Башкы Жаңылыктар КР БШК Бишкек шаарындагы шайлоо участокторунун жаңы схемаларын …

КР БШК Бишкек шаарындагы шайлоо участокторунун жаңы схемаларын жана чек араларын бекитти

01-Авг, 2025

2025-жылдын 1-августунда КР БШК Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участокторунун жаңы схемаларын жана чек араларын бекитти.

Бул чечим Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын сунуштарынын негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарынын талаптарына ылайык кабыл алынды: «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзам, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзам жана Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген шайлоо округдарынын жана шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө жобо.

Мыйзамга ылайык, шайлоо участоктору 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт жана ар бир участокко, негизинен 3000ден ашпаган шайлоочу туура келиши керек. Бирок, калктын санынын өсүшүнө байланыштуу Бишкек шаарында 66 шайлоо участогунда бул көрсөткүч ашкан.

Шайлоо тутумун оптималдаштыруу максатында, Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:

Бишкек шаарындагы шайлоо участокторунун жалпы саны 268ден 297ге чейин көбөйтүлдү.

102 шайлоо участогунун схемалары жана чек аралары өзгөртүлдү:

Ленин району боюнча  — 41 шайлоо участогу

Октябрь району боюнча — 21 шайлоо участогу

Биринчи май району  боюнча — 22 шайлоо участогу

Свердлов району боюнча — 18 шайлоо участогу

Жалпысынан 29 жаңы шайлоо участогу түзүлдү:

Ленин районунда — 12 участок

Октябрь району — 10 участок

Биринчи май району — 5 участок

Свердлов району — 2 участок

Жаңы схемалар Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана муниципалдык аймактык башкармалыктар менен биргеликте иштелип чыгып, аймактык жактан ыңгайлуулугу жана шайлоочулар үчүн жеткиликтүүлүгү эске алынып түзүлгөн.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо инфраструктурасын өркүндөтүү иштерин улантып, жарандардын шайлоого катышуусуна бирдей мүмкүнчүлүк түзүү жана шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында иштерди улантууда.

Бүгүнкү күндө жалпы 56 аймактык шайлоо комиссиясынын 2493 шайлоо участогунун схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча чечимдери каралды.

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады
13-Ноя, 2026

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктады. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, президенттик шайлоого катышууга 11 адам талапкерлигин койду.Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап 2026-жылдын 8-декабрына чейин созулат. Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш.Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-декабрына чейин уланат. Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жетишпеген документтерди белгиленген тартипте тапшыра алышат.Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин жүргүзүлөт.Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
12-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Адылов Бакытбек Адыловичтин жана Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.Адылов Бакытбек Адыловичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Исматуллаев Эркин Эргашходжаевич.Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Джурабаева Гульнар Курашбековна, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Суранова Перизаткан Юлдашалиевна.Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
12-Ноя, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Чүй, Базар-Коргон, Ала-Бука жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.• Чүй районунун Бурана айылдык кеңешинин депутаты Сейдекматова Айнура Орозобековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Отунчиева Нурбюбю Абдрахмановнага өткөрүлүп берилди;   • Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттары Мамануров Хасанбай Мамажанович, Юсупов Зайнобидин Абдумухтарович жана Масиров Тилек Алибаевичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Абдуллаев Ахмаджан Закиржанович, Собиржонов Бунёдбек Сотболдиевич жана  Шеркулов Исламбек Батырбековичке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;• Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаты Кулбаева Зулайка Эшматовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ботобекова Гулина Рысбековнага өткөрүлүп берилди;   •Нарын районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин депутаттары Мукамбетов Ишенбек Кадыракунович жана Муратбек уулу Жээнбектин ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Ыманакунов Атабек Турдакуновичке жана Талантбек уулу Арсенге өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
12-Ноя, 2026

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрда “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Орозалиев Кылыч Жанарбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, комиссиянын курамына резервден Джумагулов Каныбек Калыбекович, Зарнаева Назгуль Жакшылыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>