КР БШКнын 2026-жылдын 14-августундагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
13 августа 2026
Өткөрүлүүчү жери: Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 50
3-кабат, жыйындар залы
Өткөрүү убактысы: саат 11:00дө
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентин бекитүү жөнүндө” токтом долбоору
Баяндамачы: Конутаев А.Б. - укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору
Баяндамачы: Алмазбеков Э.А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Бишкек, Кемин, Москва, Нарын, Талас шаардык, Сузак, Ноокат жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору
Баяндамачы: Манасбеков Р.М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору
Баяндамачы: Алмазбеков Э.А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы
5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагындагы № 5397 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө” токтом долбоору
Баяндамачы: Алмазбеков Э.А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы
6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Ысык-Көл облусунун Түп районундагы №3056, 3057, 3059, 3083 шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү жөнүндө” токтом долбоору
Баяндамачы: Алмазбеков Э.А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы
