Башкы Жаңылыктар Үгүт шарттарын бузган 10 талапкерге, эки жаранга жана …

Үгүт шарттарын бузган 10 талапкерге, эки жаранга жана бир юридикалык тараптын өкүлүнө айып пул салынды

29-Ноя, 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 29-ноябрда, үгүт шарттарын бузган талапкерлер, жаран жана юридикалык тараптар тууралуу маселени карап, аларга айып пул салды.

Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун  социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүсунүн натыйжасында Facebook социалдык тармагындагы “Бакир Уулу” аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фотоматериалдарга ылайык № 7 шайлоо округунан  талапкер Бакир уулу Турсунбай үчүн жайылтылып жаткан маалымат үгүт шарттарын буза тургандыгы аныкталган. Талапкер Т.Бакир уулу шайлоочулар менен жолугушуу учурунда диний кастыкты пропагандалоону, ошондой эле диний тематикага түздөн-түз жана кыйыр түрдө алынган сөздөрдү жайылтып, шайлоо мыйзамдарынын талаптарын бузган.

Facebook социалдык тармагындагы “Махмуд Абдубалиев” аттуу колдонуучунун баракчасында  жарыяланган фотоматериалдарга ылайык № 10 шайлоо округунан талапкер Болотбек Дыйканбаев үчүн жайылтылып жаткан маалымат үгүт шарттарын буза тургандыгы аныкталган. Талапкер Б.Дыйканбаев шайлоочулар менен жолугушуу учурунда материалдык баалуулуктарды жайылткан, муну менен шайлоо дайындалган кезден тартып шайлоочулардын добуштарын сатып алууга,  акча каражаттарын төлөп берүүгө, белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга тыюу салынат деген мыйзам талабын бузган.

“Whatsapp” мессенджеринде таратылган фотоматериалдарга ылайык № 2 шайлоо округунан  талапкер Бактыяр Калпаев тарабынан шайлоо алдындагы үгүт шарттары бузулгандыгы,  тактап айтканда, жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясынын таянычында талапкердин үгүт баннерлери илингендиги аныкталган.

“Facebook” социалдык тармагындагы “Arapbai Toksobaev” аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видеоматериалдарга ылайык № 6 шайлоо округунан талапкер Алтынбек Кудайбердиев кесиптик ишмердүүлүгү же өзүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткаруусу менен байланышкан маалымат таратып, үгүт шарттарын бузган.

“Whatsapp” мессенджеринде таратылган фотоматериалдарга ылайык № 2 шайлоо округунан талапкер Абдисатар Садыков тарабынан шайлоо алдындагы үгүт шарттары бузулгандыгы,  тактап айтканда, жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясынын таянычында талапкердин үгүт баннерлери илингендиги аныкталган.

“Facebook” социалдык тармагындагы “Zarema Murzazhigit Kyzy” аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фотоматериалдарга ылайык № 5 шайлоо округунан талапкер Эльдар Сулайманов үгүт шарттарын бузган маалымат тараткандыгы аныкталган. Талапкер Э.Сулайманов ушул эле округдан талапкер Мурзажигит кызы Заремага шайлоочулардын терс мамилесин жаратууга өбөлгө түзгөн үгүт материалдарын даярдап, тараткан. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкер мындай үгүт материалдарын колдонууга укугу жок. 

         “Instagram” социалдык тармагындагы "sultanov_kanybek_sultanovich" аттуу колдонуучунун баракчасында № 27 шайлоо округунан  талапкер Каныбек Султановдун кайрымдуулук иштери менен алектенген үгүт видеосу таратылган. Мыйзам талапкерге кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө тыюу салат.

“Whatsapp” мессенджеринде таратылган фотоматериалдарга ылайык № 2 шайлоо округунан талапкер Бегали Төлөмүшов тарабынан шайлоо алдындагы үгүт шарттары бузулгандыгы,  тактап айтканда, жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясынын таянычында талапкердин үгүт баннерлери илингендиги аныкталган.

“Whatsapp” мессенджеринде таратылган фотоматериалдарга ылайык № 10 шайлоо округунан  талапкер Гулбу Шалтакова тарабынан үгүт шарттары бузулгандыгы,  тактап айтканда, жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясынын таянычында талапкердин үгүт баннерлери илингендиги аныкталган.

“Whatsapp” мессенджеринде таратылган фотоматериалдарга ылайык № 24 шайлоо округунан  талапкер Карыбек уулу Улукбек тарабынан шайлоо алдындагы үгүт шарттары бузулгандыгы, тактап айтканда, кооптуу жана зыяндуу өндүрүштөрү бар курулмаларда жана аларга тиешелүү аймактарда, объектилерде талапкердин үгүт баннерлери илингендиги аныкталды, буга шайлоо мыйзамдары жол бербейт.

