Башкы Жаңылыктар “Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” жана “Шаардын …

“Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” жана “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө” жоболору бекитилди

12-Авг, 2011

Бүгүн, 12 августта Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн кезектеги жыйналышында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын  жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин аткаруу максатында, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн кароосуна “Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” жана “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө” жоболорунун долбоорлору киргизилген.  Бул жоболор айыл өкмөт башчыларын жана шаар мэрлерин шайлоо тартибин аныктайт. Түшкөн сунуштар эсепке алынып көрсөтүлгөн жоболор бекитилди.

Республиканын мыйзамдарына ылайык, айыл өкмөтүнүн башчыларын -жергиликтүү айылдык кеңешинин депутаттары, шаардын мэрин - жергиликтүү шаардык кеңешинин депутаттары берилген мөөнөткө жашыруун добуш берүү жол аркылуу  шайлашат.

Республиканын мыйзамдарына ылайык, айыл өкмөтүнүн кызмат ордуна талапкерди сунуштоо укугуна айыл кеңешинин депутаты, депутаттары ээ. Райондун мамлекеттик администрациянын башчысы - аким айылдык кеңешке айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоого укуктуу.

Мэрдин кызмат ордуна талапкерлерди сунуш укугуна шаардык кеңешинин депутаттык фракциялары жана Кыргыз Республикасынын Премьер - министри ээ.

Шаарлардын мэрлерин шайлоону Борбордук шайлоо комиссиясы дайындайт, аймактык шайлоо комиссиясы өткөрөт.

КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов белгилегендей, 233 айыл өкмөт башчыларын шайлоо быйылкы жылдын сентябрынын биринчи декадасында өткөрүлөт.

Шаарлардын мэр кызматына бош орундар түзүлгөндүгүнө байланыштуу КР Борбордук шайлоо комиссиясы республиканын 17 шаарында шайлоону 2011-жылдын 27-августуна дайындады.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо учурунда керме жазууларын жана календардын тексттери бекитилди. Аталган шайлоо атрибуттары менен Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары камсыздалат.

Жалал-Абад облусунун Ноокен, Ала-Бука, Аксы аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК), Талас облусунун Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын, Бишкек шаарынын Свердлов аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизилди.

Өзгөртүүлөр АШКлардын мүчөлөрүнүн арыздарынын жана Тоң району боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлүнүн баяндама катынын негизинде киргизилди.

 

 

КР Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>