Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 08.01.2021 №10 Кыргыз Респуликасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык келүүсү …

08.01.2021 №10 Кыргыз Респуликасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык келүүсү боюнча С. Тентишев атындагы Азия медициналык институтунун негиздѳѳчүсү Эркин Тентишевдин үгүт материалдарын кароо жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

 

Кыргыз Респуликасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык келүүсү боюнча С. Тентишев атындагы Азия медициналык институтунун негиздѳѳчүсү Эркин Тентишевдин үгүт материалдарын

кароо жѳнүндѳ

 

Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежесин сактоого мониторингдин алкагында шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселеси жана үгүт эрежеси боюнча Жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) тарабынан https://m.facebook.com/story.php?story_fbid= 3565963856819403&id=100002174707445&sfnsn=mo шилтемеси боюнча «Facebook» социалдык түйүнүндѳ жайгаштырылган материал каралган.

Ушул материалды объективдүү жана ар тараптан кароо үчүн Жумушчу топтун жыйынына С. Тентишев атындагы Азия медициналык институтунун (мындан ары – АзМИ) юристи А.И. Баимбетов жана «Ысык-Ата, Кант жаштар ынтымагы» жаштар кыймылынын лидери У.Б. Майлибашев катышты.

Жумушчу топтун жыйынында АзМИнин ѳкүлү булл иш-чара «Ысык-Ата, Кант жаштар ынтымагы» жаштар кыймылы тарабынан уюштурулгандыгын жана АзМИнин административдик директору Ч.К. Алаков менен макулдашылгандыгын, бирок институттун имаратында үгүт жүргүзүү иш-чарасы ѳтѳ тургандыгы административдик директорго маалымдалбагандыгын түшүндүрдү.

Жаштар кыймылынын лидери У. Майлибашев ѳз сѳзүндѳ булл иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Н. Жапаровду колдоо максатында «Ысык-Ата, Кант жаштар ынтымагы» жаштар кыймылы тарабынан уюштурулгандыгын түшүндүрдү, мындан тышкары У. Майлибашев бул иш-чара жаштар кыймылы тарабынан демилгеленгендигин жана талапкердин штабы менен макулдашылбагандыгын билдирди. Эмне үчүн ушул институттун имаратында ѳткѳндүгүн ал аталган кыймыл коронавирус инфекциясы (Covid 19) жайылган мезгилде ѳзгѳчѳ кырдаал түзүлгѳн шартта Азия медициналык институту жана анын директору Э. Тентимишев менен тыкыс кызматташтык түзүлгүндүгүн жана андан кийин институттун жетекчилиги менен жакшы мамиле түзүлгѳндүгүн белгиледи. Ушуга байланыштуу жана сырта суук болгондуктан Кант шаарынын тургундары менен ушул институттун имаратында үгүт жүргүзүүнү суранышкан.

АзМИнин ѳкүлү түшүндүргѳндѳй, ушул иш-чарага институттун студенттери катышкан эмес, анткени коронавирус инфекциясы (Covid 19) жайылгандыгына байланыштуу студенттер оффлайн режиминде окуу корпусуна келишкен эмес жана онлайн режиминде үйлѳрүндѳ окушкан.

Аталган маселени карап чыгып, жыйындын катышуучуларынын түшүндүрмѳлѳрүн угуп жана сунуш кылынган видеоматериалдарды кѳрүп чыгып Жумушчу топ тѳмѳндѳгүлѳрдү белгилейт.

Узактыгы 1 минут 23 секунда болгон видео материалдан кѳрүнгѳндѳй, С. Тентишев атындагы Азия медициналык институтунун имаратынан «дрон» пайдалануу менен видеоматериал кѳрсѳтүлгѳн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Н. Жапаровдун сүрѳтү түшүрүлгѳн үгүт календарын пайдалануу менен аталган институттун директору Эркин Тентишев жарандарды алдыда болуучу шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президетинин кызмат ордуна талапкер С.Н. Жапаровду колдоого чакырган.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 22-беренесинин 8 жана 9-беренелерине ылайык «Кыргыз Республикасынын жарандарына, талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо өткөрүүдө мамлекет тарабынан ушул конституциялык Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эркин үгүт жүргүзүү камсыз кылынат.

9. Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар шайлоого катышуу үчүн, ар кандай талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин жактап же аларга каршы үгүт жүргүзүүгө, талапкерлердин же саясий партиялардын шайлоо алдындагы программаларын эркин жана ар тараптуу талкуулоого укуктуу.

Үгүттөө чогулуштарда, митингдерде жана жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле интернет-басылма аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Үгүт жүргүзүүнүн формасы жана усулу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгүѳ тийиш.».

Мында аталган видеодо медициналык институттун чоң залында жарандарына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Н. Жапаровдун басылма үгүт материалдарын пайдалануу менен аны колдоо чакырыгы менен чыгып сүйлѳшкѳн.

2020-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – БШК) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Н. Жапаровдун ыйгарым укуктуу ѳкүлү А.С. Мощинден кат келип түшкѳн, анда социалдык түйүндѳрдѳ тараган КР Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Н. Жапаровду колдогон видеого талапкердин шайлоо алдындагы штабынын жана талапкердин ѳзүнүн эч кандай тийиштиги жок экендиги билдирилген.

Конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 11-бѳлүгүнѳ ылайык «Шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу.».

Ошондой эле конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 10-бѳлүгүнѳ ылайык «Жарандар жана юридикалык жактар талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоого көмөктөшү үчүн иш аракеттерге шайлоо фонддору аркылуу гана каржылык (материалдык) колдоо көрсөтүүгө укуктуу. Юридикалык жактарга, алардын филиалдарына, өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле жеке адамдарга шайлоого түздөн-түз же кыйыр түрдө байланыштуу жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, товарларды сатууну бекер аткарууга же негизсиз төмөндөтүлгөн бааларда аткарууга тыюу салынат. Талапкердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, өздөрүнүн ыйгарым укуктарын, шайлоого түздөн-түз же кыйыр түрдө байланыштуу жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү бекер аткарууга укуктуу.”.

Ушуга байланыштуу тийиштүү шайлоо фондусунан жана конституциялык Мыйзамда белгиленген талапттарды бузуу менен алдын ала акы тѳлѳбѳй туруп шайлоо алдындагы материалдарды даярдоого тыюу салынат.

Баяндалгандары эске алуу менен, видеоматериалды кѳрүп чыгып, тараптарды угуп Жумушчу топ С. Тентишев атындагы Азия медициналык институтунун жетекчиси Э. Тентишев тарабынан шайлоо мыйзамдырынын талаптары бузулган деген тыянакка келет.

Баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, 2020-жылдын 26-июнундагы № 115 «Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселеси жана үгүт эрежелери боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ» Жобону жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тѳмѳндѳгүдѳй

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Материалдар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексине ылайык С. Тентишев атындагы Азия медициналык институтунун жетекчиси Эркин Тентишевдин жоопкерчиликке тартуу жѳнүндѳ маселени кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жѳнѳтүлсүн.

2. Материалдар КР Президентине талапкер С.Н. Жапаровду колдогон үгүт материалын даярдоочуну аныктоо максатында ыкчам чара көрүү координациялык топко жѳнѳтүлсүн.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселеси жана үгүт эрежеси боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Г. Джурабаевага жүктѳлсүн.

 

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                                                                         А. БЕКМАТОВ

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 8-январы

№ 10