Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 22.03.2023 №5 2023 - жылга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү …

22.03.2023 №5 2023 - жылга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну ѳркүндѳтүү боюнча иш-аракеттердин планы жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

2023 - жылга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну ѳркүндѳтүү боюнча

иш-аракеттердин планы жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды жакшыртуу

максатында, шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жакшыртуу боюнча натыйжалуу чараларды кабыл алуунун зарылдыгын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 20-июнундагы № 2 чечими менен түзүлгѳн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну ѳркүндѳтүү боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) тарабынан 2023-жылга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну ѳркүндѳтүү боюнча иш - аракеттердин планы (мындан ары – Пландын долбоору) иштелип чыккан.

Пландын долбоору тийиштүү мамлекеттик органдар менен макулдашылган жана келип түшкөн сунуштардын негизинде толук иштелип чыкты.

Бир катар мамлекеттик органдардын түзүмүндө жана кадрдык курамында өзгөрүүлөр болгондугуна байланыштуу Жумушчу топтун курамына дагы өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы болду.

Жумушчу топтордун курамына талапкерлерди алмаштыруу сунушу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан (№7/67, 2023-жылдын 25-январы), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен (№8/53, 2023-жылдын 20-январы), Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинен (№ 8/78, 2023-жылдын 26-январы), Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинен (№8/71, 2023-жылдын 25-январы), Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигинен (№8/80, 2023 - жылдын 26 - январы), Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык ѳнүктүрүү департаментинен (№ 10/57, 2023-жылдын 23-январы) каттар келип түшкѳн.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 14, 22, 29, 30-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22, 29, 30-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Респрубликасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктун, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. 2023-жылга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну ѳркүндѳтүү боюнча иш - аракеттердин планы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну ѳркүндѳтүү боюнча Жумушчу топтун курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 20-июнундагы № 2 чечими күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчѳсү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну ѳркүндѳтүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А.К. Жумалиевага жүктѳлсүн.

 

 

                   ТӨРАГА                                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2023-жылдын 22-марты

№ 5