Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери бекитилди
29 декабря 2014
Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү чечимдерин бекитүү боюнча токтом кабыл алды.
Жергиликтүү кеңештердин отрумдарында кабыл алынган токтомдорго ылайык, жергиликтүү кеӊештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Ушул чечимдердин негизинде аймактык шайлоо комиссиялар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
Шайланган жергиликтүү кеӊештердин депутаттарына тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар тарабынан белгиленген үлгүдөгү депутаттык күбөлүктөр жана төш белгилер берилет.
КР БШКнын басма-сөз кызматы
