Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдери бекитилди
30 апреля 2015
2015-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен айрым аймактык шайлоо комиссиялардын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү” чечимдери бекитилди.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр жана төш белгилер берилет.
БШКнын маалымат кызматы
