Оро айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди

16 апреля 2015

Бүгүн, 2015-жылдын 16-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 8-апрелинде өткөрүлгөн Оро айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти.

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Сурапов Элеман Эргешович табылды. Шайланган башчыга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.

 

БШКнын басма сөз кызматы