Башкы БШКнын ЧУА КР БШКнын чечимдери 05.06.2023-ж.№ 125 №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу …

05.06.2023-ж.№ 125 №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна келип түшкѳн билдирүүлѳр жѳнүндѳ

01.10.2011 №6 28.10.2011 Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бир нече ирет бузгандыгы үчүн “Фабула” жана “De-Факто” мезгилдүү жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын эскертүү берүү жөнүндө ЧЕЧИМ 01.11.2011 Абышев Аскарбек Мусаевичтин арызы тууралуу ЧЕЧИМ 28.09.2011 №4 01.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларынын эсеп – кысап жүргүзүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө ЧЕЧИМ 29.09.2011 №5 Ленин жана Свердлов аймактык шайлоо комиссияларына тапшырма берүү жөнүндө чечим 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 15 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 16 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 17 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 18 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 19 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 20 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 21 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 22 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 23 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 24 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 25 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 26 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 27 11.11.2011 ЧЕЧИМ № 28 15.11.2011 Уметалиева Токтайым Джумаковнанын арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 29 15.11.2011 Арабаев Калыбектин арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 30 15.11.2011 арызы жөнүндө ЧЕЧИМ № 31 15.11.2011 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө ЧЕЧИМ № 32 02.02.2012 13.03.2012 ЧЕЧИМ № 2 С.К. Дыйкановго шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө 23.03.2012 РЕШЕНИЕ № 3 О вскрытии и изучении формирования списка избирателей на выборах депутатов Токмокского городского кенеша, прошедших 4 марта 2012 года 05.04.2012 ЧЕЧИМ №4 25.06.2012 ЧЕЧИМ №5 Бишкек шаарынын шайлоо округунун жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын белгилөө жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ № 6 Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасындагы шайлоочулардын жеке номерлерин тактоо процессин ылдамдатуу боюнча иш-чаралар жөнүндө 08.07.2012 ЧЕЧИМ №7 Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин салган шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүү жөнүндө 18.07.2012 ЧЕЧИМ № 8 “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө 04.10.2012 ЧЕЧИМ №9 03.11.2012 №10 ЧЕЧИМ Шайлоо алдындагы үгүткө Интернет-сайттардын катышуусу жөнүндө 05.11.2012 10.11.2012 ЧЕЧИМ № 12 19.11.2012 ЧЕЧИМ №13 21.11.2012 Чечим № 14 21.11.2012 Чечим № 15 21.11.2012 Чечим № 16 22.11.2012 Чечим № 17 22.11.2012 ЧЕЧИМ № 18 24.11.2012 ЧЕЧИМ № 19 26.11.2012 ЧЕЧИМ № 20 Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруусу жана өткөрүүсү жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №21 Бишкек шаарынын прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №22 Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 23 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ № 24 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө 06.12.2012 ЧЕЧИМ №25 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – БШК) 2023-жылдын 16 июнундагы жыйынында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн жүрүшүндѳ келип түшкѳн билдирүүлѳр жѳнүндѳ Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун мындан ары – ЫЧККТ) маалыматы угулду.

ЫЧККТ катчысы, БШКнын коррупцияны алдын алуу маселеси боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Ч.С. Исмаилованын маалыматы боюнча шайлоо ѳнѳктүгүнүн жүрүшүндѳ ЫЧККТга 13 бузуулар жѳнүндѳ билдирүү келип түшкѳн. Алардын ичинен 5 билдирүү шайлоого даярдык кѳрүү учурунда, 8 билдирүү шайлоо күнү жана андан кийин келип түшкѳн. Бардык келип түшкѳн билдирүүлѳр ыкчам түрдѳ тергѳѳгѳ тийиштүүлүгүнѳ жараша укук коргоо органдарына кароо жана укуктук баа берүү үчүн жѳнѳтүлгѳн.

