Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 20.01.2021 №17 Аймактык шайлоо комиссияларынын аракетсиздигине «Клооп Медиа» …

20.01.2021 №17 Аймактык шайлоо комиссияларынын аракетсиздигине «Клооп Медиа» КФ даттануусу жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Аймактык шайлоо комиссияларынын аракетсиздигине «Клооп Медиа» КФ даттануусу жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын дарегине «Клооп Медиа» КФнын 2021-жылдын 15-январындагы № 04-13\251 даттануусу келип түшкѳн, даттанууда тѳмѳндѳгүлѳрдү суранган:

- участкалык шайлоо комиссияларынын (мындан ары – УШК) тѳрагаларынын аракетсиздигин мыйзамга ылайык эмес деп таанууну;

- аймактык шайлоо комиссияларынын (мындан ары – АШК): Сокулук АШК, Чүй АШК, Аламүдүн АШК, Ысык-Ата АШК, Токмок АШК, Москва АШК, Талас шаары боюнча АШК, Талас АШК, Нарын шаардык АШК, Ак-Талаа АШК, Өзгѳн АШК, Ош АШК, Ноокат АШК, Араван АШК, Каракол АШК, Түп АШК , Тоң АШК, Ысык-Кѳл АШК, Жети-Өгүз АШК, Балыкчы АШК, Жалал-Абад АШК, Ноокен АШК, Сузак АШК, Майлуу-Суу АШК, Аксы АШК, Баткен шаардык АШК, Ак-Талаа АШК, Кадамжай АШК, Кызыл-Кыя АШК, Сузак АШК, Баткен АШК аракетсиздиктерин мыйзамга ылайык эмес деп таанууну;

- Сокулук АШК – УШК №№ 7234, 7204, 7208, 7210, 7229, 7215, 7213, 7219, 7224, 7226, 7227, 7239, 7247, 7285, 7405; Аламүдүн АШК – УШК №№ 7401, 7153, 7159, 7192; Ысык-Ата АШК – УШК №№ 7090, 7092, 7149, 7125, 7089, 7147; Токмок АШК – УШК №№ 7081, 7063, 7071, 7070, 7072, 7076, 7075, 7079, 7078, 7074, 7069; Чүй АШК – УШК №№ 7040, 7058; Ысык-Ата АШК – УШК №№ 7125, 7149, 7090, 7092, 7089, 7147; Москва АШК – УШК №№ 7288, 7285, 7292; Талас шаардык АШК – УШК №№ 6109, 6113; Талас АШК – УШК №№ 6096; Ак-Талаа АШК – УШК №№ 4087, 4088, 4089; Нарын шаардык АШК – УШК №№ 4069, 4078; Өзгѳн АШК – УШК №№ 5060, 5066; Ош АШК – УШК №№ 5901, 5280, 5276, 5279, 5282, 5288, 5320, 5308, 5312; Ноокат АШК – УШК №№ 5377, 5431; Араван АШК – УШК №№ 5341; Каракол АШК – УШК №№ 3143, 3153, 3147, 3140, 3161, 3158, 3150; Түп АШК – УШК №№ 3064; Ысык-Кѳл АШК – УШК №№ 3051; Жети-Өгүз АШК – УШК №№ 3190; Балыкчы АШК – УШК №№ 3003; Жалал-Абад АШК – УШК №№ 2106, 2112, 2114, 2105, 2104; Ноокен АШК – УШК №№ 2163, 2193; Сузак АШК – УШК №№ 2061, 2357, 2029; Тогуз-Торо АШК – УШК №№ 2089; Майлуу-Суу АШК – УШК №№ 2216; Аксы АШК – УШК №№ 2307; Баткен шаардык АШК – УШК №№ 8179, 8078, 8076, 8071; Кадамжай АШК – УШК №№ 8123; Кызыл-Кыя АШК – УШК №№ 8166; Баткен АШК – УШК №№ 8075, 8074 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууну.

Даттануу 31 АШКга, 104 УШКга берилген.

«Клооп Медиа» КФ 2021-жылдын 15-январындагы даттануусуна 2021-жылдын 19-январында № 04-13/274 тактоосун берген, анда, арыз ээсинин пикири боюнча, бузуулар болгондугу байкалган 43-участкалык шайлоо комиссиясынын жоопкерчилигин кароону суранган.

Ошентип арыз ээсинин такталган даттануусунун жыйынтыгы боюнча 21 АШКнын жана 43 УШКнын аракетсиздигине берилген.

