Айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо дайындалды
16 апреля 2015
2015-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумунда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Васильевка, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң, Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой, Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды. Шайлоо 2015-жылдын 4-майында саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Аталган айыл өкмөттөрдүн башчылары ээлеген кызматтарынан өздөрүнүн арыздарынын негизинде бошотулган.
БШКнын басма сөз кызматы
