Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 04.12.2020 №278 Шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери боюнча Кыргыз …

04.12.2020 №278 Шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И. Ташовдун интервьюсу жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И. Ташовдун интервьюсу жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – КР БШК) 2020-жылдын 26-июнундагы № 115 токтому менен бекитилген «Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ» жобонун 8-пунктуна ылайык шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) талапкер тарабынан кетирилген бузууларга мониторингдин алкагында шайлоо алдындагы үгүттүн белгилеринин бар экендиги боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И. Ташовдун интерьвюсун карап чыкты.

2020-жылдын 29-ноябрында жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет басылмаларга мониторингдин натыйжасында Жумушчу топ тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Жалбырак ТВ жана Govori TV сыяктуу «YouTube» видеохостингде жайгаштырылган видеоматериалда үгүт жүргүзүүнү бузуу белгилерин кароо тууралуу маселе демилгеленген.

Сунуш кылынган материалда 2020-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И. Ташов ѳзүнүн демилгеси менен жалдпыга маалымдоо каражаттарынын ѳкүлдѳрү менен жолугушуу уюштургандыгы кѳрүнүп турат. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И. Ташов 13 минут жана 36 секнуд аралыгында эгерде Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланып калса, ѳзүнүн пландары жѳнүндѳ сѳз козгогон.

Талапкер 4 минут 49 секундда ѳзүнүн шайлоо алдындагы үгүт ѳнѳктүгүнүн артыкчылыктуу багыттары жѳнүндѳ сѳз кылып, Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланып калса багыттарын баяндап берген. Айтсак Кыргыз Республикасынын Президентине талапкер И. Ташов тѳмѳндѳгүлѳрдү баяндаган: «Алдыга койгон милдеттерди ишке ашыруу үчүн мен элден үч жыл гана суранам. Үч жылдын ичинде мен Кытай эл республикасынын алдындагы Кыргызстандын сырткы карызын жүз пайыз жоёт элем. Мен 30 жыл жабыркаган Кыргыз мамлекетин 3 жылда калыбына келтирмекмин. Үч жылда Кыргыз Республикасынын чек араларындагы талаш участокторду чечип, үч жылда Кыргыз Республасындагы коррупцияны жок кылмакмын. Ал үчүн мен Кыргыз Республикасынын конституциялык палатасына арыз менен кайрылып, соттун ѳзѳгчѳ чечимин чыгартмакмын. Эгерде ушуларды аткара албасам жѳн эле отставкага кетмекмин, кылмыш ишин козгоп, мыйзам алдында жооп бермекмин».

Ушул материалды обьективдүү жана ар тараптан кароо үчүн Жумушчу топтун жыйынына талапкер И. Ташовдун ѳкүлү чакырылган. Жыйында шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Р. Юсупов жана финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Г. Турдумамбетова катышып олтурушту.

Жумушчу топтун жыйынында талапкердин ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрү аталган жолугушуу шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү максатында уюштурулбагандыгын, ошондуктан шайлоо фондусунан тѳлѳнбѳгѳндүгүн түшүндүрүштү.

Маселени маңызы боюнча карап чыгып, талапкердин ѳкүлдѳрүнүн түшүндүрмѳлѳрүн угуп, сунуш кылынган видеоматериал менен таанышып, Жумушчу топ тѳмѳндѳгүлѳрдү белгилейт.

И.А. Ташов 2020-жылдын 13-ноябрында Борбордук шайлоо комиссиясына ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентингин кызмат ордуна талапкер болуу ниети жѳнүндѳ арыз берген.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 1-беренесине ылайык, талапкер - ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте шайлануу аркылуу ээленүүчү Президенттин кызмат ордуна жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн адам.

Конституциялык мыйзамдын 1-беренесине ылайык, «Шайлоо алдындагы үгүт - Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде маалыматтарды даярдоо жана таратуу боюнча талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын шайлоочуларды тигил же бул талапкерлер (талапкерлердин тизмелери) үчүн же аларга каршы добуш берүүгө түрткөн, же түртүү максаты бар иштери”.

Конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 10-бѳлүгүнѳ ылайык,“Төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат:

1) тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;

2) айрым талапкерлерге, саясий партияларга карата колдоону билдирүү;

3) талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу;

4) талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу».

Сунуш кылынган материалдарды, Кыргыз Республикасынын Президентине талапкер И. Ташовдун ѳкүлүнүн маалыматын иликтѳѳнүн негизинде Жумушчу топ талапкердин аракетинде конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 1-бѳлүгүн бузуунун бар экендиги, ошондон улам Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 44-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык жоопкерчилик каралгандыгы тууралуу корутундуга келет.

Баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 23-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 44-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 118 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 115 токтому менен бекитилген шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Материалдар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И. Ташовду жоопкерчиликке тартуу жѳнүндѳ маселени кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жѳнѳтүлсүн.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жетекчиси Г.К. Джурабавага жүктѳлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                              Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш. 2020-жылдын 4-декабры

№ 278