Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына 2025-жылдын 12-ноябрында № 3 шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдрахманов Азамат Абдилазизович шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыз менен кайрылган.
КР БШКсы бүгүн, 13-ноябрда талапкер А.Абдрахмановдун арызын карап, анын каттоосун жокко чыгарды.