы» саясий партиясынын даттануусу жѳнүндѳ
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 11-мартындагы чечимине «Эмгек Партиясы» саясий партиясынын даттануусу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары – Бишкектин АШК) талапкер Ж.Б. Абакировго (шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежесин бузгандыгы жѳнүндѳ жаран К. Маратовдун даттануусунун негизинде) жазуу жүзүндѳ эскертүү берүү жѳнүндѳ 2021-жылдын 11-мартындагы № 17/1 чечимин жокко чыгаруу тууралуу «Эмгек Партиясы» саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү М. Узюровдон 2021-жылдын 14-мартында чыг. № 01-14/779 даттануу келип түшкѳн.
2021-жылдын 17-мартында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча Жумушчу топтун жана шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топтор) кошмо жыйынында сунуш кылынган документтерди ар тараптуу иликтеп чыгуу максатында «Эмгек Партиясы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу ѳкүлү М. Узюров, Бишкектин АШКнын тѳрагасы К.А. Маматов жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежесин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси, Бишкектин АШКнын мүчѳсү Б.А. Конуров чакырылган. Жумушчу топтордун кошмо жыйынында эки тарап тең угулду.
«Эмгек Партиясы» саясий партиясы Бишкектин АШКнын чечими менен макул эмес экендигин билдирди, ушуга байланыштуу Бобордук шайлоо комиссиясынан «Эмгек Партиясы» саясий партиясынан талапкер Ж.Б. Абировго жазуу жүзүндѳ эскертүү берүү жѳнүндѳ Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 11-мартындагы № 17/1 чечимин жокко чыгарууну суранган».
Бишкектин АШКнын тѳрагасы К.А. Маматов «24.kg.» маалымат агенттигинде 2021-жылдын 4-мартында маалымат жарыялангандан кийин талапкер Ж.Б. Абировго ѳзү телефон чалып, граффити сүрѳттү алып коюуну, ошондой эле аталган басма материалын жайылтпоону ѳтүнгѳн. Ошентип талапкер Ж.Б. Абировго Бишкектин АШК тарабынан чечим кабыл албайтуруп, шайлоо мыйзамдарынын нормаларын бузгандыгы жѳнүндѳ оозеки эскертүү берилген.
2021-жылдын 10-мартында талапкер Ж.Б. Абировдун жогоруда атлган аракеттерине байланыштуу жаран К.М. Маратовдон даттануу келип түшкѳн. Ушуга байланыштуу арыз ээси Бишкек АШКдан мыйзамдарга ылайык укуктук баа берүүнү суранган. 2021-жылдын 11-мартында Бишкек АШК К.М. Маратовдун даттануусун карап чыгып, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү укугуна кыянатчылык кылууга жол берилбестик жѳнүндѳ «Эмгек Партиясы» саясий партиясынан талапкерге эскертүү берген.
Арыз ээсин жана Бишкек АШКнын ѳкүлүн угуп, даттанууну жана сунуш кылынган материалдарды карап чыккандан кийин тѳмѳндѳгүлѳр анык болду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо дайындалган.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары – Мыйзам) 22-беренесинин 13-бѳлүгүнүн 3-пунктуна ылайык «Шайлоо өткөрүүдө үгүт төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн: 3) басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таркатуу жолу менен;».
Мыйзамдын 23-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык, «Шайлоо алдында үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат».
Мыйзамдын 2-беренесине ылайык, «үгүт материалдары – шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыган жана шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө жапырт таратуу, элге жарыялоо үчүн арналган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар;
шайлоо алдындагы үгүт – Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын, саясий партиялардын тигил же булл талапкерлер (талапкерлердин тизмелери) үчүн же болбосо аларга каршы добуш берүүгө шайлоочуларды түртүү же түрткү берүүмаксаты бар шайлоо өнөктүгүнүн менчигиндеги маалымат даярдоо жана таратуу боюнча иши;».
Мында Мыйзамдын 28-беренесинин 7-бѳлүгүнүн экинчи абзацына ылайык «Шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде талапкерлердин аты-жөнүн же сүрөтүн пайдалануу менен коммерциялык жана шайлоо менен байланышпаган башка ишмердүүлүктүн жарнагын, ошондой эле талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялардын аталышын, эмблемаларын жана башка символикаларын пайдалануу менен жарнаманы төлөө тиешелүү шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен гана жүргүзүлөт.».
Жумушчу топтордун жыйынында ыйгарым укуктуу ѳкүл бул аббревиатура талапкерге тийиштиги бар экендигин белгиледи, бирок азыркы учурда Ж.Б. Абиров «Абиров» коомдук фондунун жетекчиси болуп саналбайт, ушуга байланыштуу коомдук фондду жоопко тартууну суранды.
Мындай шартта Жумушчу топтун мүчѳлѳрү «24.kg.» маалыматтык агенттигинде материал жарыяланган учурдан тартып (2021-жылдын 4-марты), жаран К.М. Маратов Бишкек АКШга даттануу бергенге чейин (2021-жылдын 10-марты) талапкерде кѳрүлгѳн чаралар жѳнүндө Бишкек АШКга маалымдоо менен «АБ Абиров» аббревиатурасын алып коюуу тууралуу «Абиров» коомдук фондуна кайрылууга мүмүкнчүлүгү болгон деп эсептешет.
Талапкер тарабынан мындай аракеттер болбогондугуна байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы Ж.Б. Абировдун аракетинде шайлоо ѳнѳктүгүнүн мезгилинде жол берилбей турган Мыйзамдын 22, 23, 27, 28-беренелеринде каралган шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежелерин бузуу белгилери бар деген тыянакка келет.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 12-пунктуна ылайык аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерлер жана саясий партиялар үчүн бирдей укуктук шарттарды камсыз кылат.
Ушуга байланыштуу Бишкек АШКнын 2021-жылдын 11-мартында № 17/1 чечими Мыйзамдын 28-беренесинин жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин нормаларына ылайык келет, демек – негиздүү жана мыйзамдуу.
Жогоруда баяндалгандардардын негизинде, «Жергиликтүү кеңештердин дептутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 22, 23, 27, 28, 42–беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) кароонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 11-мартындагы №17/1 чечимине «Эмгек Партиясы» саясий партиясынын даттануусун канааттандыруудан – баш тартылсын.
2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчѳсү, Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А.Т. Асаналиевге жүктѳлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 18-марты
№ 37