Башкы Жаңылыктар № 19 шайлоо округунан талапкерлер Н.Усеинова жана Э.Баямановдун …

№ 19 шайлоо округунан талапкерлер Н.Усеинова жана Э.Баямановдун жамааттык арызын КР БШКсы канааттандыруудан баш тартты

26-Ноя, 2025

КР БШКга № 19 шайлоо округунан талапкерлер Усеинова Нургул Эмилькановна жана Баяманов Эркинбек Мусалиевичтен жамааттык арыз келип түшкөн.
Арыз ээлери Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Жолдошалы Мусурманкулов өзүнүн жакын тууганы, № 19 шайлоо округунан талапкер Эгембердиев Адылбек Жолдошалиевичтин кызыкчылыгында административдик ресурсту колдонуп жаткандыгын  билдиришкен.
Бул факт боюнча Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп, тараптар суракка чакырылган. 
Манас айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан административдик ресурстар колдонулгандыгы тууралуу маалымат тастыкталган эмес, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алынган.
Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун отурумуна арыз ээси талапкер Н.Усеинова, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү Д.Калыков чакырылган жана угулган.
Жумушчу топтун отурумунда Манас айыл өкмөтүнүн башчысы 
Ж.Мусурманкулов 2025-жылдын октябрь айынан тартып ден соолугуна байланыштуу ооруканада экендиги, 2025-жылдын 17-ноябрында ээлеген кызмат ордунан бошотулгандыгы маалымдалды. 
Манас айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнө ылайык, Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан административдик ресурсту колдонуу фактысы такталган эмес.
Үгүт ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу фактысын тастыктай турган жетиштүү негиздердин жоктугуна байланыштуу Жумушчу топ талапкерлер         Н.Усеинова жана Э.Баямановдун жамааттык арызында баяндалган талаптарды канааттандыруудан баш тартууну сунуштаган.
КР БШКсы жыйында тараптардын пикирлерин кошумча угуп, Жумушчу топтун сунушун эске алып, № 19 шайлоо округунан талапкерлер Н.Усеинова жана Э.Баямановдун жамааттык арызын канааттандыруудан баш тартты.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 12-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
12-Ноя, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 12-ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 503-кабат, жыйындар залы          Өткөрүү убактысы:  Саат 18:00        1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                              Баяндамачы: Алмазбеков Э. А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы   2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Чүй, Базар-Коргон, Ала-Бука жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Адылов Бакытбек Адыловичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу              
Кененирээк билүү >>
Мамбетжунус Абылов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
12-Ноя, 2026

Мамбетжунус Абылов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 12-ноябрда, Абылов Мамбетжунус Абылович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылуу бүгүн 2026-жылдын 12-ноябрында, саат 24:00дө аяктайт.
Кененирээк билүү >>
Айба Амур КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Айба Амур КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Амур Айба Медер Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Бакытбек Адылов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды
11-Ноя, 2026

Бакытбек Адылов КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Адылов Бакытбек Адылович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>