Жумушчу топ жогоруда аты аталган талапкерлерге карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.

КР БШКга А.Ясыров аттуу жаран Арса Харсан аттуу жарандын үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу арыз менен кайрылган.

Арызда №18 шайлоо округунан  талапкер Карима Ханджезанын шайлоочулар менен жолугушуусунда сүйлөгөн Х. Арса улуттук, этникалык жана диний кастыкты пропагандалоо белгилерин камтыган билдирүүлөргө жол бергени көрсөтүлгөн.

Арса Харсандын катышуусунда Жумушчу топтун жыйынында арыз изилденип,  үгүт иштерин жүргүзүүдө улуттук, этникалык, диний кастыкты пропагандалоого тыюу салынат деген шайлоо мыйзамдарынын талаптары бузулган деп жыйынтык чыгарган.

КР БШКга № 30 шайлоо округунан талапкер Улан Бакасовдун  ыйгарым укуктуу өкүлү У. Дербишевден Жаз-Айым Айдекова аттуу жарандын  талапкердин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды камтыган жарыяларды тараткандыгы жөнүндө арыз келип түшкөн. Facebook социалдык тармагындагы “Нарын Лайф” аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видеоматериалдарга ылайык Ж.Айдекова талапкер У.Бакасовдун ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматты таратып жаткандыгы аныкталган. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкердин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген жалган маалыматтарды атайылап жайылткандар  жазык же болбосо башка жоопкерчиликке тартылат.

Жумушчу топ “News.kg” интернет басылмасында жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык, №22 шайлоо округунан  талапкер Эльмир Досалиев үчүн үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын бузган маалымат таратылып жатканы аныктаган (Мыйзамда башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөтү тартылган фото- жана видеоматериалдарды колдонууга тыюу салынат).

 Жумушчу топтун жыйынында талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү Муратбек Нурмаматов «news.kg» ЖЧКсы менен талапкер Э.Досалиевдин ортосунда келишим түзүлгөнүн, ага ылайык  “news.kg” интернет басылмасында талапкердин үгүт материалдары жайгаштырыларын түшүндүрдү.

Жумушчу топ талапкердин ар намысына шек келтиргендиги үчүн жаран Ж. Айдековага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, үгүт шарттарын бузган жаран Арса Харсанга жана “news.kg” ЖЧКсынын өкүлү Алимбек Кадыровго карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну  сунуштаган.

КР БШКсы, Жумушчу топтун сунуштарынын негизинде, шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына айып пул салуу милдетин жүктөдү : 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө талапкерлер Т.Бакир уулуна, Б.Дыйканбаевге, Б.Калпаевге, А.Кудайбердиевге,  А.Садыковго,  Э. Сулаймановго, К. Султановго, Б. Төлөмүшов, Г. Шалтаковага,  У.Карыбек уулуна,  жаран Арса Харсанга, “news.kg” ЖЧКсынын өкүлү А. Кадыровго, 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө – жаран Ж.Айдековага.

КР БШК ошондой эле № 19 шайлоо округунан талапкер Нургүл Усеиновадан  келген арызды карады. Арыз ээси Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Жолдошалы Мусурманкулов административдик ресурсту өзүнүн жакын тууганы, ушул эле округдан талапкер Адылбек Эгембердиевдин  кызыкчылыгына  колдонуп жатканын билдирди. Ошондой эле Москва районунун Комсомол айылында талапкер А.Эгембердиевдин  үгүт материалдары балдардын футбол аянтчасына келишим түзбөстөн илингени маалымдалган.

Бул факт боюнча Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тергөө иштерин жүргүзүп, тараптар суракка чакырылган. Манас айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан административдик ресурстар колдонулгандыгы, ошондой эле үгүт материалдары балдардын футбол аянтчасына келишим түзбөстөн илингени тууралуу маалымат тастыкталган эмес, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алынган.

Жумушчу топтун жыйынына арыз ээси талапкер Н.Усеинова,  талапкер А. Эгембердиевдин  ыйгарым укуктуу өкүлү А.Я. Бит-Аврагим чакырылып, угулду. Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү Бит-Аврагим А.Я. талапкер менен Фрунзе айыл өкмөтүнүн ортосунда талапкердин үгүт материалдарын жайгаштыруу боюнча келишим түзүлгөнүн билдирди.

Талапкер Н.Усеинованын арызында көрсөтүлгөн  фактыларын тастыктаган жетиштүү негиздердин жоктугуна, арыз ээсинин жүйөөлөрүнүн далилденбегендигине байланыштуу Жумушчу топ коюлган талаптарды канааттандыруудан баш тартууну сунуштаган.

Жогорудагы баяндалгандардын дегизинде КР БШКсы № 19 шайлоо округунан  талапкер Усеинова Нургул Эмилькановнанын арызын канааттандыруудан баш тартты.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>