КР БШК № 10 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
07 декабря 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 10 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
№ 10 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Зулушев Курманкул Токторалыевич – 14 688 добуш (23,50%);
- Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич – 7 637 добуш (2,49%);
- Баатырова Гүлнара Маришовна – 3 506 добуш (5,61%).
Шайлоону уюштуруу үчүн № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча 106 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 136 685 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 63 137 шайлоочу катышкан, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 46,19% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 52 275 шайлоочу добуш берди, шайлоо участокторунда добуш берүүчү шайлоочулардын тизмедерине киргизилгендердин 38,24% түздү. 10 862 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 7,95% түздү.
№ 10 шайлоо округу боюнча шайлоодо КР БШКсы 16 талапкерди каттады, шайлоодо 16 талапкер катышты.
№ 10 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 10 шайлоо округу боюнча шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Кадырбек кызы Нуркыз – 3 202 добуш (5,12%);
2. Эсенбай уулу Талантбек – 2 976 добуш (4,76%);
3. Шалтакова Гулбу Чаловна – 789 добуш (1,26%);
4. Ормонов Улугбек Зулпукарович – 6 735 (10,78%);
5. Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич – 7 637 добуш (12,22%);
6. Касымова Нурзида Абабакировна – 403 добуш (0,64%);
7. Аттокуров Азрет Али Акылбекович – 4 288 добуш (6,86%);
8. Дыйканбаев Болотбек Жусупович – 4 911 добуш (7,86%);
9. Нарматова Орозайым Көчкөнбаевна – 1 582 добуш (2,53%);
10. Саматов Жыргалбек Алимбаевич – 1 188 добуш (1,90%);
11. Кыдыршаев Дамирбек Эрмекбаевич – 1 093 добуш (1,75%);
12. Зулушев Курманкул Токторалыевич – 14 688 добуш (23,50%);
13. Карашев Аалы Азимович – 3 663 добуш (5,86%);
14. Бакиров Артур Жылдызбекович – 628 добуш (1,00%);
15. Баатырова Гүлнара Маришовна – 3 506 добуш (5,61%);
16. Эркебаев Шүкүрбек Мамазакирович – 4 930 добуш (7,89%);
17. “Баарына каршы” добуш берген шайлоочулар – 284 добуш (0,45%).
№ 10 шайлоо округу шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 13 арыз жана даттануу келип түштү. Келип түшкөн бардык арыздар (даттануулар) каралды жана ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынып, жазуу жүзүндөгү жооптор берилди. Кабыл алынган чечимдер даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди.
КР БШКсы № 10 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, ички иштер органдарынын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар жөнүндөгү арыздар (даттануулар) жана билдирүүлөр боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарын эске алып, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Зулушев Курманкул Токторалыевич, Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич жана Баатырова Гүлнара Маришовна таанылды.


