Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 12.04.2024 №81 №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу …

12.04.2024 №81 №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер К. К. Салиховго карата Бейшенбек уулу Кубанычбектин арызы жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

2024-жылдын 8-апрелинде (кириш № В-11) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – КР БШК) № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Салихов Кеңеш Каримовичке карата Бейшенбек уулунун Кубанычбектин арызы келип түшкѳн.

Арыз ээси №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер К.К.Салиховдун 2024-жылдын 5-апрелинде шайлоо өнөктүгү башталганга чейин округдагы шайлоочулар арасында мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзгѳндүгүн көрсөткөн, ушуга байланыштуу үгүт иштеринин тартибин жана эрежелерин бузгандыгы үчүн ага карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Ѳзүнүн дооматтарынын негиздѳѳ үчүн арыз ээси аудио жазууларды, сүрөттөрдү, вотсап билдирүүлөрүнүн скриншотторун сунуштаган.

2024-жылдын 9-апрелинде КР БШКсынын отурумуна арыз ээси Бейшенбек уулу К. жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Салихов К. катышты.

Арызды кароонун жүрүшүндѳ Бейшенбек уулу К., Сокулук районунун Сокулук айылында жашагандыгын жана катталгандыгын, Баткен шайлоо округунун шайлоочусу эместигин түшүндүрдү. Баткендеги «Тѳлѳгѳн» аттуу досунун өтүнүчү боюнча вотсап аркылуу ага жѳнѳтүлгѳн материалдарды тиркеп, шайлоо алдындагы үгүт эрежелеринин бузгандыгы тууралуу К. Салиховго карата чара колдонуу үчүн КР БШКсына арыз менен кайрылган.

Бейшенбек уулу Кубанычбектин арызында баяндалган дооматтарды жана ага тиркелген материалдарды окуп карап чыгып, КР БШКсы тѳмѳнкү жыйынтыкка келет:

Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар тарабынан шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-29-беренелеринин жоболору менен жѳнгѳ салынат.

Жогоруда кѳрсѳтүлгѳн конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, талапкер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар ушул берененин 2, 3, 5 жана 6-бөлүктөрүнүн талаптарын бузган учурда, шайлоо комиссиялары, шайлоочулар, талапкер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу жана күнөөлүү жактарды ушул конституциялык Мыйзамда жана колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама менен укук коргоо органдарына, сотко кайрылууга укуктуу.

Бейшенбек уулу К. Сокулук районунун Сокулук айылылында жашагандыгы жана жашаган жери боюнча катталгандыгы аныкталгандыктан, ага ылайык ал №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округунун шайлоочусу болуп саналбайт. Ага жараша башка аймактын шайлоо округунун шайлоочусу болгондуктан, КР БШКсына №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катарында катталган К. Салиховго карата чара колдонуу тууралуу арыз менен кайрылууга анын укугу жок.

Ошол эле конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 13-бѳлүгүнүн 3-пунктусуна ылайык, басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен шайлоо өткөрүүдө үгүттөө төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Арызга тиркелген аудиожазылманы угууда, анда талапкер К. Салиховдун шайлоочуларды анын пайдасына добуш берүүгѳ үндѳгѳн чакырыктардын белгилери камтылган эмес. К. Салиховдун сѳзүнүн үнү так эмес болуп жана шайлоо алдындагы үгүт менен байланышпаган башка жагдайлар тууралуу сүйлѳгѳн сѳзү камтылган. Аны менен бирге, сунушталган К. Салиховдун элеси тартылган сүрѳтү, шайлоо алдындагы үгүттѳѳ тартибин бузууга багытталган конкреттүү маалыматты чагылдырбайт.

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 9-бөлүгүнүн негизинде: «Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн белгиленген тартиби сакталышын контролдойт жана жол берилген укук бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрөт. Талапкер, саясий партия ушул конституциялык Мыйзамдын 22-28-беренелеринде белгиленген талаптарды бузган учурда, тийиштүү шайлоо комиссиясы аларга укук бузуу жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө укуктуу. Талапкер, саясий партия ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече жолу (эки же андан көп жолу) бузган учурда, тийиштүү шайлоо комиссиясы аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга укуктуу.».

К. Бейшенбек уулунун арызындагы дооматтарды жана ага тиркелген аудиожазылма, сүрѳт, вотсап билдирүүлѳр боюнча материалдарды карап чыгып, жактардын түшүндүрмѳлѳрүн угуп, ошондой эле арыз ээси К. Бейшенбек уулунун Сокулук районунун Сокулук айылында жашагандыгын, №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округунун шайлоочусу эместигин эске алып, КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер К. Салихов тарабынан шайлоо алдындагы үгүттѳѳ тартибинин бузуу белгилерин тапкан жок.

КР БШКсынын арыз жана даттанууларды кароо, маалымдоо жана үгүт эрежелеринин маселелери боюнча Жумушчу тобунун корутундусун эске алып жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 28-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссия жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, 2020-жылдын 11-февралындагы № 41 токтому менен бекитилген Борбордук шайлоо комиссиясынын Шайлоо комиссиялары тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартиби жөнүндө Жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Бейшенбек уулу Кубанычбектин арызын канааттандыруудан - баш тартылсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын арыздарды жана даттанууларды, маалымат маселелерин жана үгүт жүргүзүү эрежелерин кароо боюнча Жумушчу тобунун жетекчиси У. Жылкыбаевге жүктөлсүн.

 

Төраганын орун басары                                                                             Т. Шайназаров

Бишкек ш. 9-апрель 2024-ж.

№81