Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 20.01.2021 №15 Аймактык шайлоо комиссияларынын аракеттерине «Клооп Медиа» …

20.01.2021 №15 Аймактык шайлоо комиссияларынын аракеттерине  «Клооп Медиа» КФнын даттануусу жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Аймактык шайлоо комиссияларынын аракеттерине
 
«Клооп Медиа» КФнын даттануусу жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча Жумушчу топ (мындан ары –Жумушчу топ) 2021-жылдын 20-январындагы жыйынында «Клооп Медиа» КФнын (мындан ары – арыз ээси) 2021-жылдын 15-январындагы даттануусун карап чыгып, тѳмѳндѳгүлѳрдү белгиледи.

Арыз ээси аймактык шайлоо комиссияларынын аракеттериндеги бузууларды белгилеген, ушуга байланыштуу тѳмѳндѳгүлѳрдү суранган:

- участкалык шайлоо комиссияларынын (мындан ары текст боюнча – УШК) тѳрагаларынын аракеттерин мыйзамга ылайык эмес деп таанууну;

- аймактык шайлоо комиссияларынын (мындан ары текст боюнча – АШК): Кемин АШК, Тогуз – Торо АШК, Нарын АШК, Кочкор АШК, Ат-Башы АШК, Ак-Суу АШК аракеттерин мыйзамга ылайык эмес деп таанууну;

- №7007, 7024 (Кемин АШК), №4078 (Тогуз-Торо АШК), №4069 (Нарын АШК), №4148 (Кочкор АШК), №4173 (Ат-Башы АШК), №3106, 3137, 3136 (Ак-Суу АШК) шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынытыктарын жокко чыгарууну.

Даттануу 6 АШКнын, 10 УШКнын аракеттерине карата берилген. Аталган даттануудагы бузууларды тѳмѳндѳгү категорияларга бѳлсѳ болот:

  • АЭУ (автоматтык эсептѳѳчү урналарды) пайдалануудагы бузуулар - № 7007, 2089, 4173, 3136 УШК;
  • Шайлоочунун ѳз эркин билдирүүсүнүн жашырындуулугунун жана добуш берүүнү уюштуруу эрежелеринин бузулушу –№ 7024, 4069, 4148, 3137, 3106 УШК;
  • Байкоочулардын шайлоо укуктарынын бузулушу - №4078 УШК.

Жумушчу топтун жыйынына «Клооп Медиа» КФдан Ф. Якупбаева жана кызыктар адамдар чакырылган.

Арыз ээси ѳзүнүн талаптарын колдоо менен 2021-жылдын 12-январында «Клооп Медиа» КФ тарабынан УШК мүчѳлѳрүнүн жана тѳрагаларынын аркетсиздигине даттануу берилгендигин жана шайлоолордун натыйжаларын анык эмес деп таануу керектигин билдирген. Бирок жогоруда аталган АШК ѳзүнүн чечимдеринде даттанууну канаатандыруудан баш тартышкан, ушуга байланыштуу АШКнын аракеттерин негизсиз деп эсептейт.

Даттанууда арыз ээси «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 9, 35, 37-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 9, 31, 45-беренелерин бузуулар болгондугун белгилеген.

Даттанууну карап чыгып, арыз ээси берген сүрѳт жана видеоматериалдарды иликтегенден кийин, кызыктар тараптардын түшүндүрмѳлѳрүн угуп Жумушчу топ тѳмѳндѳгүдѳй корутундуга келген.

№ 7007, 7136, 4069, 4078, 4073, 2089 УШК боюнча арыз ээсинин жүйѳлѳрүн тастыктаган далилдер берилген эмес, ушуга байланыштуу арыз ээси аталган шайлоо комиссиялары боюнча талаптарынан баш тартты.

Мында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин 4-бѳлүгүнүн жетинчи абзацында «Мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыздар (даттануулар) менен шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар кайрыла алышат. Арыздар (даттануулар) жүйөлүү болуп, аларга негизделген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш» экендиги белгиленген.

7024, 3137, 4148 УШК боюнча колдо болгон бардык материалдарды, анын ичинде добуш берүүдѳ, жыйынтыктарын чыгарууда, ошондой эле АЭУ ишинде жогорудагы конституциялык Мыйзамда кѳрсѳтүлгѳн беренелерди бузуулар боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын тѳрагаларынын берген түшүнүктѳрүн кароонун натыйжалары боюнча Жумушчу топ добуш берүүнүн тартиби боюнча, шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын ѳз эркин билдирүүсүнѳ таасир эткен УШК мүчѳлѳрүнүн аракеттеринде шайлоо мыйзамдарын бузуулар, ошондой эле АЭУ иштебей калуулары болбогондугун, арыз ээсинин жүйѳѳсү далилденбегендигин белгилейт. Жумушчу топ тарабынан № 7024, 4148 УШК тѳрагаларына, № 3137 УШКнын АЭУнун операторуна эскертүү берүү; №3106 участкалык шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алынган.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 5-бѳлүгүнүн экинчи абзацына ылайык шайлоо участогунда добуш берүүнүн, добуштарды саноонун же добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоонун жүрүшүндө шайлоочулардын өз эркин билдирүүлөрүнө таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууларына, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийгилишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан бузуулар шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар деп түшүнүлөт.

Мында конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 5-бѳлүгүндѳ белгиленген талаптардын бузулушун кѳрсѳткѳн далилдер аныкталган жок.

Жогоруда кѳрсѳтүлгѳн шарттарды эске алуу менен Жумушчу топ аймактык шайлоо комиссияларынын аракеттеринин мыйзамсыз экендиги жѳнүндѳ арыз ээсинин жүйѳлѳрүн негизсиз деп эсептейт, мындай шартта «Клооп Медиа» КФнун даттануусу канаатандырылууга жатпайт.

Баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-1, 43-беренелерин, Кыргыз Республикасында шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароонун тартиби жѳнүндѳ Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. «Клооп Медиа» КФнын 2021-жылдын 15-январындагы № 13/246 даттануусу:

- Кемин АШК, Тогуз – Торо АШК, Нарын АШК, Кочкор АШК, Ат-Башы АШК, Ак-Суу АШК аймактык шайлоо комиссияларынын аракеттерин мыйзамга ылайык эмес деп таануу; №7007, 7024 (Кемин АШК), №4078 (Тогуз-Торо АШК), №4069 (Нарын АШК), №4148 (Кочкор АШК), №4173 (Ат-Башы АШК), №3106, 3137, 3136 (Ак-Суу АШК) шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынытыктарын жокко чыгаруу бѳлүгүндѳ – баш тартылсын;

- участкалык шайлоо комиссияларынын тѳрагаларынын аракеттерин мыйзамга ылайык эмес деп таануу бѳлүгүндѳ – жарым-жартылай канаатандырылсын:

№3106 УШК мүчѳлѳрү менен «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогороку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым нормаларын бекем сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

№ 7024, 4148 УШКнын тѳрагаларына, № 3137 УШК АЭУнун операторуна даттанууларды кароонун мѳѳнѳтүн бузууга, добуш берүүнү уюштуруунун эрежелерин бузууга жол бербѳѳ бѳлүгүндѳ «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогороку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын нормаларын бузууга жол бербѳѳ боюнча эскертүү берилсин.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун жетекчисине жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                              Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 20-январы

№ 15