Бул даттануу Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) тарабынан каралган, анын жыйынтыгы боюнча УШК мүчѳлѳрүнүн жана АЭУ операторлорунун добуш берүү үчүн урнанын жанында болуусу, станционардык урналарды пайдалануу жана аларды пломбалоо, байкоочулардын шайлоо укуктары боюнча 18-УШК (7213, 7215, 7226, 7227, 7229, 7405, 7040, 7070, 7071, 7074, 5279, 5282, 5066, 3147, 3214, 3051, 4087, 4080, 2105, 2104, 2112, 2193, 2357, 2029, 8166, 6113, 6096) мүчѳлѳрү менен түшүндүрүү боюнча иш-чараларды ѳткѳрүү жѳнүндѳ чечим кабыл алынган.

УШК мүчѳлѳрүнүн урналарга жакын туруп, АЭУну пайдаланууну бузуу боюнча 6 шайлоо комиссияларына (№ 7149, 7401, 7288, 5288 УШК) эскертүү берүү, анын ичинде № 5320, 5276 УШК боюнча Ош АШКга эскертүү берүү каралды, анткени Ош АШКнын аракетинде «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 45-беренесинин 4-бѳлүгүнүн талаптарын бузуу фактысы аныкталган, конституциялык Мыйзамга ылайык «Келип түшкөн арыздар (даттануулар) шайлоо комиссиялары же соттор тарабынан келип түшкөн учурдан тартып 3 күндүк мөөнөттө каралууга жатат. Чечимди кабыл алган орган тарабынан кол коюлган жана мөөрү басылып ырасталган чечим жазуу жүзүндө токтоосуз арыз ээсине тапшырылат».

Кароонун жыйынтыгы боюнча бузуулар фактысына далилдердин жоктугуна байланыштуу арыз ээси тарабынан 19 УШК боюнча даттануулар чакыртылып алынган,

Жогоруда аталган Жумушчу топтун маалыматын жана чечимин, «Клооп Медиа» КФнын ѳкүлү Ф. Якупбаеванын түшүндүрмѳсүн угуп, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй жыйынтыкка келет.

Даттануу 21 АШКга, 43 УШКга берилген. Даттанууда кѳрсѳтүлгѳн бузууларды тѳмѳндѳгү категорияларга бѳлсѳ болот:

- АЭУ пайдалануунун бузулушу;

- Шайлоочунун добуш берүүсүнүн жашырындуулугун жана добуш берүүнү уюштурунун эрежесинин бузулушу;

- Байкоочулардын укуктарынын бузулушу;

- Шайлоо алдындагы үгүттүн шарттарынын бузулушу;

- Добуш берүү үчүн жабдууларды даярдоодо бузуулар;

- Шайлоодо жана референдумда добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилѳѳнүн жана натыйжаларын аныктоонун бузулушу.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында объективдүү кароо үчүн «Клооп Медиа» КФнын ѳкүлү Ф. Якупбаева, ошондой эле кызыктар тараптар чакырылган.

Даттанууну кароодо «Клооп Медиа» КФнын ѳкүлдѳрүнүн бардык шайлоо участкалары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу боюнча такталган даттанууларындагы кѳрсѳтүлгѳн талаптарынан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынды.

«КР шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» КР Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 26, 30-пукттарына ылайык «Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссияларынын жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларды карайт, текшерүүлөрдү жүргүзөт жана алар боюнча шайлоо мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө жүйөлөнгөн чечим чыгарат».

Баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 45-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1.«Клооп Медиа» КФнын 2021-жылдын 15-январындагы № 04-13\251 даттануусу:

- шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу бѳлүгүндѳ – баш тартылсын;

- аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын тѳрагаларынын аракетсиздигин мыйзамга ылайык эмес деп таануу бѳлүгүндѳ – жарым-жартылай канаатандырылсын:

УШК мүчѳлѳрүнүн жана АЭУ операторлорунун добуш берүү үчүн урналардын жанында туруусу жана аларды пломбалоо, стационардык урналарды пайдалануу, ошондой эле байкоочулардын шайлоо укуктары бѳлүгүндѳ «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогороку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым нормаларын бекем сактоо боюнча 7213, 7215, 7226, 7227, 7229, 7405, 7040, 7070, 7071, 7074, 5279, 5282, 5066, 3147, 3214, 3051, 4087, 4080, 2105, 2104, 2112, 2193, 2357, 2029, 8166, 6113, 6096 УШК мүчѳлѳрү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

Ош АШК тѳрагасына, № 7149, 7401, 7288, 5288 УШК тѳрагаларына даттанууларды кароонун мѳѳнѳттѳрүн бузуу, добуш берүүнү уюштуруунун эрежелерин бузууга жол бербѳѳ бѳлүгүндѳ «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогороку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым нормаларын бузууга жол бербѳѳ жѳнүндѳ эскертүү берилсин.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3 Участкалык шайлоо комиссияларынын тѳрагаларынын аракетсиздигин мыйзамга ылайык эмес деп таануу. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчѳсү А.Т. Асаналиевге жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 20-январы

№ 17