ТҮРКПА байкоо миссиясы: Кыргызстандагы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо атаандаштыкта жана ачык-айкын шартта өттү
01 декабря 2025
«Кыргыз Республикасындагы мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоо атаандаштыкта жана ачык-айкын шартта өттү», - деп билдирди бүгүн, 1-декабрда, Кыргыз Республикасында мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоого байкоо салган Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясынын (ТҮРКПА) байкоо миссиясы.
Миссия шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маанилүүлүгүн белгилеп, укуктук база демократиялык шайлоолорду өткөрүүгө зарыл шарттарды камсыздай турганын баса белгиледи. Билдирүүдө ошондой эле гендердик квота өлкөнүн саясий жашоосуна аялдардын катышуусуна өбөлгө түзөрү айтылды.
Ошону менен бирге ТҮРКПА байкоо миссиясы шайлоону даярдоодогу шайлоо органдарынын натыйжалуу жана кесипкөй ишин жогору баалады.
Миссия аралыктан добуш берүү системасын колдонууга да оң баа берди, бул жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоого жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жардам берет, деди.
ТҮРКПА миссиясы эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн түзүлгөн укуктук жана уюштуруучулук шарттар үчүн ыраазычылык билдирди.
Төмөндө Кыргыз Республикасындагы мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоого байкоо салган ТҮРКПА миссиясынын билдирүүсүнүн толук тексти:
«Кыргыз Республикасындагы Жогорку Кеңешинин (Парламенттин) чакыруусу менен Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясынын (ТҮРКПА) Эл аралык шайлоо байкоо миссиясы (мындан ары — Миссия) 2025-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасында өткөн мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоолорго кыска мөөнөттүү байкоо жүргүздү.
Миссиянын курамына Азербайжан, Казакстан жана Түркия парламенттеринин депутаттары, Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү, ТҮРКПАнын Эл аралык катчылыгынын кызматкерлери жана Түркиядан келген парламенттик кызматкерлер кирди.
Кыргыз Республикасындагы парламенттик шайлоолор Конституция, «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосу жөнүндө» Конституциялык мыйзам, «Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Конституциялык мыйзам, «Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзам, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) нормативдик актылары менен жөнгө салынат. Кыргыз Республикасы демократиялык шайлоолорду өткөрүү боюнча негизги эл аралык жана регионалдык документтердин катышуучусу болуп саналат.
Мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоо, шайлоо мыйзамындагы өзгөртүүлөрдүн алкагында өткөрүлдү. 2025-жылдагы өзгөртүүлөр шайлоо системасынын көптөгөн аспектилерин, анын ичинде шайлоо моделин, округдарды түзүүнү, гендердик квотаны, талапкерлерге болгон талаптарды жана мандаттарды бөлүштүрүү тартибин камтыды.
Аралаш шайлоо системасы мажоритардык система менен алмаштырылды.
Жаңы модель боюнча Жогорку Кеңештин 90 депутаты 30 көп мандаттуу округдан шайланат. БШК шайлоо округдарынын чек арасын түзүп, бекитти. Ар бир округда эң көп добуш алган үч талапкер шайланган деп табылат. Ошол эле учурда бир округда бир жыныстагы өкүлдөргө экиден ашык мандат берилбейт. Гендердик жактан азчылыкты түзгөн тарапка 30 мандат резервделет.
Шайлоочуларга «Баарына каршы» добуш берүүгө да мүмкүнчүлүк бар.
Мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоо БШК, 30 округдук шайлоо комиссиясы (ОШК) жана 2 492 участкалык шайлоо комиссиясы (УШК) тарабынан өткөрүлдү. Чет мамлекеттерде добуш берүү 34 өлкөдөгү 100 шайлоо участогунда уюштурулду.
БШК шайлоолорду жана референдумдарды жалпы даярдоо жана өткөрүү үчүн, ошондой эле төмөнкү инстанциядагы комиссиялардын ишин ыкчам-методикалык камсыздоо үчүн жооптуу.
БШК шайлоо процессинин катышуучулары үчүн окууларды өткөрүп, шайлоочуларды маалымдоо боюнча иш-чараларды уюштурду.
Бул шайлоодо добуш берүүнүн жаңы жабдыгы колдонулуп, анда төмөнкү көпчүлүк процедуралар бириктирилген: шайлоочуну манжа издери жана бетти сканерлөө аркылуу идентификациялоо, добуш берүүнүн кайталанышына жол бербөө үчүн катышууну каттоо жана бюллетендерди басып чыгаруу.
Ошондой эле шайлоочуларга өз округунан тышкары каалаган участокто добуш берүүгө мүмкүндүк берген аралыктан добуш берүү опциясы жеткиликтүү болду. Өлкө ичиндеги жана чет өлкөдөгү бардык шайлоо жабдыктары шайлоочулар катталган округдун бюллетенин, алардын добуш берген жерине карабастан, басып чыгарууга алдын ала программаланган. Мыйзамга ылайык, алыстан добуш берүүнү колдонуу тууралуу чечим шайлоо дайындоо учурунда кабыл алынат; мындай чечимге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 30-сентябрында кол койгон.
Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандарынан сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылгандар жана соттун өкүмү боюнча жаза өтөп жаткандардан тышкары бардык адамдар добуш берүүгө укуктуу. Шайлоочуларды каттоо пассивдүү мүнөздө болуп, Бирдиктүү мамлекеттик калк реестринин негизинде жүргүзүлөт. Шайлоочулар маалыматтарды шайлоого 15 календардык күн калганда оңдоо тууралуу кайрыла алышат.
БШКнын маалыматына ылайык, мөөнөтүнөн мурдагы шайлоого 4 294 243 жаран шайлоочулардын тизмесине киргизилген.
Шайланууга укуктуу болуу үчүн талапкерлер 25 жаштан кем эмес, жогорку билимдүү, мамлекеттик тилди билген жана талапкерлиги коюлганга чейинки кеминде 5 жыл өлкөдө туруктуу жашаган болушу керек. Мыйзам боюнча кызматтык, илимий, өндүрүштүк жана башка себептер менен жылына алты айга чейин өлкөнүн сыртында болууга уруксат берилет.
Конституцияга ылайык, кош жарандуулугу бар адамдар саясий жана атайын мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө укуксуз. Мындан тышкары соттуулугу бар (анын ичинде алынган же соттулугу мыйзам менен жок кылынган), ошондой эле айрым өзгөчө учурларды кошпогондо актанууга жатпаган негиздер менен кылмыш иши токтотулган адамдар, жана диний ишмердүүлүгүн токтоткондон кийин беш жыл ичинде диний ишмерлер депутаттыкка талапкер боло албайт.
Катталган саясий партиялар же жарандар талапкерлерди өз алдынча көрсөтө алышат. Бир талапкер бир гана округдан көрсөтүлө алат. Партиялар ар бир округдан бирден талапкер көрсөтө алышат, анын ичинде партия мүчөсү эмес адамдарды да көрсөткөнгө укуктуу. Партиялар гендердик пропорцияны сактоого милдеттүү: бир жыныстын талапкерлеринин үлүшү 70%дан ашпоого тийиш.
БШКнын маалыматына ылайык, шайлоого 460 талапкер катышкан.
Мөөнөтүнөн мурдагы шайлоолордо үгүт кампаниясы кыскараак болгонуна байланыштуу үгүт 10-ноябрда башталып, 29-ноябрда саат 08:00дө аяктады.
Үгүт массалык маалымат каражаттары аркылуу, концерттерден, театралдык жана спорттук иш-чаралардан тышкары, коомдук иш-чараларды (митингдерди, жолугушууларды, дебаттарды ж.б.) уюштуруу аркылуу, басма, аудио жана видео материалдарды таратуу аркылуу, ошондой эле мыйзам тыюу салбаган башка ыкмалар аркылуу жүргүзүлөт. Талапкерлерге жана партияларга ММКга тең укуктуу жеткиликтүүлүк кепилденет.
Мыйзамда талапкерлердин, коммерциялык эмес уюмдардын жана эл аралык байкоочулардын байкоосу каралган. Талапкерлер ар бир УШКда экиден көп эмес байкоочуну, коммерциялык эмес уюмдар үчтөн көп эмес байкоочуну аккредитациялай алышат; ошол эле учурда ар бир топтон бир гана өкүл бир эле учурда байкоо жүргүзө алат. БШКнын маалыматына ылайык, мөөнөтүнөн мурдагы шайлоого 778 эл аралык байкоочу аккредитацияланган.
Байкоо программасынын алкагында Миссия БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен жолугушууларды өткөрүп, шайлоолорго даярдыктын негизги аспектилери боюнча маалымат алды.
Добуш берүү күнү участкалар 08:00дөн 20:00гө чейин иштеди. Миссия Бишкек, Ош жана Өзгөн шаарларындагы бир катар участкаларды кыдырып, участоктордун ачылышынан баштап добуштарды саноого чейин көзөмөл жүргүздү. Шайлоо күнү жогорку деңгээлде уюштурулган. Миссия участкалардын ишин оң баалап, процессти уюшкандыкта жана профессионалдуу деп мүнөздөдү.
Миссия мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоо атаандаштыкта жана ачык-айкын шартта өткөнүн белгилейт.
Миссия шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, укуктук база демократиялык шайлоолорду өткөрүүгө зарыл шарттарды камсыз кыларын белгилейт.
Миссия гендердик квота өлкөнүн саясий турмушуна аялдардын катышуусуна өбөлгө түзөрүн белгилейт.
Миссия шайлоо органдарынын шайлоолорду даярдоодогу натыйжалуу жана кесипкөй ишин жогору баалайт.
Миссия добуш берүүнүн жаңы жабдыгын жана аралыктан добуш берүүнү колдонуу шайлоочулардын укуктарын камсыздоого жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөрүн белгилейт.
Миссия эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн түзүлгөн укуктук жана уюштуруучулук шарттар үчүн ыраазычылык билдирет.
Өзүнүн ишинде Миссия ТҮРКПАнын «Шайлоолорго байкоо жүргүзүү жөнүндө» Регламентине жана эл аралык документтерге ылайык, бейтараптуулук, объективдүүлүк, көзкарандысыздык, ачык-айкындык жана шайлоо процесстерине кийлигишпөө принциптерин карманды.
Миссия Кыргыз Республикасында 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоолор улуттук мыйзамдарга жана эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өткөрүлгөн деген тыянакка келди».
