Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 29.12.2020 №306 Д.Д. Бекешевдин арызы жѳнүндѳ

29.12.2020 №306 Д.Д. Бекешевдин арызы жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Д.Д. Бекешевдин арызы жѳнүндѳ

2020-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындар ары – БШК) «Парламенттик республика үчүн» үгүт тобунун жетекчиси Д.Д.Бекешевден (мындан ары – арыз ээси) арыз келип түшкѳн.

Арыз ээси 2020-жылдын 23-декабрында 19:00дѳн 20:00 чейин Кооомдук телерадиоберүү корпорациясынын (мындан ары – КТРК) кѳрсѳтүүсүндѳ башкаруунун президенттик формасы үчүн үгүт жүргүзүү болгондугун, анда атап айтканда 01:24тѳн 04:12ге чейин Кыяс Молдокасымов президенттик республиканы колдоо керек экендиги тууралуу сүйлѳгѳндүгүн белгилеген. Ошондой эле бул видео https://www.youtube.com/watch?v=Flkb2USGHC4&feature=youtu.be. шилтемеси боюнча YouTube видеохостинге жайгаштырылган.

Ушуга байланыштуу арыз ээси таасир этип, КТРКны жоопко тартуу үчүн тийиштүү органдарга кайрылуусун жана жазуу жүзүндѳ жооп берүүсүн БШКдан суранган.

Мындан тышкары, шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселеси жана үгүт эрежелери боюнча Жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) тарабынан мониторинг алкагында КТРК тарабынан Конституциялык кеңешменин эксперттери чакырылган «Башкаруу формасын эл тандайт» аталышындагы «МАЕК» берүүсүн http://www.ktrk.kg/kg/media/video/19478 шилтемеси боюнча КТРКнын расмий интернет порталындагы видеоматериалдар каралып чыккан.

Бул материалды объективдүү жана ар тараптан кароо үчүн Жумушчу топтун жыйынына Д.Д.Бекешев (онлайн түрүндѳ катышкан), телекѳрсѳтүү боюнча КТРК башкы директорунун орун басары Ж.И. Уракунова, «Ала-Тоо 24» продюсору С.О. Соурбаева жана укуктук маселелер боюнча аткаруучу директор М.Т. Толонов (онлайн түрүндѳ катышкан) чакырылган.

Иштин материалдарын иликтеп чыгып, тараптардын түшүндүрмѳлѳрүн угуп, Жумушчу топ тѳмѳндѳгүлѳрдү белгилейт:

2020-жылдын 23-декабрында «Ала-Тоо 24» маалымат программасында видео жарыяланган. «Ала-Тоо 24» жаңылыктарды берүүнүн маалыматтык блогунда 3 минуттан ашык аралыкта башкаруунун президенттик формасы жѳнүндѳ маалымат чагылдырылган.

Ал эми «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-декабрындагы № 6 Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында 2021-жылдын 10-январында референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындалган.

Өткѳн жылдын 23-декабрында КТРК ѳзүнүн маалыматтык блогунда референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгѳ) чыгарылган башкаруу формасынын бир суроосун гана чагылдырган.

КТРКнын расмий интернет порталында http://www.ktrk.kg/kg/media/video/19478 шилтемеси боюнча жарыяланган «МАЕК» берүүсүнѳ тийиштүү Жумушчу топ тѳмѳндѳгүлѳрдү белгилейт:

2020-жылдын 22-декабрында КТРК тарабынан жогоруда аталган шилтеме боюнча «Башкаруу формасын эл тандайт/ МАЕК» темасында видеоматериал жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоорун талкуулоо үчүн Конституциялык кеңешменин эксперттери: экономика илимдеринин кандидаты А. Кыдыралиев, юридика илимдеринин кандидаты А. Абакирова жана кѳз карандысыз эксперт, юрист А. Мамбеткадыров чакырылган.

Жумушчу топтун жыйынынын жүрүшүндѳ КТРК ѳкүлдѳрү эксперттер Кыргыз Республикасынын жарандарын маалымдоо максатында Конституциялык кеңешменин ишин чагылдыруу үчүн чакырылганын билдиришкен.

«Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2-беренесине ылайык «референдумдун катышуучуларына маалымдоо - референдум өнөктүгү мезгилинде референдумдун катышуучуларына референдумга катышууга түрткү берүүгө көмөктөшүүгө, жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө жана референдумдун айкындыгына көмөктөшүүчү маалыматтарды даярдоо жана таратуу боюнча иш. Референдумдун катышуучуларына маалымдоо үгүттүн элементтерин же белгилерин камтууга тийиш эмес».

