Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер шайлоочуларды өз программалары менен тааныштырууда

15 ноября 2025

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер өлкө аймактарында шайлоочулар менен жолугушуларды өткөрүп, өз программалары менен тааныштырууда.

Жолугушууларда  программаларды талкуулоо менен бирге, аймактарды өнүктүрүү багытындагы мыйзам демилгелери боюнча суроо-жооп форматында ой-пикир алмашуу болууда.

Жолугушууларды «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте алдын ала бекитилген графикке ылайык уюштурушууда. Мында бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүү – негизги талап.

Талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары 2025-жылдын 10-ноябрынан 26-ноябрына чейин уланат.

2025-жылдын 14-15-ноябында жолугушуулар төмөнкү шаар, айылдарда өткөрүлдү:

Баткен облусу боюнча – Лейлек районунун Кен-Талаа, Ак-Суу жана Сумбула айыл өкмөтү;

Ош облусу боюнча – Ноокат районунун Төөлөс айыл өкмөтү, Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтү, Ош шаары (№ 2, № 3, Курманжан Датка муниципалдык аймактык башкармалыгы), Алай районунун Тилектеш, Курманжан Датка, Жаңы-Алай жана Гүлчө айыл өкмөтү, Кара-Суу районунун Ынтымак, Савай, Ала-Тоо жана Манас айыл өкмөтү, Өзгөн районунун Ийри-Суу, Жазы айыл өкмөтү, Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл өкмөтү;

Жалал-Абад облусу боюнча – Сузак районунун Багыш айыл өкмөтү, Токтогул районунун Сары-Камыш, Толук айыл өкмөтү, Аксы районунун Ак-Жол, Кара-Камыш жана Сары-Челек айыл өкмөтү, Ноокен районунун Д.Садырбаев, Э.Алиев айыл өкмөтү;

Талас облусу боюнча – Айтматов районунун Аманбаев, Шекер айыл өкмөтү, Талас районунун Шумкар-Уя, Каракол айыл өкмөтү; Манас районунун Семетей, Үч-Коргон жана Кыргызстан айыл өкмөтү;

Чүй облусу боюнча - Сокулук районунун Сокулук, Сары-Өзөн, Төмөнкү-Чүй, Жаңы-Жер, Кайназарова жана Шопоков айыл өкмөтү, Ысык-Ата районунун Сын-Таш, Нурманбет, Узун-Кыр жана Жайылма айыл өкмөтү, Чүй районунун Токмок шаары жана Чүй, Биримдик, Онбир-Жылга айыл өкмөтү;

Ысык-Көл облусу боюнча – Түп районунун Түп, Карасаев айыл өкмөтү;

Нарын облусу боюнча – Кочкор районунун Чолпон, Кара-Суу жана Сары-Булак айыл өкмөтү, Нарын районунун Миӊ-Булак, Э.Дайракунов, Жан-Булак жана Эмгек-Талаа айыл өкмөтү;

Бишкек шаарынын Ленин, Октябрь, Свердлов райондору, МТУ-106, МТУ-103.