Электоралдык кызматташтык жана жаштар саясаты: Кыргызстанда Ысык-Көл форуму аяктады
27 июня 2025
2025-жылдын 27-июнунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан уюштурулган Эл аралык Ысык-Көл Шайлоо форумунун акыркы күнү болуп өттү.
Экинчи күндүн негизги иш чарасында — Шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин жыйыны болуп, анда жаштардын электоралдык саясаты жаатында кызматташтык стратегиялары жана артыкчылыктары талкууланды.
Консультативдик кеңештин төрагасы, Беларуссия Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Игорь Карпенко салтанаттуу сөз сүйлөдү.
Жыйынга Казакстан Республикасынын БШК төрагасы Нурлан Абдиров, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров, Россиянын БШК төрагасы Элла Памфилова, Тажикстандын Шайлоо жана референдумдар боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Бахтиёр Худоерзода, Өзбекстандын БШК төрагасы Зайниддин Низамходжаев жана виртуалдык байланыш аркылуу Армениянын БШК төрагасы Ваагн Овамикян да катышты.
КМШ ПАА Кеңешинин Катчылыгынын жетекчиси – Башкы катчы Дмитрий Аркадьевич Кобицкий, КМШ Аткаруу комитетинин кеңешчиси Марина Владимировна Афонина, КМШ байкоочулар миссиясынын ишин камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Евгений Винцентьевич Козяк, КМШ ПАА Кеңешинин Катчылыгынын жетекчисинин орун басары, МИМРД КМШ ПАА директору Иван Мушкет катышты.
Жыйында Казакстан менен Тажикстанда өткөн шайлоолор боюнча улуттук отчеттор угулду.
Кыргыз Республикасынын БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров жаштардын электоралдык саясаты боюнча доклад жасады. Ал Кыргызстанда жаштар (35 жашка чейинки жарандар) шайлоочулардын 44% түзөрүн белгилеп, алардын саясатка активдүү катышуусун жогорулатуу үчүн атайын чараларды көрүү керектигин айтты.
КМШ мамлекеттериндеги жаштардын электоралдык саясатын жакшыртуу максатында Кыргызстандын БШК төрагасы өлкөлөр арасында биригип, жаштардын мотивациясын, тоскоолдуктарын жана күтүүлөрүн терең изилдөө боюнча биргелешкен изилдөөлөрдү баштоону сунуштады.
Жаштар менен иштөө системалык негизде жүрүшү керектиги баса белгиленди.
Жыйында катышуучулар Эл аралык электоралдык саясат боюнча Консультативдик кеңештин алдында Жаштар саясаты боюнча жумушчу топ түзүү сунушун колдошту жана тиешелүү Жобо кабыл алышты.
Бул кадам, КМШ өлкөлөрүнүн шайлоолорунда жаштардын катышуусун көбөйтүү үчүн кызматташтыкты институционалдаштырууда маанилүү кадам болду.
Шайлоо органдарынын Консультативдик кеңеши «Шайлоочулардын шайлоо жана референдумдар институттарына болгон ишенимин түзүү: Эл аралык байкоочулар уюмдарынын ролу» деген темада тегерек столдун 2025-жылдын 25-ноябрында Санкт-Петербург шаарында өтүүсүнө жардамдашуу тууралуу сунушту колдоду.
Жыйындын аягында Консультативдик кеңештин төрагалык милдети Беларуссиядан Казакстанга өткөрүлдү.
