Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 10.10.2017 №105 «Nooruz.kg» мекемесинин башкы директору Т. Солтобаевдин …

10.10.2017 №105 «Nooruz.kg» мекемесинин башкы директору Т. Солтобаевдин арызы жөнүндө

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары- Борбордук шайлоо комиссиясы) «Nooruz.kg» мекемесинин башкы директору ТемирланСолтобаевден03.10.2017-жылдагы кир.№ 01-13/2566, 07.10.2017-жылдагыкир. № 01-13/2982 эки арыз келип түшкөн.
Өз арыздарында арыз ээси kurch.kg и bagut.kg интернет-сайттарында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабанов жөнүндө маалымат жарыяланганын көрсөткөн. Арыз ээси мамлекеттик тилде жарыяланган “Бийлик административдик ресурсту колдонуп жатат деген сөз суу кечпейт”, “Криминалды айткан “НТС” өзүнүн кожоюнунун жанындагы караларды көрбөйт”, “Бабановго карата 10 даттануу келип түштү, БШК эми аны шайлоодон четтетеби?”, “Ал кимди коркутат, Төрөбаев эми өзүнө келдиби?” деген аталыштагы макалалар чындыкка дал келбегенин көрсөткөн. Өз арызында арыз ээси Борбордук шайлоо комиссиясынан аталган жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан шайлоо мыйзамдарынын ченемдеринин бузулушун кароону өтүнгөн.
2017-жылдын 09-октябрында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум  өткөрүү процессинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобу (мындан ары –Жумушчу топ) берилген арызды маңызы боюнча карап чыкты.
Арыз эсинин далилдерин калыс кароо жана изилдеп чыгуу максатында Жумушчу топтун жыйналышына арыз ээси чакырылган.
Жумушчу топтун жыйналышында арыз ээси өз даттануусун колдогон жана  аталган жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан шайлоо мыйзамдарынын ченемдеринин бузулушун кароону өтүнгөн.
Арыз ээси Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабанов жөнүндө көрсөтүлгөн макалалар чындыкка дал келбейт деп эсептейт. Бирок арыз ээси тарабынан аталган макалалардагы маалыматтарды тастыктаган же төгүнгө чыгарган далилдер берилген эмес.
Арыз ээси аталган макалалар атайын ойдон чыгарылган маалыматтарга негизделгенин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановдун абийирине, ар–намысына жана ишкер беделине шек келтире турганын көрсөткөн.
Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, талапкерлер, алардын өкүлдөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, башка жактар, шайлоо алдындагы өнөктүктөргө катышууда билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же ишкер беделине зыян келтирген жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз. Мындай жарыялоолорго жол берген жалпыга маалымдоо каражаттары талапкердин, саясий партиянын талабы боюнча төгүндөө жарыялоого же чындыкка ылайык келбеген же аны бурмалаган макалага же билдирүүлөргө түшүндүрмө жарыялоого милдеттүү. Төгүндөө же түшүндүрмө атайын рубрикада же болбосо жооп берилип жаткан маалымат басылган тилкеде, ошондой арип менен мезгилдүү басылманын кийинки санында, ал эми телекөрсөтүү же радио боюнча чыгып сүйлөөгө төгүндөө же түшүндүрмө - төгүндөө же түшүндүрмө келип түшкөн күндөн кийинки чыгарылышта берилет.
 Демек, конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин укуктарын  коргоого ыйгарым укуктуу адамдардын тизмегин так аныктаган, ага арыз ээси кирбейт.
Конституциялык Мыйзамдын 43-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыздар (даттануулар) менен шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар кайрыла алышат. Арыздар (даттануулар) жүйөлүү болуп, аларга негизделген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш.
Жумушчу топтун жыйналышынын жүрүшүндө арыз ээси  анын кайсы шайлоо укугу бузулуп жатканын түшүндүргөн эмес, аны менен бирге арызына ага макалалар негизделген анык маалыматтарды берүүдөн башка талаптарды койгон эмес.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 07-июлундагы №212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө» Жобонун 1.9. п. ылайык, шайлоо укугунун бузулушу жөнүндө арыз (даттануу) шайлоо процессинин субъектилери (катышуучулары) тарабынан тийиштүү шайлоо комиссиясына токтоосуз, аларга шайлоо укугунун бузулушу, чечим кабыл алынгандыгы, иш-аракет жасагандыгы (аракетсиздиги) туурасында белгилүү болгон учурдан тартыпберилет. Ыйгарым укугу жок адам тарабынан же ушул пунктта көрсөтүлгөн арызды берүүнүн мөөнөтүн бузуу менен берилген арыз (даттануу) шайлоо комиссиялары тарабынан каралбайт жана үч календарлык күндөн кечиктирилбей, кароодон баш тартылгандыгынын себебин көрсөтүү менен Жумушчу топтун жетекчисинин колу коюлган коштоочу кат менен арыз ээсине (даттануучуга) кайтарылат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 43-беренесин, “Укуктук-нормативдик актылар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө» Жобонун 1.9. п., шайлоо жана референдум  өткөрүү процессинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобунун 2017-жылдын 09-октябрындагы чечимин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. «Nooruz.kg» мекемесинин башкы директору Темирлан Солтобаевдин арызын канааттандыруудан - баш тартылсын.
2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум  өткөрүү процессинде шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз даттанууларын кароо боюнча жумушчу тобунун жетекчиси  А.Т. Асаналиевге жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 10-октябры
№ 105