2023-жылдын 16-июнунда БШКнын жыйынына укук коргоо жана кѳзѳмѳлдѳѳ органдарынын ѳкүлдѳрү чакырылган, алар ар бир келип түшкѳн факты боюнча маалымат беришти. Жыйында Бишкек шаары боюнча УКМК ББнын тергѳѳчүсү А.А. Адилбеков, Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары А.О. Мамыров, Бишкек шаарынын прокуратурасынын прокурору Ж. Мурзалиев чыгып сүйлѳштү.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык 11 билдирүү боюнча тергѳѳгѳ чейинки иликтѳѳ жүргүзүүнүн натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 27-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2-пунктунун негизинде кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Ленин районунун жана Бишкек шаарынын прокуратуралары тарабынан текшерүүнүн натыйжалары боюнча тергѳѳ органдарынын чечимдери мыйзамдуу жана негиздүү деп таанылган. 2 билдирүү боюнча иликтѳѳ улантылып жатат.

Бишкек шаары боюнча УКМК ББнын тергѳѳчүсү А.А. Адилбеков талапкер Э.Искаков тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузуу жѳнүндѳ билдирүүгѳ байланыштуу №02-001-2023-012330 жана №02-828-2023-000122 тергѳѳгѳ чейинки текшерүүнүн натыйжалары боюнча кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартылгандыгын маалымдады. Бишкек шаарынын прокуратурасы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тергѳѳ органынын чечимин мыйзамдуу жана негиздүү деп тапты.

Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары А.О. Мамыров тѳмѳндѳгү 2 билдирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бѳлүгү боюнча тергѳѳ улантылып жатканын маалымдады:

- Бишкек шаарындагы Ленин райондук ИИБ тергѳѳ кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан №03-001-2023-000174 талапкер Д.А. Ниязалиеванын шайлоочулардын добуштарын сатып алуу аракети жѳнүндѳ;

- талапкер У.А. Сариев тарабынан шайлоо фондун жүргүзүүнүн эрежесинин бузулушу жѳнүндѳ Бишкек шаары боюнча УКМКнын тергѳѳ кызматы жүргүзүп жаткан №03-828-2023-000045 кылмыш иши.

Шайлоо мыйзамдарынын бузулушу жѳнүндѳ укук коргоо органдарынан мурда келип түшкѳн материалдарынын негизинде БШК ѳзүнүн копетенциясынын алкагында жогоруда аталган эки талапкердин жоопкерчилигин караган жана конституциялык-укуктук жоопкерчиликти колдонгон, анын натыйжасы боюнча:

- БШКнын 2023-жылдын 5-июнундагы № 123 чечими менен талапкер Д.А. Ниязалиеванын каттоосу жокко чыгарылып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жѳнүндѳ Бишкек шаарынын ИИББнин тергѳѳ кызматынын сунуштамасы канаатандырылган;

- БШКнын 2023-жылдын 5-июнундагы № 124 чечими менен Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобунун корутундусунун негизинде талапкер
У.А. Сариевдин каттоосу жокко чыгарылган.

Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2023-жылдын 9-июнундагы чечими жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдын 16-июнундагы токтому менен, БШКнын 2023-жылдын 5-июнундагы №123 чечими мыйзамдуу деп таанылып, күчүндѳ калтырылган.

ЫЧКТ келип түшкѳн бузуулар жѳнүндѳ бардык билдирүүлѳр боюнча мыйзамдарда белгиленген мѳѳнѳттѳ зарыл чаралар кабыл алынган. БШКнын компетенциясынын алкагында талапкерлердин конституциялык-укуктук жоопкерчилиги боюнча чаралар кабыл алынып, шайлоо мыйзамдарына ылайык тийиштүү чечимдер чыгарылган. Жазык сот ѳндүрүшүнүн алкагында укук коргоо органдары тарабынан бузуулар жѳнүндѳ бардык билдирүүлѳр каралып, алардын натыйжалары боюнча ар бир фактыга укуктук баа берилген.

Бишкек шаары боюнча УКМК ББнын жана Бишкек шаарынын прокуратурасынын маалыматтарын жана материалдарын угуп жана талкуулап, «Кыргыз Республикасыныни Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдын 43-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 4-февралындагы №33 токтому менен бекитилген «Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) ишинин тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаары боюнча УКМК ББнын жана Бишкек шаарынын прокуратурасынын №02-001-2023-012330, №02-828-2023-000122, №03-051-2023-000174, №03-828-2023-000045 сотко чейинки ѳндүрш боюнча маалыматтары эске алынсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун жетекчиси Т.Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                                         Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2023-жылдын 16-июну

№ 125