Башкы Жаңылыктар КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу …

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

01-Ноя, 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 1-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:

-№24 шайлоо округу боюнча талапкер Токторбаева Кыял Айтбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча К.А. Атамбаев жана каржы боюнча Ч.Г. Эрматова;

-№1 шайлоо округу боюнча талапкер Тагаев Мирлан Конуровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча М.А. Шерматов жана каржы боюнча Ж.Т. Мырзаева;

-№21 шайлоо округу боюнча талапкер Байзаков Ильяс Касымбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча А.А. Догдурбекова;

-№24 шайлоо округу боюнча талапкер Шарапова Жибек Закировнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо бобнча Ы. Шайлообек уулу жана каржы боюнча Т.Б. Валиева;

-№27 шайлоо округу боюнча талапкер Муратбеков Табылды Муратбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Т.Ж. Алымбеков жана каржы боюнча Р.Т. Тумарбеков;

-№6 шайлоо округу боюнча талапкер Кошматова Айгуль Абдыганиевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Д.Б. Искендеров жана каржы боюнча Э.И. Мирзаева;

-№12 шайлоо округу боюнча талапкер Темирова Танзиля Рустамовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча А.К. Коңурбаева;

-№28 шайлоо округу боюнча талапкер Ибраев Саматбек Кулукеевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Э.А. Бектенов;

-№6 шайлоо округу боюнча талапкер Садыкова Венера Нажимидиновнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Л.А. Аданова жана каржы боюнча А.А. Кудайназарова;

-№20 шайлоо округу боюнча талапкер Кулмамбетова Гүлжан Тагайболотовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.А. Долотбеков жана каржы боюнча Б.-А. Темирбек;

-№29 шайлоо округу боюнча талапкер Ибраев Талантбек Жекшеновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча А.З. Султакеев;

-№19 шайлоо округу боюнча талапкер Омурзаков Аманбай Токторовичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча А.К. Жортбеков;

-№27 шайлоо округу боюнча талапкер Кожобаева Жылдыз Баракбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Р.С. Ибрагимов;

-№4 шайлоо округу боюнча талапкер Абдивалиев Артыкбай Турабидиновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча М. Артыкбай кызы;

-№12 шайлоо округу боюнча талапкер Камбарова Гулмира Бекеновнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Т.Б. Икрамов;

-№22 шайлоо округу боюнча талапкер Мусуралиев Туратбек Абдиларисовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Б.Э. Казатов жана каржы боюнча Ж. Туратбек кызы;

-№16 шайлоо округу боюнча талапкер Капалов Адылбек Эшимбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Ы.А. Субанбеков;

-№4 шайлоо округу боюнча талапкер Илязбаев Нурбек Илязбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Р.И. Илязбаев;

-№ 25 шайлоо округу боюнча талапкер Солтонбекова Ализа Карыпбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Э.А. Адылова жана каржы боюнча Ж.Ж. Бообекова;

-№ 6 шайлоо округу боюнча талапкер Исмаилов Эрматбек Бакировичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча А.О. Калматов;

-№ 18 шайлоо округу боюнча талапкер Мамбеталиев Алтынбек Джумабаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Т.А.Кынатов;

-№ 25 шайлоо округу боюнча талапкер Молдокулова Гүлзар Кумаровнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Б.К. Молдокулов;

-№ 24 шайлоо округу боюнча талапкер Молдалиева Шарийпа Токтомаматованын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Э.А. Рамазанова жана каржы боюнча Ж.К. Осмонова;

-№ 21 шайлоо округу боюнча талапкер Арбышев Бейшен Тургунбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Т.Дж. Арыков жана каржы боюнча З.А.Калназарова;

-№ 21 шайлоо округу боюнча талапкер Супатаев Мунарбек Абдукадыровичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча С.Т. Алсеитов;

-№ 9 шайлоо округу боюнча талапкер Нурунбетов Сыймыкбек Балтахуновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Э.Ж. Нурунбетов.

Ошондой эле № 6 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Кудайбердиев Алтынбек Мусажановичтин ыйгарым укуктуу өкүлү боюнча чечим кабыл алынды: шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Х.Б. Мамытовдун каттоосу жокко чыгарылып, анын ордуна А.А. Адамбаев шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталды.

Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>