Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 04.12.2020 №282 Кыргыз Республикасынын Президентинини кызмат ордуна талапкер …

04.12.2020 №282 Кыргыз Республикасынын Президентинини кызмат ордуна талапкер Б. Калмаматовго карата «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» КБнын даттануусу жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинини кызмат ордуна талапкер Б. Калмаматовго карата «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» КБнын даттануусу жѳнүндѳ

2020-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасында шайлоо жана рефрендум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча жумушчу топ менен шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектерин маалымдоо маселеси жана үгүт эрежелери боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топтор) биргелешкен чечимин карап чыгып, тѳмѳндѳгүлѳрдү белгилейт.

Өзүнүн арызында «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» КБ https://www.youtube.com/watch?v=wbvfQDJJIyE шилтемеси боюнча «YouTube» видеохостингде КР Президентине талапкер Б. Калмаматов менен Н. Айтбекованын интервьюсу жарыялангандыгын, анда Б Калмаматовдун сѳзүндѳ талапкерге карата шайлоочулардын терс мамилесин түзүүгѳ кѳмѳктѳшкѳн сѳздѳр жолугарын белгилеген.

Ушуга байланыштуу арыз ээси Кыргыз Республикасынын Президентинини кызмат ордуна талапкер Б. Калмаматовдун аракетине укуктук баа берүүнү жана анын аракетинде шайлоо мыйзамдарын бузуу бар болсо, аны жоопкерчиликке тартууну суранган.

Ишти ар тараптуу жана объективдүү кароо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б. Калмаматовдун ыйгарым укуктуу ѳкүлү М.К. Мойдунов жана «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» КБнын ѳкүлү Э. Ирискулбеков чакырылган.

Өз тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинини кызмат ордуна талапкер Б. Калмаматовдун ыйгарым укуктуу ѳкүлү ага ишеним берген адам аталган итервьюда эксперт катары гана ѳз пикирин ѳлкѳдѳгү саясий кырдаал жѳнүндѳ айтканнын белгиледи.

Иштин материалдарын иликтеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б. Калмаматовдун ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн түшүндүрмѳсүн угуп, интервьюга шилтеме жасалган жагдайларды иликтеп, Борбордук шайлоо комиссиясы тѳмѳнкүдѳй тыянакка келет:

2020-жылдын 12-ноябрында Б. Калмаматов Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген.

Конституциялык Мыйзамдын 1-беренесине ылайык «талапкер - ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте шайлануу аркылуу ээленүүчү Президенттин кызмат ордуна жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн адам».

Иштин материалында кѳрүнгѳндѳй, 2020-жылдын 24-ноябрында https://www.youtube.com/watch?v=wbvfQDJJIyE шилтемеси боюнча «YouTube» видеохостингде Кыргыз Республикаынын Президентине талапкер Б. Калмаматов менен Н. Айтбекованын интервьюсу жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б. Калмаматов менен болгон ушул интервьюда «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 28-беренесинин 6-бѳлүгүнүн 4-пунктунда белгиленген үгүт жана үгүткѳ каршы элементтер бар, атап айтканда: «Талапкер, саясий партия үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн берилген телеберүүнү ишке ашыруучу уюмдардын каналдарында үгүт жүргүзүү үчүн берилген эфир убактысын, басылма продукцияны, аянтчаны төмөнкү максаттарга колдонууга укугу жок:

1) талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга каршы добуш берүүгө чакырыктарды таратууга;

2) тигил же бул талапкер шайланган учурда мүмкүн болуучу терс натыйжаларды сыпаттоого;

3) кайсы бир талапкер (кайсы бир талапкерлер), катталган талапкерди көрсөткөн саясий партия тууралуу маалыматтар көз көрүнөө басымдуулук кылган, терс пикирлер менен коштолгон маалыматтарды таратууга;

4) талапкерге, катталган талапкерди көрсөткөн саясий партияга карата шайлоочуларда терс мамилени жаратууга көмөктөшүүчү маалыматтарды таратууга”.

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 44-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык “Шайлоочу, байкоочу, талапкер же анын өкүлү, ишенимдүү адамы тарабынан шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарынын бузулушу, - 4-категориядагы айып пул салууга алып келет (б.а. 7 500 сом)”.

Баяндалгандарды эске алуу менен, сунуш кылынган материалдарды, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б. Калмаматовдун жана «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» КБнын ѳкүлдѳрүнүн малыматтарын илктеп чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин аракетинде конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 6-бѳлүгүнүн 4-пунктун жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 44-беренесинин 1-бѳлүгүн бузуу белгилери бар деген корутундуга келет.

Баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 6-бѳлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин, 2020-жылдын 26-июнундагы № 115 жана “Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ” жобону жана 2017-жылдын 10-июлундагы № 117 “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумду өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттердин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ жөнүндө» жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Материалдар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б. Калмаматовду жоопкерчиликке тартуу жѳнүндѳ маселени кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жѳнѳтүлсүн.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А.Т. Асаналиевге жүктѳлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                                  Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

г. Бишкек ш., 2020-жылдын 4-декабры

№ 282