Башкы Жаңылыктар БШК жана банктар шайлоо мезгилинде мобилдик тиркемелерди жана …

БШК жана банктар шайлоо мезгилинде мобилдик тиркемелерди жана электрондук төлөм системаларын колдонуу маселесин талкуулашты

13-Авг, 2025

2025-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйындар залында “Элдик Банк” ААК жана “Айыл Банк” ААК өкүлдөрү менен жыйын болуп өттү.

Жыйынга КР БШК төрагасынын орун басары Айдана Жупуева, БШК мүчөсү Бахадыр Конуров, БШКнын аппарат кызматкерлери жана банк мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Жыйындын катышуучуларына Бахадыр Конуров шайлоону каржылоонун ачык-айкындыгын камсыз кылуу маселелеринде БШК менен банк секторунун конструктивдүү өз ара аракеттенүүсү маанилүү экенин белгиледи.

Талкууда мыйзам талаптарынын алкагында талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарын которуу үчүн банктык мобилдик тиркемелерин жана башка электрондук төлөм кызматтарын колдонуу, ошондой эле алардын добуштарды сатып алуу үчүн пайдаланылышына жол бербөө маселелери талкууланды.

Ошону менен бирге 2025-жылдын 9-июнунда күчүнө кирген “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө өзгөчө көңүл бурулду. Бул өзгөртүүлөр жарандарга шайлоо фонддоруна «Элдик Банк» сунуштаган ELDIK жана «Айыл Банк» сунуштаган АБанк мобилдик тиркемелери аркылуу каражат которууга мүмкүнчүлүк берет.

Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:

  • мобилдик тиркемелер жана банктар аралык каналдар аркылуу каражат которууда ыктыярдуу кайрымдуулуктардын өздүгүн аныктоо механизмдери;
  • анонимдүү же ким тарабынан жөнөтүлгөнү белгисиз каражаттардын келип түшүү тобокелчилиги;
  • милдеттүү маалыматтар жок болсо, которууларды бөгөттөө боюнча техникалык чечимдер;
  • талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддоруна түшкөн жана сарпталган каражаттардын чегин көзөмөлдөө;
  • шайлоо алдындагы мезгилде шектүү жапырт которууларды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрү;
  • укук колдонуунун практикалык маселелери, анын ичинде атайын эсептерди ачуу жана жабуу мөөнөттөрү, төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификатору (ТЖМК) коддорунун тууралыгы жана мамлекеттик органдар менен маалымат алмашуулар.

КР БШК “Каржылык ачыктык” автоматташтырылган маалыматтык тутуму талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине түшкөн каражаттар жана чыгашалар тууралуу маалыматты онлайн режимде жарыялап жатканын, бул 2020-жылы башталган “Түндүк” системасы аркылуу маалымат алмашуунун жана банктар менен кызматташуунун аркасында мүмкүн болгонун баса белгиледи.

Жыйындын соңунда тараптар шайлоо каржылоосунун ачыктыгын камсыздоого багытталган процедураларды жана инструменттерди мындан ары да биргеликте өркүндөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады
13-Ноя, 2026

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктады. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, президенттик шайлоого катышууга 11 адам талапкерлигин койду.Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап 2026-жылдын 8-декабрына чейин созулат. Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш.Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-декабрына чейин уланат. Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жетишпеген документтерди белгиленген тартипте тапшыра алышат.Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин жүргүзүлөт.Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
12-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Адылов Бакытбек Адыловичтин жана Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.Адылов Бакытбек Адыловичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Исматуллаев Эркин Эргашходжаевич.Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Джурабаева Гульнар Курашбековна, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Суранова Перизаткан Юлдашалиевна.Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
12-Ноя, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Чүй, Базар-Коргон, Ала-Бука жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.• Чүй районунун Бурана айылдык кеңешинин депутаты Сейдекматова Айнура Орозобековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Отунчиева Нурбюбю Абдрахмановнага өткөрүлүп берилди;   • Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттары Мамануров Хасанбай Мамажанович, Юсупов Зайнобидин Абдумухтарович жана Масиров Тилек Алибаевичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Абдуллаев Ахмаджан Закиржанович, Собиржонов Бунёдбек Сотболдиевич жана  Шеркулов Исламбек Батырбековичке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;• Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаты Кулбаева Зулайка Эшматовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ботобекова Гулина Рысбековнага өткөрүлүп берилди;   •Нарын районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин депутаттары Мукамбетов Ишенбек Кадыракунович жана Муратбек уулу Жээнбектин ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Ыманакунов Атабек Турдакуновичке жана Талантбек уулу Арсенге өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
12-Ноя, 2026

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрда “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Орозалиев Кылыч Жанарбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, комиссиянын курамына резервден Джумагулов Каныбек Калыбекович, Зарнаева Назгуль Жакшылыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>