Башкы Жаңылыктар КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу …

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

30-Окт, 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 30-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
-№ 25 шайлоо округу боюнча талапкер Кулмамбетов Бакытбек Чолпонбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Б.Ш. Аджибекова;
-№ 23 шайлоо округу боюнча талапкер Карыпбеков Илим Майрамбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча И.М. Эргешов;
-№ 20 шайлоо округу боюнча талапкер Байтемирова Гуляим Кудайбердиевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча С.К. Байтемиров жана каржы боюнча Б.К. Байтемирова;
-№ 15 шайлоо округу боюнча талапкер Мамыралиев Бектемир Кудайбердиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.А. Шеременов жана каржы боюнча Н. Токтоналы уулу;
-№ 9 шайлоо округу боюнча талапкер Акаев Кылычбек Муталиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н. Санжар уулу жана каржы боюнча А.Ч. Мырзалиева;
-№ 24 шайлоо округу боюнча талапкер Кульмамбетова Алтынай Болотовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Г.М. Кубатова;
-№ 18 шайлоо округу боюнча талапкер Сартпаев Эдик Омурзаковичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча М.К. Кубанычбекова;
-№ 28 шайлоо округу боюнча талапкер Жолдошбеков Эралы Жолдошбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н.Д. Жокунов жана каржы боюнча А.Т. Джапарова;
-№ 12 шайлоо округу боюнча талапкер Жайчиев Эмиль Аканбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча К.К. Каныбеков жана каржы боюнча З.А. Актилекова;
-№ 26 шайлоо округу боюнча талапкер Айтимбетова Айсулуу Курманбаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Э.А. Кенжетаева жана каржы боюнча С.К. Койчуманова;
-№ 22 шайлоо округу боюнча талапкер Абдрахманов Кубанычбек Ишенкадыровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча В.А. Куценко жана каржы боюнча А.К. Джунушалиева;
-№ 16 шайлоо округу боюнча талапкер Капалов Адылбек Эшимбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Х.И. Каландаров;
-№ 14 шайлоо округу боюнча талапкер Мамасадыков Замирбек Дуйшалыевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча А.Б. Айтматов;
-№ 10 шайлоо округу боюнча талапкер Саматов Жыргалбек Алимбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.Н. Арапбаев жана каржы боюнча А.О. Султанов;
-№ 25 шайлоо округу боюнча талапкер Жумалиева Жылдызкан Зайнидиновнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча С.Т. Кожоназаров жана каржы боюнча И.А. Асакеев;
-№ 22 шайлоо округу боюнча талапкер Узакова Аида Орозалиевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча У.Б. Исаков жана каржы боюнча Э.Т. Нурбеков;
-№ 17 шайлоо округу боюнча талапкер Чыныбаева Айжан Адамкалиевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.Б. Алымкулов жана каржы боюнча Д.А. Байджанова;
-№ 3 шайлоо округу боюнча талапкер Оргалча Токтобубунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н.Р. Токоева жана каржы боюнча Ж.Э. Чегирбаева;
-№ 7 шайлоо округу боюнча талапкер Бакир уулу Турсунбайдын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Б.Т. Мойдунов жана каржы боюнча М.Б. Эргешова;
-№ 8 шайлоо округу боюнча талапкер Киргизова Раиса Ашиновнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Б.З. Келдибекова жана каржы боюнча Э.Э. Таланова;
-№ 28 шайлоо округу боюнча талапкер Жунушалиева Мээрим Кубанычбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А. Камчыбек уулу жана каржы боюнча М.А. Байчубакова;
-№ 5 шайлоо округу боюнча талапкер Камилова Дилбар Зулпуевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: Н.Р. Султанова жана каржы боюнча У.З. Камилов;
-№ 5 шайлоо округу боюнча талапкер Султанова Салима Эргешовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Г.Э. Султанова;
-№ 27 шайлоо округу талапкер Таалайбеков Тагир Таалайбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.Абдувалиева жана каржы боюнча К.А. Абдувалиева;
-№ 19 шайлоо округу боюнча талапкер Кыдыров Акай Имаралиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча И.Н. Кыдыров жана каржы боюнча А.Н. Нурланбекова;
-№ 28 шайлоо округу боюнча талапкер Оморова Айнур Самыйбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Ж.Т. Абдыраев жана каржы боюнча Н.Р. Шергазиева;
-№ 12 шайлоо округу боюнча талапкер Кайыпов Сулайман Турдуевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча А.Т. Кайыпов.
Ошондой эле № 19 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Куламбаев Ниязбек Бекжановичтин ыйгарым укуктуу өкүлү боюнча чечим кабыл алынды: каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.З.Джоробекованын каттоосу жокко чыгарылып, анын ордуна Э.А.Сарыбаев каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталды.
Мындан тышкары № 3 шайлоо округунан талапкер Алибеков Шерахмад Халиловичтин ыйгарым укуктуу өкүлү боюнча чечим кабыл алынды: шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Койчубай уулу Абдусаматтын каттоосу жокко чыгарылып, анын ордуна Н.Дж.Нишанов шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталды.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>