Ушуга байланыштуу Жумушчу топ референдумга чыгарылган бир гана суроону колдогон эксперттердин катышуусу менен маалыматтык материалдарды чагылдыруу толук ѳлчѳмдѳ жарандардын аң-сезимдүү ѳз эркин билдирүүгѳ кѳмѳктѳшѳт жана шайлоо алдындагы үгүт катары кабыл алынышы мүмкүн деп эсептейт.

Мындай түрдѳгү берүүлѳрдү уюштурууда КТРК башкаруунун президенттик формасын колдогон сыяктуу эле, ошондой эле башкаруунун парламенттик формасын колдогон тараптарга бирдей мүмкүнчүлүк берүүгѳ милдеттүү.

Жумушчу топтун жыйынында КТРК ѳкүлдѳрү Жумушчу топтун жүйѳлѳрү менен макул экендиктерин билдиришти жана башкаруунун парламенттик формасы маселеси боюнча кѳз карандысыз эксперттердин катышуусу менен акысыз берүүнү уюштурууга телерадиоуюм даяр экендигин, ошондой эле «Ала-Тоо 24» маалымат программасында түшүндүрмѳсүн бере тургандыктарын билдиришти.

Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренсинин 1-бѳлүгүнүн 1 жана 2-пункттарына ылайык «Борбордук шайлоо комиссиясы:

1) шайлоо мыйзамдарынын аткарылышына контролдук кылууну жүзөгө ашырат;

2) өз ыйгарым укуктарынын чектеринде токтомдорду, нускамаларды, жоболорду, башка актыларды чыгарат жана алардын аткарылышын контролдойт.».

Ошону менен бирге эле жогоруда аталган Мыйзамдын 6-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 1-пунктчасында Кыргыз Республикасынын аймактарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарынын жана референдумга катышуу укуктарынын сакталышын камсыз кылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын милдети экендиги белгиленген.

Ошондой эле 2020-жылдын 29-декабрында Борбордук шайлоо комиссиясына Д.Д.Бекешовдон №01-12/4061 арыз келип түшкѳн, анда https://www.younube.com/watch?v=M2niOQwhLm0&feature=youtu.be шилтемеси боюнча YouTube  видеохостингинде жайгаштырылган «Пирамида жумалыгы» рубрикасында «ТВ Пирамида» телеканалы тарабынан ушундай эле бузуулар жана https://www.younube.com/watch?v=bZJRSHT1T-4&feature=youtu.be. шилтемесинде YouTube видеохостингинде жайгаштырылган «ЭлТР» МТРК телеканалында бар экендиги билдирилген.

Арыз ээси ѳзүнүн катында ошондой эле таасир этүүнү жана тийиштүү органдарга кайрылууну суранган жана жыйынтыктары жѳнүндѳ кат жүзүндѳ жооп берүүнү ѳтүнгѳн.

«ТВ Пирамида» жана «ЭлТР» МТРК каналдарындагы аталган материалдар КТРК материалдарына окшош болгон шарттарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясы арыздарды кароону бириктирүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейт.

Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселеси жана үгүт эрежелери боюнча Жумушчу топтун чечиминин негизинде, «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин, 2020-жылдын 26-июнундагы № 115 «Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жана үгүт эрежелери маселеси боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ» Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. «Парламенттик республика үчүн» үгүт тобунун жетекчиси Д.Д.Бекешевдин кайрылуусу эске алынсын.

2. Коомдук телерадиоберүү корпорациясы маалымат берүү процессинде үгүт элементтерине жол бербей, маалымат берүүнү мыйзамдарга толук ылайык камсыз кылсын.

3. Коомдук телерадиоберүү корпорациясы, «Пирамида» жана «ЭлТР» МТРК телекомпаниялары референдум жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жарандарын маалымдоо процессинде мыйзамдарда белгиленген маалымдоо принциптерин бекем сактасын, башкаруунун тигил же бул формасы үчүн үгүт элементтерине жол бербесин жана ошону менен бирге референдумга чыгарылган бардык кѳз караштар боюнча тең салмактагы маалымдоону камсыз кылсын.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын конролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басарына жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын 29-декабры

№ 306